БШК 2 миллион 700 миңге жакын бүллетен жасалып, өлкө аймагында 2281, чет өлкөлөрдө 38 добуш берүүчү жай референдум өткөрүүгө даярдалды. Референдум жакындаган сайын добуш берүү жайларында коопсуздук сакталып, ал таза өтөбү деген күмөндүү суроолор да пайда болууда.
27-июнда өтө турган референдумда шайлоо комиссияларынын жана шайлоочулардын коопсуздугун сактоо маселеси алдыңкы планга чыгууда. Ош жана Жалал-Абаддагы акыркы окуялар референдумга болгон даярдыктарды кечеңдеттип гана тим болбостон кээ бир комиссия мүчөлөрүнүн үрөйүн учурган. Бул туурасында “Жарандык коом жана демократия үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирет:
-Ушул жумада бир нече шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бир күн камап, кайра кое бергендей кийин көбүнчө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, өзүлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч болуп, алардын арасында кетебиз, иштебейбиз деп арыз жазгандары болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына ылайык, өлкө аймагындагы референдум күнү шайлоо жайларында коомдук тартипти сактоого 7500дөй милиция кызматкерлери тартылат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштер жасалып жатканын белгилейт:
- Өз кезегинде укук коргоо органдары, атайын кызматтар колунан келишинче иш-аракеттердин баарын жүргүзүп коопсуздук камсыз кылганга аракеттерди кылып жатышат.
Референдумга карата бир катар күмөндүү суроолор Убактылуу өкмөттүн референдум өткөрүү тартибине байланыштуу чыгарган чечимдеринин айланасында туулуп жатат. Убактылуу өкмөттүн “Жарандардын референдумга катышуусун камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар” декретине ылайык, Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоңдордо документтерин жоготкон Кыргызстан жараны участкалык комиссиянын экиден кем эмес мүчөсүнүн макулдугу менен референдумга катышып добуш бере алат.
“Жарандык коом жана демократия үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, бул декреттин негизинде добуштарды бурмалоо коркунучу бар экендигин айтат:
- Убактылуу өкмөт кабыл алган декрет. Ага ылайык, документин жоготкон бүт шайлоочулар добуш берүү участогуна келип, эгер аларды шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн эки адам тааныса добуш бере алат. Бул бизге коркунуч келтирип жатат.
Динара Ошуракунова Убактылуу өкмөт мындай көрүнүштөргө жол бербеши керек экендигин жана бул учурда бармак белги аркылуу бир шайлоочунун бирден көп добуш беришине бөгөт коюу мүмкүн экендигин белгилейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов билдиргендей референдумда добуштарды бурмалоо же элдин санын көбөйтүүгө жол берилбейт жана бул багытта кооптонууга негиз жок. Анткени бул жолу участкалык комиссиялардын 90 пайыздан көбү жаңы шайланышкан жана комиссияларды тандоодо жаңы ыкмалар колдонулган:
- Борбордук шайлоо комиссиясынан тартып айта турган болсок, бул органды мурда президент, Жогорку Кеңеш дайындап, комиссия мүчөлөрү түздөн-түз аларга көз каранды болгон. Бул жолу комиссиялар жарандык коом тарабынан көрсөтүлбөдүбү. Анын ичинен Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасын да жарандык коом көрсөтпөдүбү. Сегиз адам болсо партиялар көрсөткөн кишилерден турат. Бул нерселер алардын көз карандысыз экендигине кепилдик берип жатат.
Абдымомун Мамараимовдун айтымында, көз карандысыз жаңы шайланган комиссия мүчөлөрү референдумдун таза өтүшүнө көмөктөш болот жана бармак белги да добуш берүүнүн айкын болушун камсыз кылмакчы.