2009-жыл ишкерлер үчүн оңой жыл болгон жок

Бизнес - экономиканы алдыга жылдыра турган тармактардын бири. Ал эми бул жылы ишкерлердин абалы кандай болду? Бул тармакта кандай өзгөрүүлөр орун алды?
Музафар Осмонов - жеке ишкер. Ири ресторанды иштетүү жүгүн атасы ага бир нече жыл мурда өткөрүп берген. Маектешибиздин айтымында, быйыл анын бизнеси жылдагыдан начар жүрдү:

- Бул жылы бизнесим такыр эле жүрүшкөн жок дей албайм. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу киреше аз түштү. Биринчиден, буга каржы кризисинин кесепети тийди. Баалар кадимкидей өстү. Кардарлардын саны да азайды.

Каржы кризиси демекчи, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган каатчылык чынында эле бизнеске терс таасирин тийгизгенин адистер айтышууда. Мисалы, кийим тигүү тармагы быйыл кырк пайыздай жоготууга дуушар болгон.

Насыя алуу мүмкүн, бирок...

Ушул жылдын он айында 355 орто жана ири ишкана андан ары иш алып бара албастыгын билдирип, тиешелүү органдар аларды банкрот деп жарыялоо маселесин кароодо. Ошондой эле отуз тогуз компания толугу менен жабылды.

Ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Чыныбай Акуновдун айтымында, быйыл насыя алуу маселеси бир топ татаалдады. Анткени каатчылыктын айынан каржы институттары кредиттин үстөк пайызын жогорулатышкан:

- Кредит алуунун шарттары оорлошту. Банк кызматкерлери бизнес-планды ийне-жибине чейин текшерчү болду. Насыянын көлөмдөрү да азайды, ал эми үстөк пайызы өсүп кетти.

Чыныбай мырзанын айтымында, быйыл ишкерлер каржы, энергетикалык кризис менен алпурушуп, каатчылыкка туруштук берүүнүн айла-амалын издөө менен алек болушту:

- Жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшүнөн бир топ ишкерлер өздөрүнүн графигин кайра караштырып, түнү дагы иштеген өндүрүшчүлөр иштөө убактысын кыскартууга мажбур болушту. Каржы кризисинен баалар өсүп, чет элдик кардарлар азайды.

Коррупция+текшерүүлөр=ишкерлерге бут тосуу

Быйыл Кыргызстан ишкерчиликке жагымдуу шарт түзүү боюнча 183 мамлекеттин ичинен 41-орунга жеткен. Өткөн жылы болсо алтымыш сегизинчи орунда болчу.
Бул жылы бизнесим такыр эле жүрүшкөн жок дей албайм. Буга каржы кризисинин кесепети тийди.


Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мындай жетишкендик ишкерчиликке түзүлгөн мыкты шарттардын натыйжасы. Бирок антсе да бюрократия, жөнү жок текшерүүлөр жана коррупция бизнести аксатууда, дешет адистер. Ишкер Кыял Өмүрбекова буларды айтат:

- Салык жагынан кысымдар болуп эле атат. Качан токтоору белгисиз. Текшерүүчүлөр байма-бай кеңсеге баш багып турушат. Ушундай жагдайда ишкерлер "кара бухгалтерия" жүргүзүүгө мажбур болуп атышат.

Ошондой эле жыл соңунда электр энергиясына жана ысык сууга болгон баалардын көтөрүлүшү да ишкерчилик үчүн жакшы жаңылык болгон жок. Ичимдик чыгарган заводдун ээси Алик Асановдун айтымында, мындай өзгөрүү ишти кыйла оорлотот. Завод жетекчилиги жаңы тарифтерди эске алуу менен эсептөөлөрдү жүргүзүп, чыгымдар эселеп өсө турганын аныкташкан:

- Тарифтердин жогорулашынан улам биздин продукциянын өздүк наркы өсөт. Бирок биз муну айласыздан жасап атабыз. Эгерде бааларды көтөрбөсөк, анда киреше албай калабыз. Албетте бул акыр аягы келип калктын чөнтөгүнө сокку болот.

“Бардыгы жакшы, бардыгы жайында”

Дегени менен биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде өтүп бара жаткан жыл экономика үчүн жакшы жылдардын бири болгонун айтты:
Эгерде бааларды көтөрбөсөк, анда киреше албай калабыз. Албетте бул акыр аягы келип калктын чөнтөгүнө сокку болот.


- Бул жыл экономика үчүн жаман болгон жок. Анткени финансы кризисинен эң аз жабыркаган өлкөлөрдүн катарында болдук. Жылды 2-3 пайыз өсүш менен жыйынтыктап атабыз. Инфляция жети жарым процент болду. Бул эмки жылы да негизги тармактар боюнча өсүшкө жетүүгө өбөлгө болуп атат.

Ал эми энергетикалык кризис ишкерлерди мындан да мыкты иштөөгө түрткү берет дейт Акылбек мырза:

- Каалайбызбы же каалабайбызбы, бизге хирургдардын ролу тийип отурат. Биз электр энергиясына, жылуу сууга бааларды көтөрүү менен оор операция жасагандай болуп атабыз. Албетте ар бир операция кыйын нерсе, бирок андан кийин оорулуу бутуна туруп кетет деген терең ишенимибиз бар. Биринчиден, биздин ишкерлерге. Анткени алар электр энергиясын үнөмдөбөй турган эски технологиялар менен иштеп келишкен. Эми, айла жоктон жаңы, заманбап техника, технологияга өтүшөт. Муну менен ишкерлер чыгарган продукциянын сапаты жакшырат. Башкача айтканда, жогорудагы баалардын көтөрүлүшү кай бирөөнө оор тийсе, башкаларга алдыга жылууга түрткү болот.

Ошентип быйылкы жыл жалпысынан алганда ишкерлер үчүн каржы, энергетика кризиси менен алпурушкан жылдардан болду.

Тасмада: "Ыңгайсыз суроолор": А. Жапаров - А. Толубаев

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышы экономика маселелерине арналды. Ага экономика жана өнөр жай министри А. Жапаров жана Кыргыз фондулук биржасынын президенти Айбек Толубаев катышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ыңгайсыз суроолор: А. Жапаров - А. Толубаев