Иран бийлиги 23-февралда “Кыргызстан” авикомпаниясынын “Дубай-Бишкек” каттамындагы “Боинг” учагын өз аймагына мажбурлап кондуруп, ирандык эки жүргүнчүнү террорчу катары шектүү деп алып калган.
Бул окуя жүргүнчүлөргө жана авиакомпанияга зыян келтирбегендиги анын жетекчилиги билдирди. Атайын кызматтардын аракеттери беймаалым калууда. Тышкы иштер министрлиги болсо Кыргызстандык учактын Иранда алдын ала макулдашуусуз, күч менен кондурулушу боюнча жакын арада маалымат берүүнү убада кылууда.
“Кыргызстан” авиакомпаниясынын вице-президенти Таалайбек Турумбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда ирандыктар алып калган эки жүргүнчүнү эске албаганда жүргүнчүлөр дагы, компания дагы моралдык, материалдык чыгымдарга кирептер болгон жок. Бандар-е-Аббаста жүргүнчүлөр жана төрт саат чамалаш убактысын жоготту, бирок, ирандыктар өздөрүнүн аракеттери үчүн кечирим сурашты:
- Алар башында эле кечирим сурашты, желдеткич, суу менен камсыз кылып, кечирим сурашты, түшүндүрүштү ушундай маселелер боюнча тиги кишилерди алып калабыз деп. Анан май куюп берип, жөнөттү.
Бишкекке келип түшкөн 117 жүргүнчүнүн бири дагы эч кандай доомат билдиришпегендигин белгилеген вице-президент атайын кызматтар дагы төрт кишини кармаптыр деген маалыматты төгүндөдү:
- Кармаган жок. Ал төрт кишини атайын кызматтар тигилердин жанында отурган деп жөн эле сураптыр. Кармаган жок, учактын ичинен сурап эле кое берип коюшту.
Бул аралыкта жергиликтүү талдоочуларды Кыргызстандын учагына байланышкан Иран операциясы көбүрөөк кызыктырууда. Маселен, талдоочу Анвар Мокеев Иран бийлиги өз элин алаксытуу максатында ушундай кадамга барышы мүмкүн деп болжойт:
- Ирандыктар ички проблемалардан элин алаксытыш үчүн да жасап атышат го дейм.
Эки жүргүнчүнүн террорчу экенинен шеги барын талдоочу-иранист Самат Бекиев билдирди:
- Кармалгандар чын эле ирандык экстремисттик-террористтик уюмдун өкүлдөрү дегенге дагы көп ишенбей турам. Маалыматты туура эмес беришсе керек же болбосо шайлоодон чыккан коогалаңдарга да тиешелүү болушу мүмкүн.
Ал эми мурдагы коопсуздук кызматкери Иманберди Жалиловдун көз карашында АКШ-Иран ич ара күрөштө пайдаланылып жаткан үчүнчү өлкөлөрдүн бири болушу мүмкүн:
- Америка менен Ирандын ортосундагы уранды байытуу боюнча, атомдук станцияларды куруу боюнча келишпестиктер жөнүндө маалыматтарды билесиңер. Ошол маанисинде мамлекеттик департаменттин уюштуруу иштери болушу мүмкүн үчүнчү бир өлкөлөрдө. Анын ичинде Кыргызстанда иштеш оңой.
Жалилов Кыргызстанда экстремисттик маанайдагы ирандыктар жок деп так кесе айта албастыгын да билдирди.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, Кыргызстанга эки миң чамалаш ирандык келип-кетип турат. Алардын көпчүлүгү ишкердик менен алектенишет. Муну “Азаттыктын” кабарчысы менен баарлашкан “Алхудо” китеп дүкөнүнүн ирандык сатуучусу да тастыктап, студенттер өтө аз экенин белгиледи.
Ирандык сатуучу ошол эле мезгилде Бандар-е-Аббаста болгон окуя тууралуу сөз улоону каалаган жок. Элчиликке кайрылууну сыпайы сунуштады. Көпчүлүк байкоочулар Кыргызстанда ишкердик жүргүзгөн ирандыктар саясий маселелер боюнча пикирин билдирүүнү эч качан каалашпай тургандыгын эскертишти.
Кыргызстандык учактан түшүрүп калган Абдумалик Ригини Иран бийлиги “Жундала” аттуу террорчул-экстремисттик уюмдун лидери деп маалымдаган. Ал Кыргызстанга кандай максат менен келаткандыгы тууралуу маалымат азырынча жабык бойдон турат.