Кемел Ашыралиевдин ашыктык ырлары

Кемел Ашыралиевди кыргыз эли мамлекеттик жана коомдук ишмер катары тааныйт. Бирок анын комузчулук, ырчылык, саяпкерлик талантын көпчүлүк билбейт.

Бала кезден ырга шыктуу

Коомчулукка Кемел Ашыралиев буга чейин комсомолдун, райкомдун катчысы, Нарын облусунун губернатору, аким, коомдук ишмер катары таанылып келген. Анын ырчылык өнөрү тууралуу жакындары, тели-теңтуштары билгени менен караламан калк арасына белгисиз эле.

Турмушка эрте аралашып, 17 жашында финансы-кредит техникумун бүтүп, Нарын районундагы Куйбышев атындагы миллионер колхозго экономист болуп кызматка орношкон Кемел, билимин өркүндөтүүнү көздөп Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясына өтөт. Бирок атасы жалгыз уулун Москвага жибербей койгонунан улам, Бишкектеги Айыл чарба институтунда зоотехник адистиги боюнча окуйт.

Ал жерде окуу жайдын ар кандай иштерине жигердүү катышып, комсмол комитетинин катчысы болот. Жүргөн-турганы шайдоот, окуусун мыкты окуган Кемелдин уюштургуч жөндөмдүүлүгүнө баа бергендер аны 4-курста окуп жүргөндө комсомолдун борбордук комитетине ишке алышат.

Жетекчилик кызматтарда жүргөндө да ырдаганын токтотпой, кези келген жерде комуздун коштоосунда аваздуу ырларды созолонтуп жиберет.

Ыр-күүгө бала кезинен жакын болуп өскөнү тууралуу Кемел Ашыралиев буларды эскерди:

- Биздин бала чагыбыз Улуу Ата мекендик согуш маалына тушкелгендиктен, бизди согуштун балдары деп коет. 1947-48-жылдары согуш бүткөндөн кийин айылдагылар кечкисин көңүлдөрүн көтөрөлүк дешсе керек ар бир үйдө жоро ичишчү. Анан биз устукан берип калаар бекен деп шынаарлап барар элек. Ошол жоролордо ырдалган ырларды дилим менен берилип угаар элем. Атаңкөрү ыр деген жакшы болот турбайбы деп, ошол бала кезимде эле ырдаганды жакшы көрүп калгам. Анан комуз черткен кишилерди тим эле өзүмдүн атамдай жакшы көрчүм. Комузду чертсем дегенде эки көзүм төрт болуп кетер эле. Бирок менден чоң комузчу чыккан жок. Обондуу ырларды чертем.

Кемел Ашыралиев комуздун коштоосунда үн созгондон башка ыр жазганды да жакшы көрөт. Ал ыр жазганда кыйналып-кысталып, ойлонуп-толгонуп отурбай, кайсы бир учурларда ырдын тексттери көңүлгө күтүүсүз келе калат дейт.

- Мен толгонуп, ойлонуп, отуруп алып, тердеп-кургабай эле ыгы келген жерлерде, күтүүсүз ойго келе калганда ыр жаза коем. Кээде ыр саптары келе калганда гезиттин четине, кагаздын актай жерине чимелеп коюп, унутуп да калам. Өзгөчө жайлоодо жүргөндө, тоого чыкканда, жаратылышка кумарланганда ыр саптары чубура түшөт.

- Анда ошол ырларыңыздан окуп бербейсизби?

- Мен азыр «Жайлоодо» деген поэмамдан эки-үч куплетти окуп берейин. Негизи мен кыргызмын деген адам жайлоого байма-бай каттап туруусу керек. Ата-бабалардын духу ар дайым тоого чакырып турат.

-Өзүңдү жеңил сезип, көңүл сергек,
Күн чыга аба жутсаң төш таянып.
Аңгыча жашыл белден жылкы чыгат,
Кулундар удургушуп оюн салып.

Айгырлар азынышат аба жарып,
Алкынып ар бир бээге улам барып.
Аттиңай, алда-кайда оюң кетет,
Ак баскан мурутуңду жанып алып.

Кыргыздын жоокер салтын биле албаган,
Кыр ашып, мөңгү басып жүрө албаган,
Жигитпи жорго минип, дайра кечип,
Жыл сайын жайлоого бир келе албаган.

Кемел Ашыралиев совет мезгилинде жетекчилердин эл алдында ырдоосуна коммунисттик партия катуу тыюу салып келгенин белгилеп, ага карабай жоро-жолдош, малчы-дыйкандар менен чогуу болгондо созолонто үн созуп, ырдап келгенин айтты.

Ал жүрөгүнүн түпкүрүнө терең орун алган Боогачынын «Үкөй» деген ырын аликүнчө ырдап келаткан себебин мындайча чемеледи.

