“Азаттыкты" обого чыгаргыла!

“Азаттыкты” коргоо кыймылы менен СДПК партиясы Бишкекте ЕККУнун борборунун жанында пикет өткөрүп, "Азаттыктын" үналгы программаларын обого чыгарууну кыргыз бийлигинен талап кылышты. Баш калаада жана айрым облустарда бийликтин жасаган кысымдарынан кийин «Азаттык» үналгысынын программалары чыкпай калганына коомчулук кабатыр болуп жатат.
Акциянын катышуучулары “Азаттыкка" – азаттык", “Руки прочь от правды”, “Азаттык обого чыксын”, “Баардыгынын оозун баса албайсың”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап чыгышты.

Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина, “Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариев,“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев жана башка саясатчылар, укук коргоочулар, “Азаттыктын” угарман жана окурман күйөрмандары, журналисттер катышты.

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев 2005-жылы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин "Азаттыкка маалымат айдыңында уттурдук",-дегенин эске салып, азыркы бийлик дагы мурдагы бийликтин каталарын кайталап, сөз эркиндигине кысым жасап жатканын белгиледи.

Баш калаада жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына коомчулук кабатыр болуп, каршылык билдирип жатат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилан Дарий пикетте тургандарга чыгып, ЕККУ "Азаттыктын" берүүлөрү кабылган тоскоолдуктар жөнүндө маселе каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, аталган эл аралык уюм Кыргызстанда “Азаттыктын” уктурулбай калышы, бир катар интернет сайттардын ачылбай жатышы боюнча кырдаалга байкоо салып турат.

Бул тууралуу билдирүү таратуу маселеси азыр ЕККУнун баш кеңсесинде каралууда. Л. Дарий “Азаттыктын” жетекчилиги менен кыргыз бийлиги бир пикирге келишет деген үмүтү бар экенин айтып, "Азаттыкты" уктурууну демократиянын талабы деп билдирди.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясы бүгүн билдирүү таратып, “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жатканына, “Фергана.ру”, “Центразия.ру”, “Аzattyk.kg”, “Белый парус”, “Живой журнал” интернет басылмалардын ачылбай жатканына тынчсыздануу билдирди.

"Азаттык” үналгысын ободон чыгарууну, жогорудагы интернет-басылмаларга бөгөт коюну, сөз эркиндигин жана басылмаларды “муунтканды” токтотууну бийликтен талап кылды.

“Кыргыз өкмөтү айрым учурда маалымат каражаттарынын эркиндигин жактыра бербейт,- дейт Эркин Европа/Азаттыктын президенти Жефри Гедмин соңку жасаган билдирүүсүндө. - Бул инцидент кыргыз өкмөтүнүн эркин, ар тараптуу, көз карандысыз маалымат алууга бөгөт коюу аракети. Тилекке каршы, Фридом Хаустун соңку “Дүйнөдөгү эркиндик” деген аталыштагы баяндамасында айтылгандай, абал терс жагына ооп баратат.”

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган адам укуктары боюнча жылдык баяндамада Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндигин мыйзам кепилдеген менен өкмөт иш жүзүндө бул укуктарды журналисттерди коркутуу жана обого чыгуу укуктарын бузуу аркылуу басмырлап жатканы айтылат.

Эркин Европа/Азаттык тушуккан кыйынчылыктар Кыргызстанда азыр эле пайда боло калган жок. 2008-жылы Кыргызстандын мамлекеттик телерадио компаниясы (УТРК) “Азаттык” үналгысынын программаларын обого чыгарууну токтотуп, аны мазмуну “өтө негативдүү жана сынчыл” болгону менен байланыштырган.

Кийинчерээк УТРК кайра кызматташууну сунуштап, бирок “Азаттык” үналгысынын программаларын расмий бийлик тараптан алдын-ала жактыруудан өткөрүп туруу шартын койгон. Эркин Европа/Азаттык бул сунушту четке каккан.

Эркин Европа/Азаттыктын обого чыккан программалары Жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгын утурлаган толкундоолор, нааразылык акциялары башталарына саналуу күндөр калганда токтотулду.

“Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн көрсөтүүнү “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы 10-мартта токтоткон, ал эми үналгы берүүлөрдү “Окей” радиосу 11-марттан, “Алмаз-Нарын” радиосу 12-марттан тарта уктурбай калышты. Ошол эле учурда Ош, Талас, Баткен, Токмок сыяктуу шаарларда жергиликтүү радиолор “Азаттыктын” берүүлөрүн уктурууну улантып жатышат.



Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыкты" обого чыгарууну талап кылабыз