Т. Какчекеев: Бакиев жанын сакташ үчүн чабалактап жатат

Президент К. Бакиев жанын, ага-туугандарын, бала-бакырасын сакташ үчүн жан айласы кылып, эл аралык уюмдардан арга издөөдө. Буга кыргыз эли дагы, эл аралык коомчулук дагы жол бербеши керек дейт саясат талдоочу, аскер жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчакеев.

- Президент Курманбек Бакиевдин кызматын таштабай Жалал-Абатта жашынып жатышы өлкөнүн коопсуздугуна кандай таасир тийгизет? Азыркы саясий абалды ого бетер курчутуп, жарандык согуш чыгып кетиши ыктымал деген чочулоолор бар?

- Бул маселени айтып отургандар өздөрүнүн кызыкчылыгын көрсөткөндөй болуп отурат. Анткени К.Бакиевдин иштен кетип түштүккө бекинип алып, ошол жерде граждандык согушту баштабаш үчүн аны токтотуу үчүн мен кепил болом деген сөз, мунун баары тең элдин ички мүдөөсүнө, 7-апрелде болуп аткан окуяларга каршы келип атат. Анткени биздин мурунку Конституция боюнча дагы, элдик түшүнүк боюнча дагы мамлекеттик бийликтин ээси эл болот. Эл аны жерип, кызматынан кетирип тактан түшүргөндүгү Курманбек Салиевичке жетиши керек. Анын көмүскө жүргүзгөн саясаты, түштүк-түндүктү бөлүп жүргөндүгү бүгүн ачык чыгып атат. Анткени түштүктүн эли мени колдойт деп, чын-чынына келгенде түштүктүн да, түндүктүн да эли тарифтердин залакасынан, иштин жоктугунан бирдей кыйналып аткандыгы баарыбызга белгилүү болуп атат.

- Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн эл аралык ортомчулар керекпи? Айталы президент Курманбек Бакиев Улуттар Уюмунун тынчтык күчтөрүн киргизүү керек деп билдирди?

- К.Бакиев өзүнүн жанын сактап калыш үчүн, ага-туугандарын, бала-бакырасын сактап калыш үчүн чабалактап ушул ойду айтып аткандыгы ага туура көрүнүп атса керек. Бирок дүйнөлүк ыкмаларда мындай болбойт. Анткени бул киши элдин каарына калып, иштен кетип, мурунку кылган иштеринин баары тең азыр аныкка чыгып, мына жаңы өкмөт айтып атат, кылмыш кылгандыгы жөнүндө биз азыр тергөө жүргүзүп атабыз дейт, мунун баары тең аныкталып чыгышы керек.

Ошондуктан бүгүнкү күндө бул кишинин саясий дагы, моралдык дагы, эл аралык мыйзамдын негизинде дагы эч кандай укугу жок. Экинчи жагынан БУУ тарабынан мындай адамдарга жардам берүүгө болбойт. Үчүнчү жагынан, эл ага макулдук бербейт дагы, жаңы өкмөт ага барбайт. Биздин коргоо министри айткандай ОДКБнын келишимдерин жана биздин өзүбүздүн бөлөк эл аралык уюмдардагы милдеттерибизди аткарабыз дегендиги БУУнун мындай ишке барбастыгынын кепилдиги болуп атат.

- Кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун көрсөтө аласыз? Президент кызматын таштабай жатат, оппозиция сүйлөшүүгө барбай жатат.

- Азыр оппозиция деген түшүнүк жок да, анткени оппозиция азыр бийликке келди. Ошондуктан жаңы оппозиция кийин жаралар. Бирок оппозиция өзүнүн мурунтан бери айтып келаткан сар-санаасын, программасын бүгүнтөн баштап тартынбай ашыра бериш керек. Ошол маселелердин бири уюлдук телефондордон 60 тыйынды алынгандыгы, тарифтердин өз калыбына келтирилгендиги, кыргыз элине таандык болгон стратегиялык мекемелердин кайра кыргыз мамлекетине алынып келингендиги.

Мен ойлойм, бүгүнкү күндө элдердин арасындагы провокациялык ушактарды токтотуш үчүн өкмөт азыр элге кайрылып айтышы керек. Анык таза адамдар кызматка алынсын деген сунушту элдин ортосуна салыш керек деп ойлоп атам. Ошондо жанагы сөздөрдүн баары токтойт деген ойдомун. Анткени күбүр-шыбырлар болуп атат, өздөрү келип бийликти кармап атат, жаштар бизге бербей атат деген сөздөр чыгып атат. Муну токтотуш керек. Бийликтен жыргаган киши болбойт. Анткени бийлик жаман адамды мас кылып, баңги кылат дагы, ошондуктан биздин арыздашканыбыздын көбөйгөндүгү ошондон болуп атат.

- Азыркы убактылуу өкмөт коопсуздуктун кайсы өңүтүнө эң биринчи көңүл буруп колго алыш керек деп ойлосуз?

- Эң эле биринчиси, дайыма мыйзамды биринчи тутуш керек. Мыйзам деген адамдын дилин, каалоосун, талабын, эркиндигин сактайт. Экинчиден, элге тарап кеткен куралдардын баарын тең кайра жыйнаш керек. Бардык жерлерде элге кайрылып, ар бир адам өзүнүн жашаган жеринде тынчтыкты орнотуш керек дагы, шашпай мамлекетти алдыга жылдырып кетиш керек. Адамдын укугун, адамдын аброюн сакташ керек.

- Рахмат маегиңизге.