Ак терек, көк терек - бизге кандай Конституция керек?

Апта аягында Конституциясынын жаңы долбоору талкууга коюлганы турат. Андагы негизги маселе - өлкөнүн өнүгүүсү үчүн башкаруунун жаңы жолун тандап алууга байланышкан.
Убактылуу өкмөт Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүн сунуштоодо. “Азаттыктын” түз эфирдеги талкуусу мына ушул парламенттик башкаруу темасына арналды.



«Азаттык»:
Бегиш мырза, жаңы Конституцияны кабыл алуу, мына Кыргызстан парламенттик республикага өтүү даярдыгына киришти. Сиздин пикириңиз кандай?

Бегиш Ааматов:
Силер 19-апрелде «Азаттыктан» бердиңер, Пакистанда Первез Мушарраф менен Зыя Улхахтын Конституцияны бузуп, өзүнө бийликти тартып алган өкмөт менен парламенттен. Ошону жокко чыгарып азыркы Пакистан бийлиги 73-жылкы Конституцияга алып келди. Мына Англиялык парламентаризмдин, англиялык укуктун негизинде тарбияланган эл Конституцияны ыйык көрүп, кайра келди, болбосо Пакистанда тополоңдор тынбай атат.

Мына азыр бизде Акаев дагы бекинип алып өзүнүн кишилери менен мыйзамсыз Конституцияны жазып, анан элдик референдум деген Конституцияда жок нерселер менен Конституцияны өзгөртүп келген. Кийин Бакиев дагы ошондой кылды. Мына азыр бийликти алгандар дагы өздөрүнчө ээн баштык кылып Конституция жазып атат. Анан эртең дагы элге Конституцияны чыгарып, бүттү-бүттү кылат. Элдин көпчүлүгү каалабайт аны, дагы революция чыгат бизде. Мына ушуга чекит коюшубуз керек.

Биз 93-жылкы Конституцияга келмейинче мыйзамдуулуктун жолуна түшпөйбү. Мен мунун мурда да айткам, азыр да айтам. Биз мыйзамдуу Конституцияга келмейинче, тынчтык болбойт. Мыйзамдуу парламент, мыйзамдуу президент шайлангандан кийин анан конституциялык реформа болуш керек. Ыйгарым укугу барлар өзүнчө эле ары жактан чыга калып, мен Конституция жазам, мен алдырып ийем деген бул өтө чоң ката.

«Азаттык»: Жыргалбек мырза, мына ушул 93-жылкы Конституцияны алып келүү жөнүндө абдан көп айтылып атат. Сиздин оюңузча жаңы Конституцияны жазыштын кандай кажети болду, эгер 93-жылкы Конституцияны алып келүү мүмкүн болуп турганда?

Жыргалбек Турдукожоев: Бегиш мырзанын сөзүнө карата анча-мынча жооп берип коюшум керек болуп турат. 1993-жылкы Конституция, албетте, жаман деп айтууга болбойт, жакшы Конституция болчу. Кептин баары ошол Конституцияны тытмалап, бырчалап, маңызын жок кылып, анан ушул күнгө жетип отурбайбызбы. Кептин баары ошону жасаган бийликте, президенте болуп атпайбы. Мына Бегиш мырза адегенде президентти шайлап алып туруп, анан конституциялык реформа кылып, өзгөртпөйбүзбү деп атпайбы. Аны деле көрбөдүкпү.

Мына 2005-жылы Бакиевди шайлап, андан кийин анан Конституцияны кабыл алалы, өзгөртөлү деген катуу талаптар болгон. Бирок Бакиев, Бегиш мырза айткандай, адегенде мени шайлагыла, андан кийин мен Конституцияны өзгөртүп берем деп туруп эмне кылды, тескери кылып салбадыбы. Конституцияны өзүнө ылайыктап, өзүнүн бийлигин күчөтүп, башка бийлик бутактарынын бүт ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алып, баарын көз карандысыз кылып, анан үй-бүлөлүк режим орнотконго үлгүрдү.

Ошондуктан биз 1993-жылкы Конституцияга келишибиз керек дегендин өзү бүгүнкү турмушубузга анчалык ылайык келбейт. Экинчи жагынан адегенде президентти шайлап алып туруп, анан конституциялык реформа жүргүзүшүбүз керек деген дагы бүгүнкү талапка анча туура келбейт деп эсептейм.

«Азаттык»: Бегиш мырза, эмдиги шайлоо партиялык тизме боюнча болгону турат. Ал эми Кыргызстан парламенттик республикага өтүүгө даярданып атат. Ушул парламенттик республика жөнүндө аябай көп сөз болуп атат. Сиздин пикириңизче, парламенттик республикага өтүүгө бизде азыр экономикалык-саясий даярдыгыбыз кандай. Ошого өтсөк болобу?

Бегиш Ааматов: Мен Жыргалбектин жанагы айтканына жооп берип коеюн. Мына Бакиевди бийликке алып келгендер ошондо революционер болушкан. Ошондо биз айтканбыз, Т.Тургуналиев катышкан, биз комиссия иштегенбиз, башка комиссияны ордуна коюп анан Бакиевди шайлатыш керек деп. Бакиев болобу, бөлөгү болобу деп. Булар ошондо дагы Конституцияны ордуна койбой туруп, анан Бакиевди шайлаган. Бакиев билген үчүн кылган.

