Алматыда жүргүнчү ташыган учак кулады

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. 

Казак бийлиги учурда каза тапкандардын саны 15 адамга жеткенин кабарлады.

Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, Нур-Султан шаарына жол тарткан "Bek Air" компаниясына таандык учак жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй калган.

.

Кырсык учуу-конуу аянтынан 800 чакырым алыс жерде болгон. 

Алматыдагы №4 клиникалык ооруканасына келгендер жакындарын издеп жатат. 

Кырсыкта жабыр тарткандардын тизмеси.

Бүгүн 27-декабрда эртең менен "Bek Air" авиакомпаниясына таандык "Fokker-100" учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Ичинде, баштапкы маалыматка караганда, 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.