Майыптар байырлаган Бакиевдин үйүнүн тагдыры кандай чечилет?

7-апрелдеги окуядан кийин өрттөлүп, таланып кеткен Бакиевдерге тиешелүү бул үйдү азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар байырлашууда.

Апрель ыңкылабында өрттөлүп, таланып-тонолуп кеткен Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү үйдө азыр “Жаш майыптар” коомунун жыйырмадан ашуун мүчөсү күн кечиришүүдө.
Майыптар өкмөткө бир нече ирет кайрылып, Бакиевдин үйүн майыптардын реабилитациялык борбору деп каттап берүүнү суранышты. Үй кимдин пайдасына чечилет? "Азаттык плюстун" кезектеги талкуусу ушул темага арналды.