Билген үчүн кылып аткандан кийин азыркы революционерлер жарым жыл Бакиевдин жанынан чыкпай, "эң туура сиздики" деп отурушкан. Биздин митингдерге барып алып бизди баран дешкен, антимитинг өткөрүшкөн Бакиев үчүн өлүп беребиз деп. Азыр дагы келип алып куду ошону кайталап атышат. Эч кандай конституциялык реформа болбош керек. Парламентти, анан президентти шайлатып, элден мандат алып келген, элден уруксат алып келген кишилер гана конституциялык реформа жүргүзөт. Биз бийликке баскынчылык менен келип алдык, анан биз Конституция жазабыз, биздики гана туура деш, ал куду Бакиевди гана кайталаш болуп эсептелет. Бул Конституцияны сыйлабагандык.

«Азаттык»: 1993-жылкы Конституцияны кайра калыбына келтирүү жөнүндө азыр кыймыл аябай күчөп атат. Аны көрдүңүз, кечээ уруулардын, ошондой эле «Эл биримдиги» кыймылынын курултайында да ушул аябай катуу коюлду. Сиздин оюңузча, эмне үчүн бул маселе улам-улам коюлуп атат? Себеби 93-жылкы шарт менен азыркы шарттын айырмасы асман менен жердей болуп атат. Себеби партиялык парламент шайланган атат, парламенттик республикага өтүү жөнүндө кеп болуп атат. Эмне үчүн ага карабастан бул маселе коюлуп атат?

Жыргалбек Турдукожоев:
Албетте, бул позицияны жактаганда ошол 93-жылдагы кабыл алынган Конституциянын артыкчылыктарына баа бергендер көп. Бул эми саясий позиция, көз караш, ишеним. Аларга тиги-бу деп айтыш кыйын. Алардын пикирлеринин оң, жүйөлүү жактары бар. Аларды моюнга алыш керек. Бирок айтып атпаймбы, биздин мамлекетте президенттик бийликтин күч алышына, керек болсо ошол 93-жылдагы Конституция негиз болуп берген.

Ошентип жанагыдай референдум өткөрүп, ар бир президент, Акаев, анан Бакиев дагы ошол Конституциянын рычагдарын пайдаланып өзүнүн бийлигин күчөтүп келген. Бул биздин коом үчүн, өзгөчө азыркы кыргыздын менталитети үчүн президенттик жалгыз жеке бийлик өзүн актабай турган институт экенин далилдеди. Азыр көнүш, үйрөнүш керек. Өзүңүз айткандай, партиялык негизде, партиялык тутум менен парламентти дагы, анан бара-бара бийликтин башка институттарын дагы түзүүгө, ушу ишке, ушул саясатка жалпы элди, коомчулукту демократиялык негизде тартууга мезгил келди. Азыр көрүп атабыз, ал болбойт, тиги болбойт дегендин баары туура эмес. Ушул 7-апрелге чейин айтып келишкен, Бакиевдин бийлиги Американын жардамы менен 20 млн. доллары менен катуу куралданды, бул бийликти кулатууга мүмкүн эмес деп. Болот экен да, кыргыз элинин мүмкүнчүлүгү жетет экен да. Ушундай мүмкүнчүлүгү бар кыргыз эли эмне үчүн азыркы дүйнөдө өзүн актаган институттарды толук колдоно албайт.

«Азаттык»: Бегиш мырза, ушул 93-жылкы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары, президенттин аткара турган милдеттери өтө эле бийик болуп калды деген ой айтылат. Сиздин оюнузча президентте барыбы ошондой укук?

Бегиш Ааматов: Жалган сүйлөбөш керек. Американын Конституциясында деле, башкада деле кемчилик бар. Идеалдуу дүйнөдө эч нерсе жок. 93-жылкы Конституция жалгыз легитимдүү, мыйзамдуу. Биздин талап кылганыбыз, биринчи законду сыйлап мыйзамдуулукка келели. Акаев менен Бакиевдин жүргүзгөн мезгилиндеги мыйзамсыздыкка баа берилет ошондо. Каркыра, Үзөңгү-Кууш, пансионаттар кайра кайтарылат. Эгер андай болбойт экен, анда Акаев менен Бакиев мыйзамдуу Конституциянын негизинде, мыйзамдуу парламент, мыйзамдуу өкмөт, мыйзамдуу жол менен аларды Кытайга, Казакстанга берген болуп эсептелет.

Биз билебиз 10 үй-бүлө 70 жылдык байлыктын баарын өздөрүнө бөлүштүрүп алган, мунун баарын алалбайт биринчи Конституцияга келбесек. Экинчиден, биз баардыгыбыз жаман үйрөнөбүз, мындан кийин да революциялар боло берет. Баардыгыбыз Конституцияга баш ийишибиз керек. Мына ошону сыйлабай атышат азыркылар. Акаев да, Бакиев да сыйлаган эмес, азыркылар дагы мыйзамдуулукту сыйлагысы келбей атат. 93-жылкы Конституцияга келиш деген бул мыйзамдуулукка келиш. Мыйзамдуулукка келип алып, анан партиялык системага өтүшөбү, парламентке өтүшөбү, өздөрү билишсин. Мыйзамдуулукка келип туруп мыйзамдуу парламент менен, мыйзамдуу президент менен гана жүргүзө алат.

Жыргалбек Турдукожоев: Албетте, Бегиш мырзаны мен түшүнөм, бул кишинин айткандарынын дагы жөнү бар дебедимби. Бирок Бегиш мырза айтып атпайбы, келип алып туруп анан парламенттик же президенттик башкарууга өтөбү, бул азыркылардын өз иши деп. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек. Азыркы кабыл алына турган Конституция референдум жолу менен, жалпы эл, коомчулук, бей өкмөт уюмдар, жарандык сектор, партиялардын катышуусу менен, Венеция комиссиясынын корутундусунун натыйжасында, андан кийин анан референдумга - жалпы элдик талкууга коюлат да, кабыл алынат. Ушул жактан кепилдик бар деп эсептейм. Коркунуч деле жок эч кандай.