Убакыт күтүп турбайт экен, мына Чыңгыз Айтматов о дүйнө салгандан кийин деле билинбей бир жыл колдон жылмышты. Кыргызды дүйнөгө тааныткан алп жазуучунун атын түбөлүк калтыруу милдети өтөле жооптуу, талаш-тартыштуу маселе экенин эми аңдап отурабыз. Өңгөсүнөн да таасын сүрөткердин соңку жылдардагы чыгармаларын кыргыз тилинде сүйлөтүү түйшүгү оңбогондой оор жумуш болуп чыга келди.
Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Жамийласынан” соңку “Тоолор ураганда. Түбөлүк колукту” романына чейинки 60 жыл ичинде жаралган чыгармаларынын текши баарын ыр коштоп, бу жашоонун түгөнбөгөн түйшүктөрүнө басылган пенде баласынын тиричилиги, ой-тилек, максат-мүдөөсү обондуу ыргактарга сыйдырылганын белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдуразаков момундайча сыпаттайт:
- Поэт деген бул ыр жазган эле киши эмес. Бул адамдын ички бир поэтикалык ою, лирикалык ою жалындап чыгып кеткен, анан кээде жөн эле башка бирөөлөр баамдабаган нерсенин өзгөчө бир жагын көрө алышы боюнча бул кишинин өзүнүн ички дүйнөсү поэзияга жакын деп айтуга болот. Себеби прозасындагы кээ бир эпизоддорду поэтикалык жогорку деңгээлге көтөрүп жазыш жагынан биздин ыр жазган жамакчылар андай жаза албайт.
Кара сөздөгү ырдын мыкты чеберинин кайсы чыгармасын албаңыз адам менен табияттын, пенде баласынын оомал-төкмөл дүйнөсүнүн карама-каршылыктуу өтмө катар байланышы өнүгүп бараткан окуяларды, каармандардын аракет-кыймылын коштоп жүрүп олтурат. Аны тирүүчүлүктөгү карөзгөйлүктү таза жүрөгү менен кабыл албаган Баланын Көлгө сүзүп кетиши, болбосо Охот деңизиндеги оор туманга кабылган нивхтердин Кириск баланын аман калышы үчүн кайыкты таштап, түбөлүккө чөгүп кетиши, ээн жолдо эски арабасын кылдыратып келаткан Танабайдын эсине түшкөн өткөн-кеткендерден деле байкоого болот.
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын кыйла жылдар изилдеген орус адабиятчысы Георгий Гачевдин пикирине ынансак, анын каармандары эпостон жаңы эле түшүп келгендей жомоктогу алптар. Тоолор жаңырыгы талааларга жетип, түздүк менен бийиктик жанашкан жерде жашоо кечирген адамдарды Г.Гачев Антик заманындагы эпостук каармандарга окшоштурган. Ч.Айтматовдун социализм доорундагы эң барктуу сыйлыкка арзыган китебинин “Тоолор менен талаалар баяндары” деп аталышынын өзүндө эле чоң сыр жатпайбы. Кийинчерээк жазуучунун көркөм баяндарынын арымы алыстап, жерден космоско, тоодон мухитке түшүп кетти. Ошол себептүү Ч.Айтматовдун айрым каламдаштары анын атын Кыргызстандагы эң бийик тоо чокуларынын бирине бериш керектигин сунуш кылып келатышат. Аны Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев да ырастайт:
- Мына Коммунизм чокусу деген бар, Коммунизм тоосу. Жеңиш чокусу бар, ал өзүнүн аты менен эле калсын. Чоң чоку бар да Коммунизм чокусу деген. Ошону Ч.Айтматов чокусу десе абдан эле жакшы болор. Ал эми коммунизм деген болбой турган нерсе экен деп бүт дүйнө жүзү мөөр басып салбадыбы.
Чыңгыз Айтматовдун атына шайкеш келчү үлкөн урмат бийик тоо чокусуна байланыштуу экенин академик Абдыганы Эркебаев да колдойт:
- Чыңгыз Айтматов биздин туу чокубуз болчу. Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бирин, айталы Ленин атындагы чокуну анын атына койсо. Лениндин кимге кереги бар? Аны орустардын өздөрү танып жок кылбадыбы. Ошону коюп койсо жарашат беле!
Кыргызстандагы бийик тоо чокуларынын бирине Ч.Айтматовдун атын берүүнүн айланасында узунсабак кеп кылуунун кажаты деле жок. Алп жазуучу эресеге жеткен айтылуу Шекер айылынын түштүк-батыш тарабында заңкайып Манас ата менен Бакай атанын чокулары турат. Кыргыздын атын китепкөй дүйнөгө таанымал кылган көркөм сөз чеберинин аты бийик чокулардын бирине коюлуп турса анын даңкы адабиятты урматтаган калкынын атына эле калмак. Белгилүү коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаковдун ырасташынча, Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу убакыттын иши, ага ириде коомдун өзү жетилиши керек.
- Эми албетте, анын атын берүү, дайыма эскерүү биздин мойнубузда турат. Ошондуктан мен ойлойт элем, келечекте коомчулук – баары өзү бышып жетет. Мына ошол бышып жеткенде өзүнү ордун биз каалайбызбы-каалабайбызбы, ал киши алат.
Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу маселесине минтип айланчыктоонун да кадыресе жүйөөсү бар. Жазуучунун аты көркөм сөздүн керемет сырларына кызыккан окурман журту турганда унутта калтырылышы кыйын.
Сүрөткер менен доордун, коомдун ортосундагы өтмө катар байланыштардын көркөм синтези автордун соңку романында кандай өң-түс алып чыга келгенин адабиятчы Осмонакун Ибраимов мындайча сыпаттайт:
- Анан ошол кейипкери турмуштун кыйчалыш заманында, башкача айтканда, Советтер Союзу деген мамлекет кыйрап, анын ордуна жаңы мамлекет түптөлө баштап, ошол кыйчалыш учурда бир заман кетип экинчиси келип аткан кыйын учурдагы улуу адамдын, зор адамдын ички драмасын жазып, акырында ошол зор адам тиги дүйнөгө узап, кыйын кырдаалда каза болуп калганын жана ошол каза болгондо ал кишинин өлүгүн да жөн көмө албай кыйынчылык болгонун жазып кетти. Мен мисалы үчүн ойлойм, бу пайгамбардай болгон Ч.Айтматов өз колу менен портретин жазып салганбы деп. Ошондон төрт ай өтпөй өзү тиги дүйнөгө сала берди. Бул дагы Ч.Айтматовдун чоң табышмагы болуп калды экинчи жагынан.
Ч.Айтматов феноменинин тарых талашында чайпалып, аз жерден жок болбой калган элдин ичинен чыгып калганы ал жөнүндө жазган чет элдиктердин көбүнө эмдигиче табышмак. Эми андай кайталангыс керемет кыргыз топурагында дагы жаралса экен деген үмүт менен сөздү жыйынтыктасак.