Д. Ошурахунова: Эл ичинде референдумга кызыгуу солгун

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы 27-июнда боло турган референдумга беш жүздөн ашык участокко байкоочуларды коймокчу. Бул жөнүндө "Азаттыкка" аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошуракунова билдирди.

- 27-июнга референдум белгиленди, бул иш чара мурунку кездердегидей бурмаланбайт дегенге кандай кепилдик, ишенимдер бар деп ойлойсуз?

-Анын баарын азыр биз айта албайбыз, бурмаланабы же жокпу деп. Биринчиден, азыркы Убактылуу өкмөт абдан керектүү чечимдерди кабыл алды, референдум өткөрүш керек, референдумга мындай суроолорду коюш керек деп. Референдумга азыр шайлоочулардын сандарын тактайбыз деп атат. Ошон үчүн чоң сандарды дайыма эки жарым миллион шайлоочу бар деп келгенбиз, чынында андан аз болчу.

Ошон үчүн Убактылуу өкмөттүн шайлоочулардын санын тактайбыз дегени чынында жакшы. Анткени, ошол шайлоочулар келип катышканда айта алабыз, бул жерде процент кошулдубу, же кошулган жокпу, чынында эле шайлоочулар өзүлөрү келип катыштыбы, же бийлик кайрадан проценттерди көбөйтүп койдубу деп.

- Шайлоочулардын келиши боюнча сөз болуп калды. Бул боюнча ар түрдүү суроолор чыгып атат. Мисалы, бир канча шайлоочу келсе дагы анын жарымынан көбү макул деп жооп берсе, референдум болду деп эсептелинери айтылууда. Мында башка кандайдыр бир критерий болушу керекпи?

- Референдумда эки эле жооп чыгарылат: "жок" же "ооба" деген. "Каршымын" деген парламент шайлап атканда гана чыгарылат. Биз азыр караганда шайлоочулар бул референдумга көп кызыккан жок. Анткени алар өз турмушу менен, өз проблемалары менен алектенип жүрүшөт. Ошондуктан мен ойлоп атам, ал Конституциялык кеңеш, Убактылуу өкмөт шайлоочулардын арасында талкууну жүргүзө элек болчу. Эми азыр талкуу жүргүзүп баштаганда, балким, шайлоочулар кызыгып келип катышат.

- Сиздер канча участокко байкоочуларды койдуңуздар?

-Биз 500 участокко байкоочуларды койдук.

- Рахмат маегиңизге.