Жалал-Абат: Бакиев менен Акаевдин айырмасы жок

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалал-Абат облусундагы байкоочулар Бакиев менен Акаевдин бийлигин салыштырып, алардын башкаруу саясаттары окшош экендиктерин белгилешүүдө.
Бакиев менен Акаевдин бийлигин таразага салган Сузак районунан Токтомат Акынбеков экөөнүн башкаруу саясатындагы ишмердиги окшош деген көз карашта болду. Анын баасы боюнча азык-түлүк, жол кире, электр жарыгы, табийгый газ баалары кымбаттаганы менен бийликтегилердин жумушу жок. Мыйзамдар аткарылбай, социалдык-экономикалык тармактагы өзгөрүүлөр элди канааттандырбайт:

- Бакиевдин бийлиги менен Акаевдин бийлигинин айырмасы жок. Себеби кадр тандап алуу боюнча бүт эле кагаз жүзүндө калып кетип атат, эч бир жылыш жок, кымбатчылык, социалдык маселелер начар. Акаевдин кадрлары кайра келип, кайра кетип, соода жүрүп атат саясатта.

«Эркиндик» партиясынын төрагасынын 1-орунбасары Мойдун Мамажановдун оюнда коррупция жана уюшкан кылмыштуулук Акаевдин заманынан өөрчүп кетти. 1-президентттин тушундагы кадрлар кызматтан кызматка алмаштырылып, эл арасындагы мыкты адамдар изделбей атат. Кемчилиги оңдолсун деп бийликти сындагандар анын душманына айланып, адам укугу кысымда калды. Мурдагыдан айырмасы катары Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Бишкек шаарларындагы жана Камбар-Ата ГЭСинин курулуштарын атоого болот:

- Уюшкан кылмыштуулук Акаевдин убагынан өстү, биз көрүп атабыз, ар ишканаларга кирип салык салып жүргөндөрдү. Коррупцияны, ошондой эле уюшкандык кылмыштуулукту жок кылалбаса дагы, азайтып, адамдар көчөдө кеңири басып жүрө турган болушу керек. Чындыгында көп эле мугалимдердин айлыктарын, пенсияларды көбөйтүп, адам укугун кандайдыр бир жогорку деңгээлге чыгарыш керек.

Облустун тургуну Айтикан Төрөканова бийликтин ишмердүүлүгүндө «өзгөрүү жок» деп эсептейт. Жумушсуз аялдын иш сураган маселеси эки жылдан бери бүтө элек. Анын белгилешинче жергиликтүү бийлик эч кимдин маңдайын жылытпайт. Жазган арыз-кайрылуу биринен экинчисине жөнөтүлүп, көйгөйлүү кишини убара кылышса да, маселе чечилбейт:

- Ошол эле темп менен кетип атат десем жаңылышпайм. Себеби биз барганда бизди кабыл алып, эмне үчүн келдиңерби деп сураган адамдар жок болуп атат. Мисалы мен канча жолу кирдим, бир дагы маселем чечилген жок.


Базар-Коргон районунан Шакиржан Шарипов дыйкандардын өкмөт тарабынан камкордукка алынбаганына нааразы. Шарипов жогорку бийликтин көрсөтмөсүн жергиликтүү бийлик бурмалайт деп эсептейт. Ал былтыр айыл чарбасына бөлүндү деген каражаттардын кимге берилгенин билбей турганын айтты. Ошондуктан эл бийликке нааразы:

- Кыргызстан эли бүгүнкү бийликке ишенбей калды. Президенттин саясаты бүгүнкү күндө көчөдө калды, президент башкара албай калды. Элдин президентке, мамлекетке болгон ишеними кетти, - деп бүтүм чыгарды Шакиржан Шарипов.