А. Сарыбаев: Баалардын көтөрүлүшүнө даяр болушубуз керек

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өлкө финансылык кыйынчылыктарды тартпаш үчүн убактылуу өкмөт ишти мындан ары бир калыпта алып кетүүгө болот, эгер баалар көтөрүлө турган болсо эл аны түшүнүү менен туура кабыл алышы керек деп эсептейт.
- 7-апрелде бийликке келген утурумдук өкмөт экономикада кептелген көйгөйлөр тууралуу ачык айтууда. Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү кайчы чыгып жатат. Утурумдук өкмөт башчынын орунбасары Алмаз Атамбаев жакында Москвага барганда мамлекеттин казнасы бош экендиги айтылды. Ошол эле учурда дагы бир орунбасар Темир Сариев апрелде салыктардын төлөнүшү үзгүлтүккө учураарын моюнга алды. Бирок социалдык төлөмдөрдү жүргүзүүгө каражат жетээрин билдирүүдө. Сиз кайсы маалымат чындыкка жакын деп эсептейсиз?

- Менимче, Темир Сариев туура, объективдүү маалымат берген. Себеби 7-8-апрелдеги төңкөрүштөн кийин көзгө көрүнөрлүк эч кандай экономикалык зыян болгон жок. Ишканалар, соода уюмдар толугу менен иштеп атат. Тек гана салык жыйноочу уюмдардын ишин жөнгө салып эле, мындан аркы ишти бир калыпта алып кетсе, республика эч кандай финансылык кыйынчылыкка учурабайт. Ал эми бизде экономикалык оор кыйынчылык деген көнүп калган, мурунку президенттердин адатына салынган эле кайыр сураган бир формасы. Андыктан Темир мырза менимче, объективдүү жакшы маалымат берген. Ошол финансылык кыйынчылыктарды тартпаш үчүн мындан ары бир калыпта жакшы алып кетүүгө болот.

- Учурда казак-кыргыз чек арасы жабык турат. Өкмөт башчынын орунбасары Темир Сариев чек ара бүгүн ачылат деп билдирүүдө. Чек аранын жабык турушу көптөгөн кыргызстандыктар эмгектенген “Дордой” базарынын ишинин убактылуу токтотошуна да алып келди. Бул нерсе салык, бажы төлөмдөрү үзгүлтүккө учурашына салымы барбы?

- Албетте, “Дордой” базары биздин Кыргызстанды эле эмес, кошуна Казакстан, Орусия, Өзбекстандын да соода ишине чоң салымын кошуп, “Дордойдун” ичиндеги соода айлануусу абдан жакшы жүрүп аткан. Казакстан кандайдыр бир белгисиз себептер менен жөн эле коркуп чек араны жаап салышы, биздин “Дордойдо”, башка жерде соода кылып аткан адамдарыбызга чоң зыян алып келди. Бул албетте кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин экономикасына, финансылык абалына бир топ таасирин тийгизиет. Андыктан Казакстан тарабынан чек аранын ачылуусу бизге мурункудай эле абалда иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, экономикалык кыйынчылыктан чыгууга да жардам берет.

-Убактылуу өкмөттүн делегациясы Орусияга барып келгени менен Бакиев президенттиктен кулаар алдында мунай зат продукциялары Кыргызстанга экспорттолушу үчүн кошумча киргизилген 198 доллар өлчөмүндөгү пошлина алынаар, алынбасы азырынча белгисиз болуп турат. Кандай дейсиз, экономикадагы жалпы жагдай ушул нерсенин чечилишине көз карандыбы?

- Муну биз алдын ала күтүп атканбыз. 7-апрелге чейин эле бул маалыматтар келип жеткен, ошого биз даяр болушубуз керек болчу. Ал эми бажы төлөмүнүн көтөрүлүшү, биз дагы ошого жараша ишти алып жүрүшүбүз керек эле. Эми албетте Орусия эгерде биздин республиканын акыбалына карата ал бажы төлөмүн көтөрбөй койсо, анда абдан эле жакшы болот. Эгер көтөрсө деле бизге анчалык кыйынчылык болбойт. Биз ошого жараша антикризистик иш чараларды кабыл алып, ошого жараша иш алып кете берсек, бул деле анчалык кыйынчылыкка алып барбайт. Себеби биз баары бир дүйнөлүк баалардын көтөрүлүшүнө даяр болушубуз керек болчу. Ошого жараша ишти жүргүзө беришибиз керек. Бул жерде эч кандай Орусиянын да күнөөсү жок, бул кадыресе эле мамлекеттер аралык экономикалык байланыштардын бир көрүнүшү.

- Айылчы мырза, бирок бул кымбаттоонун жаны толкунун жаратаары шексиз да, туурабы?

- Албетте кымбатоо болот, кымбаттоо болбой койбойт да. Биз рыноктук экономика дегенден кийин эч качан бир калыптагы бааларга үмүттөнбөшүбүз керек. Экономикалык кырдаалга жараша жаныбызда жашаган, экономикалык катнашыбыз бар өлкөлөрдүн экономикалык абалына жараша баалардын өзгөрүлүшү такай болуп турат. Андыктан муну биз кандайдыр бир чектен чыккан нерсе катары көрбөй, бул баанын көтөрүлүшүн кадыресе көрүнүш катары кабыл алсак, ошого көнүшүбүз керек, ошого жараша каршы иш чараларды жасаганга да көнүшүбүз керек. Баанын көтөрүлүшүн эл туура түшүнүп, туура кабыл алышы керек.

- Рахмат сизге.