Президенттике талапкер Алмазбек Атамбаевдин түштүк жергесинде жолугушуулары бүгүн Баткенде жыйынтыкталды. БЭКтин талапкеринин облус борборундагы шайлоочулар менен жолугушуусу бийлик тарап менен оппозицияга тарапкер аялдардын чыры менен коштолду.
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун аймагында жолугуушуларды эки күн бою жүргүздү. Облус борбору Баткен шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда талапкер өлкөдө башкаруу бир адамдын колунда болбой, 2005-жылы 24-мартагы максаттар ишке ашпай калганын айтты.
- Мен Курманбек Салиевичти көптөн бери билем. 2003-жылы туулган күнүмө келгенде ошол жерде да сүйлөшкөнбүз, өлкөдө 4 президент болуп кетти деп. Ошондо нан кармашканбыз үй-бүлөлүк башкарууну жоготолу, эл үчүн иштейли деп. Тилекке каршы андай болбой калды, азыр төрттөн да көп болуп кетти. Мен азыр билем өкмөт башчы, министрлер туугандардын кабылдамасында турушат кандай буйрук болот деп.
Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин кол тийбестикти алуу керектигин, антпесе өлкө жетекчилери капчыгын толтурган соң баса берип, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын айтты:
- Президенттердин кол тийбестигин алалы деп жатабыз. Анткени карабайсыздарбы Аскар Акаевич миллион, миллиарддарды уурдап алып туруп Москвада хан сарай салып алды, баласы килейген базар куруп жатат. Жыргап жүрүшөт биздин акчабызга. Мүмкүн кийинки бийлик андай болбойт деп ким айта алат.
Ушинтип бүгүнкү бийликти сындап жаткан учурда топтолгон аксакалдардын арасында Курманбек Бакиевге акарат келтирбе, турмуш оңолууда дегендер чыкты. Андай сөздөргө Алмазбек Атамбаев мындайча жооп узатты:
- Алтын кендер кетип жатса айтам да же эчтеке айтпай жүрөйүнбү. Мен билгендин баарын айтсам төбө чачынар тик турат. Мен баарын айтпай жатам силерге.
Бул жолугушууга абай салып турган талапкер Курманбек Бакиевдин шайлоо штабынын мүчөсү Тыныбек Сейитов жолугушууга эл аз келгенин айтат:
- Эл анчалык көп эмес. Эл билип турат кимди шайлашты. Курманбек Бакиевдин штабынан 20-30 адам байкоо үчүн келдик. Азыр атуулдар иш менен алек.
Ошентип жолугушуу жыйынтыкталып жаткан учурда жолугушууга келген аялдардын ортосунда капыстан чыр чыгып кетти. Бул жанжалдын чыгышын Көкташ айылынын башчысы Разия Өсөрова мындайча түшүнүрдү:
- Мен машинадан түшүп, Алмазбек Атамбаевге бир жакшы пикиримди айтайын деп келдим эле. Анан мени ага жакындата койбой эле сүйлөп койот деп коркуштубу, бул жердеги аялдар мени жулмалап киришти. Мен мынча бийликти талаша бересинер, Курманбек Салиевич эми ишти ондоп турмушубуз, оноло баштаганда дагы беш жылга тим койбойсунарбы, дагы иштеп көрсүн деп айтайын дедим эле. Ага карабай жок жерден жулмалап башташты.
Ал эми жыйынга байкоо салып турган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Баткендеги өкүлү Карамат Орозова мындай окуяларды атайын уюштурулган деп эсептеп, жыйынга 300дөн ашуун эл катышканын белгилейт:
- Баарына эле маалым, мындай иштер атайын уюштурулат. Себеби жолугушуу тынч өтүп жаткан учурда Разия Өсөрованы атайын машина менен алып келишти. Бул аялды көбүнчө ушундай курал катары пайдаланышат. Анан ушундай атайын чыр чыгаруу үчүн алып келгендей пикир жаратты да. Анан Алмазбек Атамбаевге стадионду Курманбек Салиевич келет деп ремонт жасап жатышкандыктан бербей коюптур.
Ушинтип БЭКтин президенттике талапкери Алмазбек Атамбаевдин түштүк аймагындагы жолугушуусу Баткен облусунан жыйынтыкталды. Баткенде болсо учурда ишембилик уюштурулуп, кийинки жумада келчү президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин сапарына даярдыктар көрүлүүдө.