12-ноябрда Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу, өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Асан Жакшылыковдун 60 жылдык мааракеси белгиленди.
Бишкектеги Улуттук китепканада кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз эл жазуучусу, акын Асан Жакшылыковдун 60 жылдык мааракесине арналган “Акын наамы ата-журттун намысы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ага маданий, коомдук ишмерлер, жазуучунун калемдештери катышты.
Ошондой эле “Махабатка кезигүү” романстар жыйнагы, “Эс тутум”, “Кыргыз жолу”, “Кыргызчылык” аттуу үч илтик китептеринин бет ачары өттү.
Асан Жакшылыков учурунда доорубуздун залкар жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматов менен бирге иштеп, ага-инидей мамиледе болгон.
Көзү тирүүсүндө Чыңгыз Айтматов да акын Асан Жакшылыковдун ырларын "философиялык поэзия" деп белгилеген.
Акын Асан Жакшылыков өлкөнүн жазуучулар кошунунда бир топ жыл иштеп, бул уюмдун калыптанышына салым кошконун маданиятка эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова «Азаттыкка» айтып, акындын чыгармачылыгы тууралуу мындай деди:
- Жазуучулар кошунуна да эмгек сиңирген инсан. Акындын отуздан ашуун чоң-чоң поэмасы, ыр менен жазылган романы бар. Кыргыз даанышмандыгын, кыргызчылыгын, учкул сөздөрүн, кыргыз касиетин көтөрүп турган каада-салтын, тарыхын, санжырасын изилдеп чыккан ар тараптуу талант экенин айгинелеп койду.
Өлкөнүн жазуучулар кошунун төрагасы Абдрахман Алыбаевдин пикиринде жаш кезинен бери жаңычылдыкка умтулган акын Асан Жакшылыков соңку учурда адабияттагы эзотерика илимине басым жасап келатат.
-Асан Жакшылыков кийинки убакта уламыштарга, мифтерге негизденип жазып келатат чыгармаларын. Мен бул чыгармаларды кыргыз таанууда, улут таанууда өзүнүн өтө чоң ролун ойной турган чыгармалар деп ойлойм.
Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин айтымында Асан Жакшылыков өзүн жана чыгармачылыгын үгүттөгөндү, жайылтканды мыкты билет, ал мунусу менен да үлгү.
Акындын «Бийиктик» басмасынан жаңы чыккан “Кыргызчылык” аттуу чыгармасынын негизги өзөгү - кыйналып турган элдин ооматын кыргыздын адепки айкөлдүк системасынан издеп таап, бүгүнкү күнгө кайтарып алуу.
Кыргыз эл жазуучусу, акын Асан Жакшылыковдун поэзиясына тиешелүү эң башкы өзгөчөлүк - өткөн менен бүгүнгө, бүгүндөн туруп эртеңге – “убакыт” деген күзгүдөн карап ой жиберүү мүнөздүү. Акындын өзүнүн окуусунда “Тагдырың суроо белги” аттуу ырынан үзүндү келтирели:
-Бөбөктүн кадамына оролгон суроо белги,
Жүрөктүн тереңине деңиздей чөгүп калган.
Кыймылда тыным албай, жер менен кошо айланган,
Тагдырың суроо белги?
Алтымыштын ашуусуна чыккан Асан Жакшылыков поэзияга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылаарын айтып, 60 жаш мааракесине карата 3 томдук чыгарганын “Азаттыкка” билдирди.
-60 жылдыгыма карата "Эс тутум", "Кыргыз жолу", "Кыргызчылык" деген үч китептен турган илимий эсселеримди жарыкка чыгардым. "Махабатка кезигүү" деген романстар түрмөгүнүн үстүндө өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сатылган Осмонов менен биргеликте иштеп, китеп кылып элге тартууладык. Эми акын өзү саясатчы ырлары менен... Ал эми акындын “поэзия” деген саясаты элге арналып, элге кызмат кылып, түбөлүктүү эмеспи...
Асан Жакшылыковдун “Чындык бирөө, жалган көп” деп аталган философиялык төрт сабы күнүмдүк көртирликтин өң-алетинен тартып, дүйнөлүк кыян-кыяматтуу көрүнүштөрдү көз алдыга тартууга дараметтүү.
“Чындык бирөө, жалган көп”
Чындык бирөө, жалган көп,
Чын сөзүнөн тайган көп.
Чындык запкы жеген соң,
Чындыгында арман көп.
Акын Асан Жакшылыков Нарын районундагы Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуп жүргөн улан кезинде эле колуна калем кармап, поэзия дуйнөсүнө аралашкан. Суу чарба адистиги боюнча билим алып, учурунда комсомолдук кызматтарда иштеген.
Жазуучулар кошунунда катчы, төраганын орун басары да болуп эмгектенген. Ал Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер.
“Таңдын ырахаты”, “Улуу шашке”, “Жайлоодо”, “Бейпил көктөм”, “Белес”, “Макмал төр”, “Мээрим”, “Көкөй кести” жана башка жыйырмадан ашуун ыр жыйнактарынын автору.
"Эс тутум", "Кыргыз жолу", "Кыргызчылык" деген чыгармаларды калкка тартуулады.