Балыкчыда камалгандардын акыбалы кандай?

Балыкчыда акыйкат шайлоону талап кылып акимчиликке келгендерди кармап, сабап алып барып камап салышкан

Балыкчы шаарында президенттик шайлоо күнү чыккан жаңжалда камалып, Каракол тергөө абагында отургандардын ал-абалы тууралуу алардын адвокаты Айбек Жанузаков “Азаттыкка” айтып берди.
- Азыр камакта отургандардын ал-акыбалы кандай болуп атат? Аларды сиз акыркы жолу качан көрдүңүз?

- Акыркы жолу мен кечээ киргем мекеменин ичине. Акыбалдары жакшы эле. Тамак-ашы мекеменин жетекчиси тарабынан жакшы эле каралып атат.

- Туугандары менен кабарлаштырбай, байланыштырбай атат деген дагы бир маалымат чыкты эле. Ошонун чындыгы барбы?

- Туугандары менен байланыштырбай атканынын себеби мекеменин өзүнүн инструкциясы бар болуш керек. Ошого жараша карап атышат го, ал жөнүндө маалыматым жок экен.

- Камакта кармалган 14 кишинин ичинде эки аял бар дешти эле. Алардын саламаттыгы кандай?

- Башында кармоо учурунда кичине урулуп-согулган экен ары-бери түртүшкөндө. Ошол боюнча ден-соолугу начар экен. Ал боюнча мекеменин жетекчисине арыз менен кайрылышып, медициналык жактан каралган. Анан биз тараптан дагы өтүнүчтөр келтирилип атат ден-соолугуна көңүл бөлүп карап коюшуна. Азырынча өтө оор деле жагдай жок.

- Дагы укук коргоочулардын бир тобу айтып атышат, кармоо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алуулар болгон, анын ичинен айыпталуучулардын бирөө ооруканага жатып, жакында эле ооруканадан тергөө жайына жеткирилген экен. Ошолорго байланыштуу кандайдыр бир арыз-даттануулар болгон жокпу айыпталуучулар тарабынан, мисалы сотко кайрылуу жагы?

- Балыкчы шаарынан кармалган экен, ал боюнча маалымат жок азырынча. Сопиевди айтып атышкан. Ал боюнча Балыкчыдагы адвокаттардан сурасаңыз жооп беришет.

-Азыр14 кишиге конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, башаламандык уюштурууга аракет кылды, шайлоого тоскоол болду деген айыптар тагылып аткан турбайбы. Ушул айыпка камалгандар кандай карап жатышат, окуя иш жүзүндө кандай болгонуна сиздер кызыкдыңыздарбы, маалымат барбы сизде ушул тууралуу?

-Ал боюнча алар мындайча түшүндүрүшөт, шайлоо акыйкаттуу өтүшүнө эле өздөрүнүн жагдайын түшүндүрүү үчүн баргандыгын айтып атышат.

-Эми ушул Балыкчы шаардык соту камактагыларды 25-сентябрга чейин калтыруу чечимин чыгарган. Ошол боюнча сиздер Жогорку Сотко өзгөртүүнү сурап кайрылып аткан экенсиздер. Ошол көзөмөл арызда бошотууга ынындара ала турган кандай негиздерди келтирдиңиздер сиздер? Үмүт барбы?

- Үмүт бар. Ал боюнча Жогорку Сот кандай чечет, ошонун чечимине жараша болот. Биз Балыкчы шаардык сотунун чечимине карата облустук сотуна кайрылганбыз баш коргоо чарасы боюнча. Облустук сот аны күчүндө калтырып койду. Эми шарттар боюнча облустук соттун чечимин талашып Жогорку Сотко кайрылууга биз милдеттүү түрдө аракет кылып атабыз.

- Адвокаттар азыр жетишип жатабы камактагыларды коргоо боюнча, кандай шартта тандап алышты адвокаттарды?

- Ар бир адвокаттын өзүнүн позициясы, өзүнүн шарттары бар. Ошого карата жасап атышат иштерди. Жетишип атабы, жетишпей атабы анысын билбейт экемин.

- Оппозиция лидерлеринин бири камактагыларды адвокат менен камсыздоого кол кабыш кылып атабыз дешти эле. Мунун чындыгы барбы? Сиз мисалы кайсы тараптан келдиңиз?

- Мен эч кайсы тараптан келген жокмун, мага кайрылышты арыз менен баш коргоо чарасына жардам берүү боюнча. Мен ортодогу эле адвокаттар коллегиясынанмын. Ошол боюнча арыздын негизинде иш жүргүзүп атабыз баш коргоо чарасы боюнча.

- Маегиңизге чоң рахмат.