Кыргыз киносунун азыркы абалы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна кинорежиссер Темир Бирназаров жооп берди.
- Соңку кездери демөөрчүлөрдүн эсебинен тартылып, конкурстарга багытталган кыска метраждуу тасмалар абдан көбөйдү. Толук метраждуу эркин тартылган коммерциялык багыттагы көркөм тасмаларды жаратууга эмнелер тоскоол болуп атат деп ойлойсуз?
Темир Бирназаров: Өзүңөр билесиңер, азыркы тартылып жаткан кыска метраждуу көркөм тасманын бардыгы тең мамлекеттин эсебинен эмес, жеке менчик студияларынын эсебинен тартылып, кыргыз киносун кандайдыр бир деңгээлде кармап турат, анан чет мамлекеттерге кинофестивалдарда жөнөтүп атат. Бул чыгармачылык деңгээлдин жогоруулугу деп айтсам болот.
Былтыр маданият департаменти болуп калган. Биздин кино тармагыбыз ошол маданият департаменттин алдына агенттик болуп кирип калганбыз. Быйыл маданият өзүнчө министрлик болуп, ал эми кино тармагы агенттик болуп өзүнчө бөлүндүк. Бул апрелде араң чечилди. Ошондуктан биздин кыргыз киносунда структурабыз эми араң бекилип, колубузга мөрөй тие элек, ар кандай уюштуруу иштери болуп атат. Ошондуктан учурда бизде, тилекке каршы, толук метраждуу көркөм тасмалар эмес, даректүү тасмалар да тартыла элек. Мамлекеттик кино тармагында иш токтоп турат.
- Сиз мамлекеттин каржылоосу болбой аткандыгы тууралуу да кеп кылып атсаңыз керек?
Темир Бирназаров: Ооба, мамлекет тарабынан жеке эле каржылоо эмес, структурабыз эми араң каралып, бекилип атат.
- Мамлекет балким жөн гана шарттарды түзүп берүү жактарын колго алып, ушундай ыңгайлуу шарттарды түзсө рыноктук шарт популярдуу тасмалардын жаралышына өзүнөн-өзү мүмкүнчүлүк түзөр. Мисалы, Голливуда, же кино тармагы өнүккөн дүйнөнүн башка жерлеринде кино өндүрүү бул эң оболу бизнес. Ошол кино бизнесинде өзүбүздүн ордубузду, бурчубузду ээлеп калганга мүмкүнчүлүктөр барбы?
Темир Бирназаров: Тилекке каршы биздин рынокто андай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби биздин рыногубуз абдан кичинекей. Ал эми 150-200 млн. сомго тартып, анан ушул кинолорубузду өзүбүздүн ички рынокто актап алуу мүмкүн эмес. Анткени биздин рынок абдан кичинекей. Биздин кинону актатыш үчүн, же пайдасын көрүш үчүн Кытайга, же Европага чыгып турушубуз керек. Ал жакка чыгыш үчүн тартылып аткан тасмалардын техникалык сапаты абдан жогору болуш керек. Ошондой эле чыгармачылык жактан да бийик деңгээлде туруш керек. Ал эми Орусиянын рыногу биздин кинолор үчүн жабык, Кытай, Индия да, чоң-чоң рыноктор биздин кинолор үчүн жабык.
- Рахмат.