-Үкөй өзүнчө эле энциклопедия. Мурдагы обончулар ашыктыкты кыйыр түрүндө беришкен тура. Азыркы обончулардын ырларында күйдүм-сүйдүм, өлдүм дешпестен. Арзуулукту, махабатты аяр тутуп, жаратылышка же нарктуу буюмдарга салыштырып чыгарышчу тура. Азыр адистиги артист жигиттер «Үкөйдү» ийнине чейин жеткире ырдабай жүрүшпөйбү. Болбосо карыгында ашыктык ырын ырдап мага эмне азап. Ушул «Үкөйдү» үйрөнүп калышсын, угуп калышсын деп той-топурларда эл арасында ырдап коюп жүрөм.

Жетимиш жашты аркалап, жайы-кышы дебей шырылдаң муздак сууга жуунуп, жорго таптап, ат минип ууга чыгып, али да болсо кубулжуган үнүн созуп, ыр жазган Кемел агай Боогачынын «Үкөйүн» созду.

Мергенчилиги

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей Кемел Ашыралиев ыр жазып, обон созуп, комуз чертип кумарлангандан бөлөк мергенчиликке чыгып, аң уулаганды да жакшы көрөт. Ал Кыргызстандагы жайлоолордун баарын ат менен кыдырып, ууга чыкканда жаратылышка суктанганды артык көрөм дейт.

-Улуу тоого чыгып алып, бийик чокусуна туруп алып, айланага көз чаптырып, кыргыздын касиеттүү тоолорунун ушунчалык кооздугуна куштарланып, таза абасынан кере-кере дем алсаң мээң сергийт. Мына ошол тоолорго болгон куштарлануудан улам мергенчилике да ыктап кеткем. Негизинен мен кийиктердин жер оодаруусу, алардын жайыты, куут маалы кыскача айтканда жашоо шартына кызыгам. Кез келе калган жерде кийик атып алган учурларым да болду.

Кемел аксакал өзү менен аңчылыкка кошо чыккан мергендерди кайберендердин ургаачысын, улагын аттырбай, үйүрдөн четтеп, убагы келип калган текелерин аттырып, жан-жаныбарларга аесуз мамиле кылбаганга үйрөткөнүн кошумчалады.

«Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы» деген суроо кепке, ушул Кемел Ашыралиевдин тоолорго болгон куштарлыгын мисал келтирсе болчудай.

-Мен райком, обком болуп турганда кыргыздын кыдырбаган тоосу калган жок окшойт. Ат-Башы аркылуу Алайкууга чейин, Суусамыр өрдөп Таластын төрлөрүнө, Эки Нарын аркылуу көлдүн тоолорун кыдырдым. Бир гана Тогуз-Тородогу Кан ачуу деген төргө кандайдыр бир себептер менен бара албай калдым. Ал жер эми жомоктогудай деп калышат. Тоого ден-соолугу чың, кайраттуу киши чыга алат да чынбы. Мен азыркыга чейин бийик тоолорго байма-бай барып турам.

Ал жайы-кышы дайыма муздак суу менен жуунуп жүргөнүнөн улам, отуз жылдан бери сасык-тумоо болбогонун, суук тийбегенин белгилеп, жетимишке чыкса да 25теги жигиттердей тоого чуркап чыгарын айтып, адам баласы өзүнүн саламаттыгына да көз салышы керек дейт.

Саяпкерчилиги

Кемел Ашыралиевди жакындан билген адамдар аны мыкты саяпкер катары баалашат. Жаштайынан жылкынын кулагы менен тең ойноп, тай үйрөтүп, күлүк чаап, кийинчерек чоң-чоң кызматтарда жүргөндө да жылкыдан кол үзгөн жок. 1995-жылы «Манас-1000» мааракесине карата Ашхабаддан бери карай ат чабыш боюнча марафон өткөрүлгөндө, анын таптаган эки күлүгү маарага биринчи болуп келип, кыргыз жылкысынын чыдамкайлуулугун далилдеген.

Бала кезинен тай үйрөтүп, кулан чаап, азоонун кулагы менен тең ойноп, атасынын тору атын сылап-сыйпап багып, жылкыга жакын өсөт. Кийин айыл чарба институтунда да жылкы тууралуу терең окуп-билип, бул темада окутуучулары менен талашып тартыша кетчүү экен.

Ал таптаган күлүктөр далай ат чабыштарда байгелүү орунду жеңип алган экен. Учурда таза кандуу беш-алты жылкыны багып, кези келгенде жоргого салып, күлүктөрүн жарышка кошуп жиберет.

Азыркы айыл жерлериндеги жетекчилер, райондун акимдери ат минип талаа кыдырып иштебей, жеңил унаалардан түшпөй, «курсактары» чыгып, кан басымы жогорулап, жүрөк оорулуулары көбөйдү дейт.

Кемел Ашыралиев мыкты жетекчилер ар түрдүү өнөргө жакын, таланттуу болушарын турмуштук тажрыйбасынан көргөнүн, өнөрлүү жетекчи кызмат абалынан кыянаттык кылууга барбастан, жоопкерчиликтүү болушарын белгиледи.

Психологдордун баамында адамдардын бардыгы эле көп кырдуу талантка ээ боло беришпейт. Сүрөтчүлүк, ырчы-музыканттык, жазуучулук шыгы бар саясатчылар жаратылышка жакын болуп, руханий жактан бай, жан дүйнөсү сезимтал болушат экен.