Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт

Бүгүн кыргыз элинин залкар жазуучусу, улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугуна бир жыл толду.
Ага карата Мамлекеттик кинодепартаментинин демилгеси менен кино үйүндө эскерүү кечеси өтөт. Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесине маркумдун туугандары жана жакындары менен бирге киноишмерлер катышаары күтүлүүдө. Аталган департаменттин жетекчиси Абибила Пазыловдун билдиргенине караганда, кечеде Чынгыз Айтматовдун кинотармагында чогуу иштешкен кесиптештери эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп, андан соң режиссер Рауф Мамедовдун маркум жазуучуга арналган “Үйгө карай жолдогу түштөр” аттуу даректүү тасмасы сунушталат.

Эл жазуучусун эскерүүгө арналган дагы бир кече жума күнү Улуттук китепканада өтөөрү күтүлүүдө. Анда “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу китеп-документалдык көргөзмө өтүп, жазуучу туурасында тасма тартууланат. Маалыматтарга караганда, улуттук китепканада Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун чагылдырган маалыматтар жетишээрлик. Мына ошонунун негизинде уюшулган көргөзмө алты бөлүктөн турат.

Жалпылап айтканда көргөзмө маркум жазуучунун 1952-жылы басылып чыккан “Гезитчи Дзюйодон" тартып, акыркы “Тоолор кулаганда” романынына чейинки чыгармаларын камтыйт. Ошондой эле алган сыйлыктары, дүйнөнүн белгилүү коомдук ишмерлеринин жана көркөм өңөр адамдарынын жазуучу туурасындагы ой-пикирлери чагылдырылат. Уюштуручулар кабарлагандай, көргөзмөнүн алкагында Абдылдажан Акматалиевдин жазуучунун жаркын элесине арналган “Айтматовго таазим” аттуу китебинин бет ачаары болот. Автордун айтуусунда, бул эмгекке анын алты поэмасы кирген.

“Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу көргөзмө бир айга созулат.