Жапон сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү Бишкекте

Жапония, Токио

22-июлда “Кыргыз-артекс” көркөм өнөр борборунда жапон сүрөтчүсү Изуми Сакаматонун жеке көргөзмөсү ачылат.
Жапон сүрөтчүсү Изуми Сакамато алдына ала түзүлгөн келишим менен Кыргызстанга июль айында келген. "Мен бул жакка келерден мурда көп ойлондум. Кооптонуулар болуп, Бишкекте жашаган жапондорго да байланышып сурадым" дейт сүрөтчү Изуми Сакамато:

- Мен 8-июлда Кыргызстанга келдим. Ага чейин өз өлкөмдө жүргөндө Кыргызстан тууралуу коркунучтуу эле маалыматтарды алып жаттык. Андыктан бул жакта жүргөн кээ бир тааныштарга байланышып сураганга туура келди. Бирок келгенден кийин кооптонуулардын бардыгы жоголуп, өзгөчө кооз Бишкекти көргөндөн кийин туура чечим кабыл алыптырмын деп калдым.

Жапон сүрөтчүсү Нарын облусунун жайлоолорунда да болуп, ал жерден айрым чыгармаларын жараткан. Мына ошол жана өз өлкөсүндө иштеген эмгектерин бүгүнкү көргөзмөдө көрүүчүлөрдүн сынына коет. Ал эми Изуми Сакаматонун чыгармачылыгы туурасында “Кыргыз-артекс” көркөм өнөр борборунун жетекчиси, көргөзмөнүн уюштуруучусу Шаарбек Аманкул айтып берет.

- Бул өзү заманбап көркөм өнөр, анын ичинен инсталляция, живопись менен иштейт. Ал Жапонияда бир көркөм борборду жетектеп, ар кыл өлкөлөрдөн сүрөтчүлөрдү чакырат.

Ал эми жапон сүрөтчүсү Изуми Сакамато бул көргөзмө негизинен жапон маданияты менен тааныштыруу максатын аркалап, белгилүү бир окуяга арналгандыгын айтат.

- Бул көргөзмө Жапониянын борбору Токионун 1300 жылдыгына карата уюштурулду. Мындан канча жыл мурда Улуу Жибек жолу аркылуу Жапония ар кыл маданияттан таасир алган. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Мен эмгектеримде ошол учурдагы жана азыркы маданиятты көргөзгүм келди.

Бул иш-чарага келген көрүүчүлөр кыргыз сүрөтчүсү Рахат Итикеевдин да эмгектерин көрүшөт. Анткени жапон сүрөтчүсү Рахат Итикеевдин иштери менен өз чыгармаларындагы окшоштуктарды байкап, чогуу көргөзмө уюштурууну чечкен. Рахат Итикеев бул чечимди чын дили менен кабыл алганын билдирет:

- Мага телефон чалышканда эле дароо макул болдум. Анткени мен жапондорду сыналгыдан эле көрчүмүн. Ал менин устаканама да келип, баарлашып отурду. Аябай эле кызыктуу экен. Менин тарткан эмгектерим ошол жерден эле бүтүп калат, жапондордун каллиграфиясына да окшошуп кетет экен. Ошондуктан мени тандашса керек.

Кыргызстанда бир жылдан бери ыктыярчы болуп иштеп, Нарында чебер айымдар менен иш алып барган жапон айымы Нагиса Мурамацы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана жапон кыл калем чеберлеринин эмгектерине мындай баасын берет.

- Жапон сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде ар кыл тема анын ичинен жапон өлкөсү, элдери, көйгөйлүү маселелер, жай турмуштагы темалар чагылдырылат. Ал эми кыргыз сүрөтчүлөрү табиятты, жайлоо, тоо, бактарды аябай кооз чагылдырышат экен.

Жапон сүрөтчүсү Изуми Сакамато Кыргызстанга болгон чыгармачылык сапарынын алкагында көргөзмө уюштуруу эле тим болбостон, жергиликтүү кыл калем чеберлери менен баарлашып, тажырыйба бөлүшөт. Уюштуруучулар кабарлагандай кээ бир сүрөтчүлөрдү өз өлкөсүнө чакырууну да пландаштырууда.