Т.Акун: Аксы окуясы эч качан жабылуу бойдон калбайт

Аксы окуясынын сабактары, андагы козголгон кылмыш иштеринин аягына чыкпай калгандыгы жөнүндө акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.
- Турсунбек мырза, БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2002-жылы 18-мартта Аксы окуясында курман болгон Элдияр Үмөталиевдин ата-энесинин арызын карап чыгып, алардын уулунун өлүмү үчүн Кыргыз Республикасы айыптуу деп тапты эле. Буга бийлик тараптан кандайдыр бир реакция болдубу?

- БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин жобосуна ылайык бул боюнча кыргыз мамлекети 180 күндүн ичинде негизделген жооп бериши керек. Азыр аталган комитеттин чечими келгенден бери 180 күн өтө элек. Бирок ошого кыргыз мамлекети даярданышы керек. Бул боюнча Акыйкатчы институту тиешелүү документтерди өкмөткө, президенттин администрациясына берип жатабыз. Менин оюмча 18 күндүн ичинде мамлекет БУУнун адам укуктары боюнча комитетине Аксы окуясы боюнча тиешелүү жообун берет.

- Бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясында курман болгон алты адамдын өлүмүнө жана ондогон адамдардын бейкүнөө жаракат алышына күнөөсү бар ошол кездеги бийликтегилердин эч кимиси мыйзам алдында жооп бербегени айтылып келет. Сиз эми акыйкатчы болгондон кийин ушул маселенин аягына чыгышына аракет кыласызбы?

-Бул окуя тарых алдында эч качан жабылуу бойдон калбайт. Мен акыйкатчы болуп келгенде дагы бул маселени дайыма көтөрүп келе жатам. Бул окуя боюнча маселе аягына чыккан жок. Президент Курманбек Бакиев мурдагы прокурорлорго дагы, азыркы прокурорго дагы Аксы окуясын аягына чыгаруу боюнча катуу тапшырма берген.

Тилекке каршы Аксы окуясына байланыштуу тергөө жана башка маселелер аягына чыкпай келе жатат. Азыркы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевке дагы аягына чыгар деп президент тапшырма берген. Бирок президенттин баш прокурорго тапшырган ишеними акталган жок.

Анткени ошол убакта облустук, райондук милиция кызматын жетектеген Ракишев, Кулбаев сыяктуулар, аларга команда бергендер акталып кетишкен. Айрымдары дагы эле жооптуу кызматтарда иштеп жатышат. Ал эми анча-мынча тиешеси бар адамдар соттолушту.

Жаман жери күнөөкөрлөргө айып тагууда түндүк-түштүк маселеси дагы эске алынып кетип жатат. Ошого байланыштуу күнөөлөнүп, ошого байланыштуу акталып кетип жатат. Бул эң жаман нерсе. Ушундай адам өлгөн окуяда тууган-урук, түндүк-түштүк деген маселе ойнобошу керек. Мына ушундай жагдайлар туура эмес болуп жатат да.

-Жалал-Абад облусунун, Аксы районун администрация жетекчилери жергиликтүү элдин Аксы окуясында каза болгондорду эскерип Кара-Жыгачта куран окутуусун колдобой, курман болгон алты адамдын үй-бүлөсүнө он миң сомдон берип, үйлөрүңөрдө эле куран окуткула дегендей ишара кылышканы тууралуу маалымат бар. Бул тууралуу сиздин кабарыңыз жокбу?

-Баягы мындай да, эки жакты, бийликти кылчактап карап оокат кылган байкуштар да. Тескерисинче өздөрү демилге көтөрүп президентке жардам берип турса болмок. Азыркы президент 17-март Аксы окуясы, 24-март ыңкылабынын аркасы менен бийликке келген да. Тескерисинче алар Аксы окуясын эскерип белгилегенде азыр президенттин аброюн көтөрөт эле. Алар болсо тескерисинче жапканга, басканга, токтотконго аракет кылып жатышат. Бул эч кандай жакшылык алып келбейт.

- Бүгүн Кара-Жыгач айылында Аксыдагы окуянын жети жылдыгы белгиленип куран окутулганы жатат. Сиз ал жакка барган жоксузбу?

-Кечээ аксылыктардын өкүлү Кубанычбек мырза телефон чалып, куран окутуу иш чарасына мени келиңиз, деп чакырды. Бирок мен Азимбек Бекназаров менен сүйлөшсөм ал айтты,”Аксыга мен эле барайын. Сиз бул жерде Аксы окуясын эскерип укук коргоочулар менен болуңуз”, -деп. Ошентип сүйлөшүп экиге бөлүндүк. Мен акыйкатчы катары Аксы окуясын эскерип Ак үйдүн жанында пикетке чыккандарга азыр барам.

- Рахмат маегиңизге.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксы жарасы айыкпайт