Бишкекте Маданият күнү белгиленди

Көркөм өнөр, маданият тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө шарт түзүлөрүн президент Р.Отунбаева 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу жыйында билдирди.
Роза Отунбаева маданият тармагын реформалоо керектигин белгилеп, чыгармачыл интеллигенцияны мамлекет багат деп отура бербей жаңыча иштөөгө, жаңыча ой-жүгүртүүгө чакырды.

Т.Абдымомунов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Маданият күнүнө карата арналган салтанатка республиканын чар тарабынан келген маданият кызматкерлери, чыгармачыл интеллигенция, студенттер катышты.

Жыйында президент Роза Отунбаева кийинки жыйырма жыл аралыгында маданият тармагына көңүл бурулбай калганын, өлкө жарандары руханий жактан жабыркап турганын белгилеп, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 3 пайызын маданият тармагына туура бөлүштүрүп, натыйжалуу жумшоого бардык аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.

- Эң өкүнүчтүүсү - акыркы жыйырма жылдын аралыгында биз жаңы муунду, маданиятты жоготконго чейин бардык. Анткени аларга тийиштүү шарттарды жаратып бере алганыбыз жок. Таланттарды биз руханий байлык катары аздектешибиз керек жана баалай билишибиз керек. Маданиятты сыйлай билсек. Биз өлкөбүздү эң башкысы өзүбүздү сыйлай билебиз. Улуттун улут экендиги биринчи кезекте өз маданиятына болгон мамиледен билинет.

Роза Отунбаева "эне тилди, дилди, улуттук маданиятты урматтай албасак анда биз руханий тамырыбыздан, өзөгүбүздөн ажырайбыз",-деп айтты.

Президент маданият тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет алдында беш максат турганын белгиледи. Анын айтымында, биринчиден, маданиятка республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 3 пайызын бөлүүнү ишке ашыруу, экинчиден, элдин чыгармачыл таланттарын колдоо жана шарт түзүү, үчүнчүдөн, жазма адабиятты, китепканаларды өнүктүрүү, төртүнчүдөн, маданият жаатында реформа жүргүзүү, бешинчиден, айыл маданиятын көтөрүү жана өнүктүрүү зарыл.

Президент жаңыча иштөөгө, ой жүгүртүүгө чакырды.

- "Баарын мамлекет берет. Мамлекет камсыздайт" деп отура бербестен жеке демилге, жеке аракеттерди да көрүшүңүздөр керек. Талант биринчи кезекте эмгеги менен бааланышы керек. Ал эми жалпы чыгармачылык процесстен адамдар өз ордун жаш таланттарга калтырып кетүүсү шарт. Театрларга эл келбей жатат деген курулай дооматтар көп айтылып жүрөт. Бул жерде ким күнөөлүү? Биринчи кезекте театр жамааты деп эсептейм. Эл келбей жатабы демек ал театрдын бизге кереги барбы же жокпу? Бул тууралуу да ойлоно турган учур келди. Мамлекеттик бюджет чое бергендей резина эмес. Ал кыргыз мамлекетинин салык төлөөчүлөрүнүн каражаты. Демек ал каражаттын ар бир тыйыны өзүнүн натыйжасын бериши керек.

Салтанатта Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун профессору Өзүбек Абдылдаев, манасчы Назаркул Сейдракманов, филармониянын башкы режиссеру Келдибек Тургунбаев, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейдин директорунун орун басары Михаил Шевчук “Даңк” медалы менен сыйланды. Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын артисти Чоро Думанаевге, театр жана кино актеру Деңизбек Чалапиновго, Ысык-Көл драма театрынын артисти Алтынбек Шатеновго, филармониянын солисттери Нурак Абдырахманов, Нуржамал Табалдиевага, Ош филармониясынын директору, "Кыз-Бурак" ансамблинин жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага, цирктин директорунун орун басары Кадырбек Тажиевге "Эл артисти” наамы ыйгарылды. Ал эми акын Сүйөркул Турганбаевге “Эл акыны” наамы берилип, он чакты адамга "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер", "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылды.

Кыркка чукул көркөм өнөр жана маданият кызматкерлери ардак грамота менен сыйланып, аны Маданият жана маалымат министри Садык Шер Нияз министрликте тапшырды.

- Бүгүнкү алган сыйлыгыңар зор сыйлык. Сиздерди 16 миң маданият кызматкерлеринин арасынан суурулуп, ак эмгегиңер менен көрүнүп, инсандык аброюн сактап келген көркөм өнөр, маданияттын каймактары десек жарашат. Бул сыйлык сиздердин мамлекетке, элге сиңирген эмгегиңердин бир бөлүгү.

Ардак грамота алган Москва районунундагы музыкалык мектептин мугалими Бектен Бейшембиев “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамына көрсөтүлгөн экен.

- Мен 49 жылдан бери маданият тармагында иштеп келатам. Мени “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамына көрсөтүшкөн. Бирок ардак грамота жок ишмердик наам берилбейт экен. Эми мунусуна да шүгүр.

Айрым маданият кызматкерлеринин пикиринде учурда облустук театрлардын, райондук-айылдык маданият үйлөрүнүн, музей, китепканалардын техникалык-материалдык абалы оор. Музыкалык мектептер жоюлуп кетүү коркунучунда. Бишкектеги кыргыз драма театры, Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры, А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында 3 жылдан бери оңдоп түзөө иштери каражаттын тартыштыганан аягына чыкпай келет.

Нарын театрынын актеру Жумабек Мадемилов президент Роза Отунбаеванын маданият тармагын реформалоо керек деген демилгесин колдорун, көркөм өнөр адамдарын анын талантына жана эмгегине жараша баалап, эмгек акысын ошого карата чегерүү керектигин, айыл маданиятын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Маданият күнүнө карата арналган салтанаттуу кече искусство чеберлеринин концерти менен жыйынтыкталды.