Эксперттердин баамында президенттик шайлоого үгүт иштери маалында айрым басма сөз каражаттары кайсы бир талапкердин кызыкчылыгын көздөп, анын зоболосун көтөргөн же экинчи бир талапкерди каралап, кадыр баркына доо кетирип жаткан макалаларга орун берүүдө.
Президенттик шайлоого үгүт иштери башталганга чейин «Журналисттер» коомдук бирикмеси, Борбордук Шайлоо Комиссиясы менен бирдикте Кыргызстандагы журналисттерге шайлоо өнөктүгү маалында массалык маалымат каражаттарынын ролу, аларга карата Шайлоо Кодексинин талаптары тууралуу семинар-тренинг өткөрүлгөндүгүн эксперт Бакыт Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Шайлоо Кодексине ылайык шайлоо процессин маалымдоо жана шайлоонун жүрүшүндө кайсы бир талапкерге байланыштуу үгүттөө маалыматтарын таркатуу талабын журналисттер сакташы керек.
-Бирок менин жеке баамымда бул жерде бизде бир топ мыйзам бузуулар болуп калды деп ойлойм. Анткени үгүт иштери жүргүзүлгөнгө чейин эле, кайсы бир талапкерди бир жактуу мактоо, даңазалоо малыматтары кетип калды. Тескерисинче кайсы бир талапкерди каралоо, бир жактуу жаман пикирлерди айтуу менен дагы маалыматтар кетип калды. Бул жагынан биздин кыргыз тилиндеги гезиттерде эки лагерге бөлүнүп алып, кайсы бир талапкерге жан тартуучулук позициясы байкалды,-деди Бакыт Орунбеков.
Президенттин катчылыгынын серепчиси Илим Карыпбеков белгилегендей, жалпыга маалымдоо каражаттары негизинен «Журналисттердин чеберчилигинин кепилдиги жөнүндө», «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам жана башка ушул тармакты жөнгө салып келген мыйзамдарга баш ийип келсе, президенттик шайлоо өнөктүгү маалында журналисттердин эң негизги мыйзамы Шайлоо Кодекси болуп таанылат.
-Шайлоо Кодексинде деги эле талапкерлер жана алардын иш аракеттери жөнүндө маалыматтарды кандай бериш керек? Эгерде бул үгүт иши болсо кандай болушу керек? Маалымат багытында, үгүт түрүндө иш жүргүзсө кандай жүргүзүлөт? Ушунун бардыгы ирети менен келтирилген. Ошондуктан мен айтып кетет элем, журналистттер, жалпыга маалымдоо каражаттары Шайлоо Кодексинин бардыгы менен таанышпаса дагы жок дегенде маалымат каражаттарына байланыштуу беренелер менен таанышып алышы зарыл.
Илим Карыпбековдун айтымында, президенттик шайлоо маалында эгерде кайсыдыр бир жалпыга маалымдоо каражаты бир талапкердин кадыр-баркына, ар намысына шек келтире турган болсо Кылмыш- Жаза Кодекси жана Жарандык Кодекстин 18-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн.
«Айат-пресс» гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова болсо президенттик шайлоо маалында бийликтин талапкерин өкмөттүк басылмалар мактап-жактап, оппозициялык көз караштагы талапкерди эркин басылмалар колдоп экиге бөлүнүп калганын белгиледи.
Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарынын шайлоо маалында эки жаатка бөлүнүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок гезиттер коомчулуктун ортосуна жик салып, эл арасында карама каршылыкты пайда кылган материалдарды жарыялоодон сак болуусу керек.
-«Айат-пресс» гезити кандай гана талапкер болбосун кызматташа беребиз. Себеби Шайлоо Кодексинин беренсинде ошондой көргөзүлгөн. Биз талапкердин программаларын, тезистерин, өздөрүн жарнаамалаган материалдарын Шайлоо Кодексине ылайык чагылдыра беребиз. Талапкер бул кеткен материалдарга өзнүн шайлоо корунан акча каражатын төлөйт. Негизинен мыйзамдын алкагында иш алып барууга аракет кылып жатабыз.
Жылдыз Мусабекова учурда кыргыз тилинде жарык көргөн коомдук-саясий деген макам менен чыгып жатышкан айрым гезиттердин белгилүү инсандарды же талапкерлерди бири-бирине кайраштырып, тукурмай, «заказ» менен жеке турмушуна кийлигишип ыпылас ыкмаларды колдонуу, такталбаган материалдарды жарыялоого жол берүүсүнүн өзү туура эмес, деп эсептейт.
Ал эми айрым байкоочулар Улуттук теле-радио корпорациясы президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин өлкө аймагындагы иш сапарын бир жактуу чагылдырып, анын үгүт иштерин жүргүзүп жаткандай эле башка талапкерлердин иш аракеттерин толук чагылдырышпаса дагы маалымат берип турушу керектигин айтышууда.