Оштогу 57 мектепте окуу башталды

Учурда Ош шаарында жүргөн вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева шаардагы бардык мектептер эшигин ачканын, коопсуздук, балдарды ташуу маселелери чечилгенин "Азаттыктын" таңкы түз обосунда билдирди.
- Сиз Билим күнү Ош шаарында жүрөсүз. Бүгүн шаардагы 57 мектептин баары ачылабы?

Өктөмхан Абдуллаева: Бүгүн шаардагы бардык 57 мектеп ачылды. Ата-энелер коопсуздук жагынан кичине кыжаалат болуп атышты эле, бардык мектептерде коопсуздук жактан аракет жасап атабыз. Андан тышкары китеп куралдары, мугалимдер жетишпейт, ошолорду да толук таптык, жогорку окуу жайларда 5-6 курстта окуган студенттерди да тарттык. Бардык аракеттерди жасап атабыз. Бүгүн мен ишенем, 9да бардык мектептер ачылат. Андан тышкары 57 мектепте маршрут автобустарды жүргүзүп койдук. Андан тышкары «Охрана» деген коомдук уюм бар экен, тышты кароочу «Щит и меч» деген уюм бар экен, ошолор менен келишим түзүп, коопсуздукту сактоого аракет кылып атабыз.

- Эки мектеп күйүп кеткен эле, балдар чатырларда окуйбу?

Өктөмхан Абдуллаева: Толстой атындагы мектептин балдары чатырларда окушат. Ал эми экинчи мектепте 400гө жакын балдар бар экен, алар 200 метр жакын жерде мектеп бар, ошол жерде окушат.

- Өлкө боюнча мектептерди китептер менен камсыздоо 62% камтыйт экен. Бул маселени чечүү боюнча өкмөттө кандай максаттар, пландар бар?

Өктөмхан Абдуллаева: Планда азыр өкмөт 100 млн. каражат караган, ошол боюнча азыр китептерди чыгарып атышат. Жаңы китептерди да мектептерге алып келди, бардыгына таратабыз. Андан тышкары китептер боюнча дагы башка иш-чараларды көрөбүз.

- Мектеп жетекчилери окуучулардын ата-энелеринен акча алып, мугалимдердин айлык акысына кошумча төлөө, мектептерди оңдоп-түзөө боюнча айрым маселелерди чечүүдө. Ошол эле мезгилде өкмөт мындай акча жыйноолорго тыюу салалбай келатат. Бул маселе быйыл кандай чечилүүдө?

Өктөмхан Абдуллаева: Сиз туура айтып атасыз. Азыр ата-энелерден акча алуу жок, бирок ата-энелер, мугалимдер, мектеп директору өздөрү айтып атышат, китеп алганда арендасын алып ж.б. иш-чара көрбөйлүбү деп. Биз мектепте ата-энелердин комитеттери бул маселелерди өздөрү чечиш керек деп айтып атабыз.

- Мугалимдердин айлык акысы жетиштүү болмоюн, аларды мектептерде кармап калуу да оңой эмес. Азыркы кезде жетишпеген мугалимдер саны 2 миңдей деген маалымат бар. Өкмөттө бул маселени чечүүнүн жолдору аныкталганбы?

Өктөмхан Абдуллаева: Аны да туура айтып атасыз. Азыр айлык акы боюнча реформа жүргүзүш керек. Ошон үчүн 3 мектепте, Ошто бир, Жалал-Абадда бир, Кара-Суу мектебинде айлык акы боюнча такыр башкача иш жасап атабыз. Ошол жерге келген жаш мугалимдер иштөөгө кызыгышы керек. Азыр бул долбоор өкмөттө, кудай кааласа 1-сентябрдан баштайбыз. Себеби республика боюнча кандай экенин билебиз да, кийин жакшы жактарын алып ошону бүт республикага жайышыбыз керек.

- Рахмат.