Талаа иштери, дыйкандардын абалы тууралуу Айыл суу чарба жана кайра иштетүү министрлигин дыйканчылыкты өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаев “Азаттыкка” маек курду.
- Учурда жазгы талаа иштери аяктап калды. Бирок айрым региондордо дагы эле күйүүчү майдын баасы 44-50 сомго чейин болуп жатканы айтылууда. Эмне үчүн күйүүчү май арзандабай жатат?
Аскарбек Сагынбаев: Шаарда майлоочу май, күйүүчү май, дизелдик отундун баасы 30-34 сомго чейин кымбаттаганы байкалды. Алыскы тоолуу региондордо 44-50 сомго чейин болуп жатканы туура эмес болсо керек. Шаарга салыштырмалуу 4-5 сомго чейин кымбаттап кеткен жерлери бар, эми ал жол киресине байланыштуу дегендей. “Газпромго” окшогон айрым фирмалардын ошол жерлерде сатуучу точкаларынын жоктугу болуп атса керек.
- Өлкөгө гуманитардык жардам жетиштүү өлчөмдө келгенби?
Аскарбек Сагынбаев: Азырынча 4300 метр куб. келип, ал 24 сомдон таратылып берди, бул эң керектүү жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде келген. Азыркы күндө 400 тоннадай алына элек, калгандары алынып бүттү.
- Региондордогу талаачылык иштери тууралуу айтып берсеңиз, быйыл кандай болду? Аяктап калдыбы?
Аскарбек Сагынбаев: Негизинен региондордо кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери бүттү. Бир гана Нарын жана Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу райондору болбосо, ал жерде жазгы арпа себилет. Нарында 10-июнга чейин убактысы бар, ал себилет. Ал эми башка техникалык өсүмдүктөр, пахта, кызылча себилип бүттү. Азыркы мезгилде тамеки отургузулуп жатат. Андан тышкары жашылча, бакча өсүмдүктөрү, анча-мынча күрүч, жүгөрү, май өсүмдүктөрү себилип атат. Ал эми картошка Ысык-Көл облусунда, фасоль Талас облусунда жүргүзүлүп жатат.
- Күйүүчү майдын учурунда жок болуп калышы жана кымбат болуп калышы бул талаа иштеринин кечирээк башталышына себеп болбодубу. Мунун күзгү түшүмгө кедергиси тийбейби?
Аскарбек Сагынбаев: Ыңкылапка чейин эле быйылкы жылы жаздын жаанчыл, салкын келгенине байланыштуу эки жумага кеч калуу байкалган. Ыңкылаптан кийин көпчүлүк алыскы тоолуу райондордо солярканын жок болуп калуу фактылары катталып калды. Ошол боюнча биз Убактылуу өкмөткө билдирип, тез аранын ичинде кабыл алыныш керек болуп, акырында 4300 берилди. Ошону кыйла жерлерге жеткирип калдык, бир аз да болсо алыскы тоолуу райондорго таасири тийди.
- Рахмат маегиңизге.