Р.Аттокуров кызматын орун басарына өткөрүп берди

"Азаттыктын" архивинен: Райымкул Аттокуров космонавт Салижан Шарипов менен.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы чет өлкөдө иштеген айрым элчилер кызматынан четтетилгенин билдирди. Алардын бири – Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров. Бирок ал ордун бошотуп берүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат тараган.
Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин каалгасы жабык турду. Башка элдин башына ушундай күн түшсө элчиликте “Көңүл айтуу китепчеси” уюштурулчу эле. Бирок элчиликтеги кызматкерлер биз менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Мунун алдында “Азаттык” Райымкул Аттокуров менен байланышканда ал төмөнкүлөрдү айтты:

- Иштеген жокмун. Орун басарыма тапшырып бергем, азыр мен ооруканадамын. Мукаев Эркин Кеңешовичке кайрылыңыз. Ал мурда кеңешчи болуп келген. Азырынча ошол жетектеп атат. Дипломатиянын өз жолу бар. Элчи ооруса, же бир жакка кетсе ордуна бирөөнү калтырып кетет. Ошону калтырып койгом.

“Азаттык”: “Элчилик алдына кыргыздар чогула калууда” деген кеп бар. Ошонун чын төгүнүн билейин дегенбиз.

- Эртең менен мага да телефон чалып ыйлап атышат. Болот Шерниязовдун иниси Баткен Шерниязов эртең менен саат 8де келиптир. Кароолчуларды, кызматкерлерди алып, “мен элчи болом, жаңы бийликтин өкүлүмүн, менин айтканымды жасайсыңар” деп бардыгын “тизип” атат дешти. Азыр деле ошол жерде отурат. Консулдук бөлүмдү жаап, элди ичине киргизбей жатканын айтып арызданышууда.

“Азаттык”: Анын колунда кагазы бар бекен, же жөн эле жөөлөп кирдиби?

- Колунда эч нерсе жок. Дипломаттар мыйзамды жакшы түшүнгөн адамдар. Ал орун алуу үчүн колунда кагазы болуш керек. Оозеки эле “мен жаңы бийликтин өкүлү болом, мен айтканды жасайсыңар” деп жетекчи болуп атат дешти. Ал азыр консулдук бөлүмдүн миграция өкүлчүлүктүн кеңсесинде отурат. Ошол жерге кирип барсаңыз аны табасыз.

P.S. Консулдук бөлүм чындыгында жабык турат. Ошол эле учурда Бишкекке, Ошко учуу үчүн билетти алуу ошол жерде жайгашкан учактык кассадан эл темир тосмонун тешигинен кол сунуп, акчасын төлөп, билет сатып алышууда. Бирок кеңсеге өтчү жол торолгон. Аскер кийимин кийген жигит бизди ичке киргизген жок. Шерниязов менен жолугуу үчүн келгенибизди айтканда, аны издеп кетип, “бир жакка чыгып кетиптир” деп келди. Ошондон улам Шерниязовдун чын эле ичинде болгонун билдик.

Бул берүү эфирге кеткенден кийин, бүгүн 15-апрелде Баткен Шернияз "Азаттыктын" Бишкек кеңсесине телефон чалып, ал тараптан элчиликти ээлеп алуу аракети болбогонун, тескерисинче ошол 7-апрелден бери ар кандай ээнбаштыкка жол бербөө үчүн элчилик имаратын кайтарууга алып турушканын билдирди. Баткен Шернияз мындан тышкары 7-апрель күнү элчилик алдына Бакиев режимине каршы пикетке чыгып, 3 сааттай милицияга камалып чыкканын да кошумчалады.