Батырбек Шамбетов - жогорку театралдык билими бар кыргызстандык актер жана режиссер. Ал 10 жылга чукул убакыттан бери Казакстандын Петропавловск шаарындагы Сабит Муканов атындагы облустук театрда өз кесиби менен эмгектенип жатат. Жаш актердун чет өлкөгө кетишине жашоо шарттын жоктугу, айлык маянанын аздыгы себеп болгон:
- Мен окууну жаңы бүтүп, мындан 10 жылдай илгери Касымалы Жантөшев атындагы Каракол облустук театрында иштедим. Айлыгым 400 сом эле. Бир кап унга гана жетчү. Үй-жай да жок. Келинчегим экөөбүз театрдын режиссерлор бөлмөсүндө бир жыл жашадык. Анан Казакстандан чакыруу болуп, кете бердим.
Илгиз Жунусов – белгилүү театр режиссеру, Нурлан Асанбеков жетектеген “Сахна” фольклордук тобун негиздөөчүлөрдүн бири.
Нурлан Жунусовдун айтымында, “Сахна” фольклордук тобунун түзүлүшүнүн башкы максаты –“Эпосторго жан салуу” долбоору аркылуу жаш муундар көп билбей бараткан кыргыз эпосторун музыкалаштырып, жаңы формада алып чыгуу болду. Бирок аталган долбоордун ишке ашышына Американын көркөм өнөр адистери колдоо көрсөтүп жатат:
- Вирлана Ткач Кыргызстанга келип, биздин оюндар менен таанышып, чогуу иштеше баштадык. Ал бизди Америкага да чакырып, ал жакта америкалык көрөрмандарга кыргыздын “Ак Мактым”, “Аксаткын менен Кулмурза” жана “Жаңыл мырза” кенже эпосторун тааныштырып кайттык.
Алдыда кыргыз эпосторун сахнага алып чыгууну “Сахна” тобу уланта бермекчи:
- “Эпосторго жан салуу” долбоору менен “Манас” баш болгон кыргыз эпосторун сахнага алып чыгууну уланта беребиз. Кыргызда кырктан ашык кенже эпостор бар да.
Сабит Муканов атындагы Петропавловск облустук театрында эмгектенип жаткан кыргызстандык актер жана режиссер Батырбек Шамбетов кыргыз театралдык чыгармаларын казак көрөрмандарына тааныштырууну максат кылууда:
- Өзүм иштеп жаткан театрда кыргыз композитору Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” чыгармасын мюзикл кылып казак көрөрмандарына казак тилинде даярдап жатам.
Кыргыз мамлекеттик Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театры, мисалы, соңку бир жыл ичинде Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаевдин айтымында, оңгулуктуу бир оюн койгон жок. Эл артистинин пикиринде, Кыргыз театр өнөрүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөсө, анын эртеңи коркунучта:
- Кыргыз театры бүгүнкү күндө чын эле коркунучта. Анын эртеңине мамлекеттик камкордук болбой калды. Таланттарыбыз чет жактарга кетүүдө. Жаштар кантип кетпей койо алат, же айлык маяна дурус болбосо, же үй-жайы болбосо... Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык+": Театр, театр! 1-бөлүк
"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз театрына арналды.