Алмазбек Aтамбаев шайлоону легитимсиз деп баалады

Президенттикке талапкерлер А.Атамбаев менен Ж.Назаралиев массалык мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоону легитимсиз деп баалашты.

Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында бул сааттарга чейинки добуш берүүлөр ыплас болуп жаткандыктан бул шайлоону ыплас жана мыйзам бузуулар менен ишке ашып жатат деп, участкаларындагы бардык байкоочуларын, ишенимдүү өкүлдөрүн чакырып аларын билдирди.

Бүгүнкү маалымат жыйынында ошондой эле президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев өтүп жаткан президентик шайлоону легитимсиз деп аташты.

Алмазбек Атамбаев шайлоону легитимсиз деп таанууга коомчулукту үндөп, элди бүгүн кечки саат 20:00дө "Форум" ишканасынын алдында боло турган митингге чакырды.

Митингдин экинчи бөлүгү Максим Горький атындагы паркта өтөөрү кабарланууда.

БШКнын төрагасы Дамир Лисовский шайлоо аягына чыга электе эле аны легитимсиз деп атоо негизсиз экенин билдирди.

Оппозициялык талапкерлер мындай ыплас жол менен жасалган шайлоонун негизинде бийликке келген К.Бакиев легитимсиз президент болоорун айтып, мыйзамсыз, адилетсиз шайлоону тааныбоого чакырышты. Оппозиция жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

А. Атамбаев: Ыплас шайлоо - мыйзамсыз