Жазылган, өчүрүлгөн, тытылган үгүт кагаздары

Чүйдүн айрым аймактарында президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин үгүт плакаттарын айрып, тытып кетип жаткандыктан аймактагы штаб башчылары "шайлоонун алдында гана илебиз" деп сактап турушат.
Үгүт иштери башталганга чейин эле Чүйдүн район борборлорунда өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин сүрөттөрү илинген жарнак такталар толуп кеткен. Азыр алардын дээрлик көбү алынып, ал гана эмес дубалдарга жазылган “Бакиевди колдоо” өңдүү жазуулар да жок кылынды.

Москва районунун тургуну Абдыкалык Рүстөмов “Азаттыкка” берген маеги учурунда буларды айтты.

- Үгүт иштери баштала электе эле Беловодск айылынын толгон жерине Бакиевдин жарнак такталары илинип, дубалдарга, аялдамаларга “Москва районундагылар Бакиев үчүн”, “Эл Бакиев менен” деген кызыл боёк жазуулар жайнап кеткен. Анан биз баарын сүрөткө, видеого тартып БШКга жөнөттүк. Андан соң баардык жарнактар алынып, кызыл боёк менен жазылган сөздөрдү жазгандар кайра кырып, актап чыгышты.

Бул маалыматты Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Рахат Иманбекова да ырастап, чынында эле текшерүүлөрдүн негизинде мыйзамсыз жазылгандары өчүрүлүп, илингендери алынганын айтты. Ал эми райондогу башка талапкерлердин үгүтчүлөрү бул аракетти аким Кубанычбек Сыйдановдун бийликке болгон жагалдануусу катары баалашты.

Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов болсо үгүт иштери менен иши да жок экенин, бирок түпкүлүгүндө азыркы өлкө башчысы Курманбек Бакиевди колдоорун бизге мындайча билдирди:

- Мен Курманбек Бакиевдин кайрадан шайланаарына ишенем. Шайлоо эч кандай мыйзам бузуусуз эле өтөт. Ал эми мен үгүт иштерине аралашпайм. “Бакиев эл менен” деген жазууларды көргөнүм чын. Бирок азыр демократия, эл кимди колдосо ошону жаза берет экен да.

Бирок Беловодск айылындагы Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары мектептин сүрөт мугалимдери кызыл боёк менен дубалдарга жазып чыккандыгын, аларга негизги буйрук район акими тарабынан берилгенин белгилешүүдө.

Мындай көрүнүш бүгүн бир гана Москва районунда эмес. Учурда Чүй району менен Токмок шаарына илинген Курманбек Бакиевдин жарнак такталары дагы белгисиз себептерден улам алынган. Ал эми дагы бир талапкер Алмаз Атамбаевдын үгүт материалдары азырынча көп жерге илинбей жатат. “Илинген плакаттарды тытып кетип жатышат, шайлоого жакын гана көчөлөргө илебиз”, деп билдиришти аймактагы үгүтчүлөр.

Жалпылай алганда, президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мурункудай активдүүлүк жок экени айтылып жатат. Ал эми Чүйдүн аймагында саналуу гана талапкерлердин үгүт жарнактарын көрүүгө болот. Көпчүлүк айылдарга үгүт плакаттары жана жарнак такталары тургай, үгүт баракчалары да таратыла элек.