О. Дүйшөев: Кен байлыктар элдин пайдасына иштеш керек

Кара-Кече көмүр кени

Кыргызстандын Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев Кара-Кече көмүр кениндеги абал боюнча “Азаттыктын” түшкү түз обосунда кеп салып берди.
- Орозбек мырза, жакында көмүр кендерин мамлекетке кайтаруу боюнча чечим кабыл алынган эле, муну туура чечим деп эсептейсизби?
Орозбек Дүйшөев

-Бул абдан туура. Анткени биздин сунуштар боюнча табигый байлыктар негизинен мамлекеттик болуп, элдин пайдасына иштеш керек. 16-июнда кабыл алынган бул токтом негизинен Кара-Кече көмүр кени боюнча кабыл алынды. Бирок анын аткарылышы азырынча кыйын болуп атат. Алигиче мына директорун коё элекпиз, аны дагы жергиликтүү органдар аркылуу макулдашышыбыз керек эле. Жумгал районунун акими биз сунуш кылган талапкерди кабыл албай, өзүнүн бир адис эмес адамын койгонго аракет кылып атат. Мына ушундай карама-каршылыктар менен бул маселе бир топко чейин созулуп кетет окшойт.

- Кара-Кече көмүр кенинин азыркы абалы кандай, кабарыңыз барбы?

-Кара-Кеченин азыркы абалы абдан татаал. Кыргызстандагы эң чоң көмүр кендеринин бири болгон Кара-Кече боюнча 1997-жылы ошол туштагы өкмөттүн токтому чыккан эле. Ал боюнча кен түндүк региондорун көмүр менен камсыз кылыш керек болчу. Ошол токтомдун негизинде кен бир топ жакшы иштеп калды эле ага карабастан 2000-жылдардан баштап, ал жакка коррупция деген балакет кирип, мына ушул убакка чейин кен чыккан жердин акыбалы начар. Ошондуктан биздин сунуш менен аны мамлекетке өткөрүп алуу маселеси каралып, токтом чыкты. Эми ошону жакшылап аткарыш керек.

- Жер-Үй, Андаш алтын кендеринин тагдыры кандай чечилип жатат?

- Бул маселе азыркыга чейин токтоп турат. Жер-Үй, Андаш, Талды-Булак сол жээги деген үч алтын кенинин да абалы да белгилүү. Эми биздин мамлекетибиздин бүгүнкү күндө күчүнүн жоктугу ушундан көрүнүп атат. Мына Жер-Үй кени кимге тиешелүү экени белгисиз. Лицензиясын алып коюш керек болчу, албай атат. Ал эми Талды-Булак болсо акча жогунан былтыр начар иштеген, быйыл эми иштейбиз деп аракет кылып атышат, бирок дале белгисиз. Андаш кенин болсо жергиликтүү уюмдар туура эмес түшүнүшүп, ачууга жол бербей, инвестицияны киргизбей жатышат. Бул Кыргызстандагы тартипсиздиктин бири деп эсептейбиз.