Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин физика жана электроника кафедрасынын доценти Бердибек Жумабаев ЭВМ илиминде голография, лазер багыттарында изденип, Кыргызстанда биринчи голография жазган илимпоз.
Бердибек Жумабаевде “Кыргыз дүйнө таанымы” эмгегин жазуу максаты – учурдагы көпчүлүк жаштардын кыргыз тарыхы, улут философиясынын уңгусу жана дагы башка улутка тиешелүү баалуулуктар тууралуу билимдери аздыгынан келип чыкты.
- Көпчүлүк жаштарыбыз ата-бабабыздын тарыхын, руханий дөөлөттөрүн билишпейт экен. Мен муну айрыкча 2005-жылдагы ыңкылапта байкадым. Жаштарыбыз элдин келечегине карата ойлорун айтып жатышты, бирок элдин өткөнү тууралуу билимдери жетишсиз.
Албетте мындай чоң эмгекти дароо эле жаза коюу оңойго турган жок. Андыктан адеп Алтай аймагында жаткан кыргыз ата-баба издерин, зоо-таштарга чегилген байыркы жазууларды жана дагы башка далилдерди өз көзү менен көрүп келүүнү максат кылды.
Ошентип Бердибек Жумабаевдин пикиринде, кыргыз элинин дареги жаткан бүгүнкү хакас, якут аймактары качандыр бир метеорит түшкөн аймак. Метеорит түшкөн жердин окумуштуунун айтымында өзгөчө касиети болот:
- Ошол якут, хакас аймагын физик катары байкадым да, качандыр бир абдан чоң метеорит түшкөн жер экен. Анан ошол кийин миңдеген жылдарда ойдуң болуп калган. Анан метеорит түшкөн жердеги курт-кумурскалар башка жактагы курт-кумурскалардан алда канча өнүккөн, кыйын болот. Муну илим далилдеген. Андыктан биздин ата-бабалар да космостон түшкөн касиеттерди сезип-туюп жашаган өзгөчө чыгармачыл эл болгон.
Ал эми окумуштуунун пикиринде, кыргыз дүйнө таанымынын башкы өзгөчөлүгү – байыркылыгында. Бул болсо бардык дүйнө таанымдардын башаты:
- Мен кыргыз дүйнө таанымынын башка элдердин дүйнө таанымынан өзгөчөлүгүн китебимде 21 пункт менен далил катары белгиледим. Бир далилин келтирсем, биздин ата-бабалар - шумерлер. Шумерлер дүйнөдөгү эң акылман, эң даанышман эл болгон.
“Бийиктик” басмасынан жарыкка чыккан Бердибек Жумабаевдин “Кыргыз дүйнө таанымы” китебине философия илиминин доктору Кусеин Исаев “Кыргыздын нагыз философиясы жөнүндөгү алгачкы эмгек” деген макаласын жазган жана бул эмгекти тарыхый жаңылык деп белгилеген.
Мына ушундай пикирди Бердибек Жумабаевдин “Кыргыз дүйнө таанымы” китебине карата белгилүү коомдук саясий ишмер Дастан Сарыгулов да билдирди:
- 1995-жылы бул багытта Чоюн Өмүралиевдин “Теңиричилик” деген китеби чыккан. Мына ошондон кийинки эң салмактуу, терең изилденген эмгек – ушул Бердибек Жумабаевдин китеби. Ачык айтыш керек, бул - чоң жаңылык.
Белгилүү мударис Кусеин Исаевдин жана дагы башка окумуштуулардын пикиринде, кыргыз философия илими жогорку окуу жайларда окутулбай келатат. Албетте окутууга буга чейин ырааттуу жазылган окулук да жок болчу.
Андыктан, Бердибек Жумабаевдин айтымында, жогорку окуу жайларынын программасына бул эмгекти ушул басылып чыгышында, ал эми мектеп окуучулары үчүн кыскартып жөнөкөйлөштүрүп жазып чыгуу зарыл.