«Кеңешме демократия»: мактаган аз, сындаган көп

К.Бакиев кеңешме демократиясы өнүгүп жатканын белгиледи

23-24-мартта Бишкекте өткөн Ынтымак курултайында президент К.Бакиев кеңешме демократиясы жаамы дүйнөдө өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстанга Батыш демократиясы тамыр жая албай калганына токтолгон. 2-апрелдеги саясий партия, бейөкмөт уюмдар, маалымдоо каражаттарынын «тегерек үстөл» жыйынында мына ушул «кеңешме демократиянын» маани-мазмуну, учурдагы саясий жагдай талкууга алынды.

“Кеңешме” керек дейби?

Кыргызстандагы толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоолордон соң Батыш демократиясынын баркы кетип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн “кеңешме демократиядан” өткөн сыналган жолдун жоктугун президент К.Бакиев жер-жердерлерден келген 700 ашуун өкүлдөр, зал толгон өкмөт, парламент мүчөлөрүнө жарыя кылган. Ошол жаңы демократияны жарыя кылардын алдында Ынтымак курултайына келгендерди таң калтырган осол окуя “Акшумкар” партиясынын активисттерин милиция машинесине салып кетишкенин бейөкмөт уюм өкүлдөрү жарыя кылышкан. Мына ушул окуя эле Ынтымак курултайынын өкүлү Азиза Абдырасулованын ырасташынча, өлкөдө адам укугу сакталбашын ачык көрсөтүп койду. Анын жанында чоң жыйында биртоп курч маселелер коюлганы, толгон-токой проблемалар айтылганы шоона эшпей, Кыргызстан адам укугунун сакталышы, демократиялык багытынан тайып баратканын белгиледи.

- Курултай күнү жада калса элди жол алдындагы өтмөктөн да өткөрбөй коюшту. Менин көңүлүмдү кайт кылган маселе ушул болду. Элдин каалагандай басып жүрүү укугу ушинтип бузулду.

Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында “кеңешме демократиянын” маани-жайын мындайча чечмелеген.

- “Кеңешме демократия” Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келет деп ойлойм. Анткени бул демократия биздин элдин салтына терең тамыр алган курултайларга өзүнөн-өзү төп келип турбайбы. Биз элдик демократияга ызы-чуу менен эмес, ырааттуу реформалар аркылуу барабыз.

Башталды

“Кеңешме демократия” зарылдыгы жарыя кылынган кийин Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөп, техникалык жабдуулардын лицензиялык уруксат кагазы жок шылтоосу менен “Стан ТВ” компаниясын Каржы полициясы жаап койгонун телекомпаниянын шеф редактору Кирил Степанюк маалымдады.

- Бир канча убакыт “Стан ТВ” компаниясынын Бишкектеги офиси иштей албай калды. Биз муну өлкөдө болуп жаткан окуяларды жашырбай ачык чагылдырып жатканыбыз менен байланыштырабыз. Нарындагы жыйындарда эл тарифтердин төмөндөшүн талап кылып жатканын көргөзгөнбүз. Саясий куугунтукка кабылган генерал И.Исаковдун Алайдагы тарапкерлеринин пикеттерин чагылдырганбыз. Анан да биз Бишкектеги Ынтымак курултайы кандай шартта өткөнүн ачык, жаап-жашырбай айтканбыз.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеш мүчөсү Эмил Каптагаев демократия түркүн-түс болбостугун, ал бар же жок деген гана чен-өлчөмгө туура келерин ырастады.

- Кандай гана чакырыктар болбосун, демократия жок. Эгер биз тандоо эркиндигинен ажырап калсак, сөз эркиндиги, ойлоо эркиндиги жана башка укуктардан четте калсак, кайсы демократия жөнүндө кеп кылсак болот? “Кеңешме демократия” же андай эмес демократия деп айткандан эч нерсе өзгөрүлбөйт.

“Тегерек үстөл” катышуучулары 17-марттагы Элдик курултайдын чечимдеринин аткарылышы боюнча, Бишкекке иш сапары менен келип жаткан Улуттар уюмунун башкатчысы Пан-Ги-Мунга багышталган кайрылуу, ошондой эле “Стан ТВ” телекомпаниясынын иштөөсүнө тыюу салынышы боюнча билдирүү кабыл алышты.

“Назар” гезитинин негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбеков соттордун колу менен “Ачык саясат”, “Назар”, “Форум” гезиттеринин иши токтотулганын белгилеп, азыркы бийлик эркин маалымдоо каражаттарын жаап коюу аракетине кылчактабай киришкенин айтты.

- “Кеңешме демократия” деп туруп бул өзүнүн кол алдындагы адамдарды алып келип отургузат. Анан ошолордун колу менен каалаган нерсесин жасоо аракети деп ойлойм. Мындан башка эч нерсе жок.

“Акшумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев “кеңешме демократиясына” кызыккан азыркы бийликтин эркин маалымдоо каражаттарынын текши баарын жабууга буямасы келбейт, деген пикирде.

- Мүмкүн бир радиону жаап коюшу ыктымал. Мисалы, “Азаттыкты”. Мүмкүн беш гезитти жаап коер. Бирок элдин ортосундагы байланышты жаап кое албайт.

Ынтымак курултайында президент К.Бакиев Батыш демократиясы Кыргызстанга кенен тамыр жая албай, анын үлгүсүндөгү шайлоолордун кадыры кетип бүткөнүн белгилеп, жалаң курултайларга байланган “кеңешме демократияга” өтүү демилгесин көтөрүп чыккан. Азырынча андай жаңы демократияга президент К.Бакиевден башка бир да расмий бийлик өкүлдөрүнөн мактоо айтыла элек.