“Азаттык плюс”: Партияны кантип тандоо керек?

Жаш лидерлердин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу. 2010-жылдын 27-апрели

Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 105. Апрель окуяларынан кийин, өзгөчө жаңы Баш мыйзам боюнча Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөөрү айтылган соң партиялардын саны мындан да көбөйөөрү шексиз. Парламенттик шайлоо да ушул жылдын октябрь айына белгиленгенден бери партиялардын ишмердүүлүгү атаандаша жандана баштады. Ошол себептүү, “Азаттык плюс” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы “Партияны кантип тандоо керек?” деген темага арналды.
Партия деген эмне? Ал эмне максат менен түзүлөт?

Кыргызстандагы партиялардын кемчилиги эмнеде?

Эмне үчүн Кыргызстанда партиялар программасына эмес, лидерине карап бааланат?

Кандай партия жаштардын купулуна толот?

Партиялардын жаштары буга чейин кандай долбоорлорду ишке ашыра алышты, жаштарга пайдалуу эмне жумуштарды жасашты?

Жумушсуздук, билим берүү сапаты жана паракорлук сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө кайсы партияда кандай программа бар?

Жаштар партия тандоодо эмнеге көңүл буруш керек?

Ушул жана башка суроолорго “Азаттык плюс” телепрограммасы жооп издеди.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Партияны кантип тандоо керек? (1-бөлүк)







Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Партияны кантип тандоо керек? (2-бөлүк)







Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Партияны кантип тандоо керек?