А. Токтоматов: Ошто окуган чет элдик студенттер кооптонбой эле келе берсе болот

Оштогу студенттер.(2009-жылдын 7-сентябрында тартылган.)

Ош технологиялык университетинин ректору Абдували Токтоматов Оштогу окуу жайлардагы абал боюнча кеп салып берди.
- Июнь айындагы Оштогу коогалаң ошол жердеги билим берүү тармагына кандай таасирин тийгизди, окуйбуз деп келип аткан абитуриенттердин саны кандай болуп атат?

- Июнь айындагы окуялар бардык окуу жайларга сөзсүз түрдө терс жагынан таасир тийгизди. Биринчи кезекте, биздеги окуу процессии үзгүлтүккө учурады. Бардык жогорку курстагылар экзамендерин тапшырып бүтүшө элек эле, мамлекеттик экзамендер жүрүп жатты эле. Алардын барын сентябрь айына жылдырдык. Экинчи кезекте, кабыл алуу кампаниясы ушул убактарга туура келмек. Бүгүнкү күндө Ош шаарына келүүгө кооптонуу болуп турду, айрыкча июнь айынан кийинки ар түрдүү ушак айыңдар сөзсүз түрдө таасирин тийгизди.

Былтыркыга салыштырганда абитуриенттердин келиши солгун. Бүгүнкү күндө бюджеттик негизде эки тур өткөрүп, абитуриенттерди кабыл алдык. Бирок үчүнчү тур дагы болуп жатат, толук планды аткара элекпиз. Келишимдик негизде келүү дагы азыраак болуп жатат былтыркыга салыштырганда. Бирок биздин болжол боюнча, азыр мына Ош шаарында абал турукташа башталды, турмуш кадимкидей өз нугуна түштү. Ошондуктан абитуриенттердин келиши август айынан баштап жанданат го деген ниеттебиз.

- Сиз жетектеген Ош технологиялык университетинде, Оштогу башка окуу жайларда чет элдик студенттер да бар болчу. Алар күзүндө кайтып келчүдөйбү, бул жаатта иш жүрүп жатабы?

- Алар менен байланышып жатабыз. Кетип жатканда дагы ар бир студентке, айрыкча биздин университетке Түркмөнстандан көп 350дөй студенттер келип окуйт эле, алардын ар биринин тизмесин алып, мекенине жөнөткөнбүз. Байланышыбызга караганда аларда дагы эле кооптонуу бар. Бирок мен аларга айтып кетет элем, бул жерде толук шарт түзүп беребиз, бул жерде турмуш өз нугуна келет. Кечээ эле 25-июлда вице-премьер Өктөмкан Абдуллаева келип жабыр тарткан студенттер боюнча маселелерди окуу жайлардын жетекчилеринин алдына коюп, отуруп алып маек курдук, бул боюнча иш чараларды жүргүзүп жатабыз. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралып жаткандыгынан кабар берет. Биз өзүбүз дагы ушулар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Эми Ошто окуган чет өлкөлүк студенттер кооптонбой эле койсо болот, биз буларга толук шарт түзүп, коопсуздугу камсыз боло турганын айтып кетмекчибиз.

- Рахмат маегиңизге.