Иран белуждарынын “Жундалла” экстремисттик тобу өлкө түштүгүндө 18-октябрда болгон террордук чабуул үчүн жоокерчиликти өзүнө алды.
Мындан соң Ирандын ынкылапчыл гвардиясынын командири АКШ, Британия жана Пакистандын чалгындоо кызматтарын “Жундалланы” (“Алланын жоокерлери”) колдойт, топтун ана башы Абумалек Ригини коргоп жүрөт деп күнөөлөдү. Ирандын береги айыптоосун ошол замат АКШ, Британия жана Пакистан четке какты жана чабуулду айыпташты.
2003-жылдан бери “Жундалла” онго чукул чабуул уюштуруп, көп сандагы ирандык аскерлер менен ырасмий адамдарды уурдаган. Былтыр декбардагы үч ирет алар даярдаган жанкечтилер бомба чабуулун жасап, шейит өлгөн.
Чабуулдан кийин президент Ахмадинежад Исламабаддан чабуулду уюштурган “Алланын жоокерлерин” тезинен таап, Иранга өткөрүп берүүнү талап кылган:
-Биз Пакистан өкмөтүнөн террордук чабуулдун негизги катышуучуларын создуктурбай кармап берүүнү сурайбыз. Бизде Пакистандын коопсуздук кызматынын кээ бир агенттери террордук чабуулдун негизги элементтери менен кызматташканы жөнүндө маалымат бар. Кылмышкерлерди өткөрүп берүүнү талап кылууга биздин укугубуз бар.
Серепчилердин пикиринче, Ирандын түштүк чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында акыркы жылдары болгон террордук калабалардын артында турган “Жундалланын” мисалы - Түштүк Батыш Азия өлкөлөрүнүн чек ара аймактары экстремисттерди өстүрчү жылуу-жумаш жай экенин күбөлөйт. Бул экстремисттик топтор региондогу стабилдүүлүктү бузуп, коңшу өлкөлөр арасындагы алаканы татаалдатарын да айкын көрсөтөт.
Лондондо жашаган белужистандык талдоочу Абулсатар Дошукинин айтышынча, Систан-белужилик сунни азчылыктары “Алланын жоокерлерин” аларды Тегерандын кысымынан коргоочу күч катары билишет:
- Белуж эли эки жүйөөдөн улум кордук көрүүдө. Биринчиси - дини үчүн. Көпчүлүк белуждар суннилер, а бийлик шииттерде. Экинчиси, алар этникалык негизде басмырланууда. Ырасмий адамдардын көпчүлүгү, балким, баарысы персче сүйлөшкөндөр деп айтмакмын. Ушундан улам, режим жана эл арасында эбактан келаткан ажырым жана жек көрүүчүлүк бар. Анын кесепетинен бийлик жана эл тымызын тирешип келет.
Иран, Пакистан, Ооганстандын чек ара аймактарында 8 миллиондон ашуун белуж жашайт. Алардын 5 миллионго жакыны Пакистандын түштүк-батышында, 1,5 миллиону Иранда жана 2 миллион чамалуусу Ооганстанда турушат.
Иран өкмөтү “Жундалланы” Вашингтон, Лондон же Исламабаддын колдогонун эгерим далилдеген эмес. Анткен менен, белуждар Иран, Ооганстан, Пакистан ортосундагы чек ара мейкиндигин байырлашкандыктан, “Жундалланы” ушул үч өлкөнүн бири өз кызыкчылыгы үчүн колдошу мүмкүн дешет талдоочулар.
Тахир Мухаммед Хан-Пакистандын түштүк батышындагы Белужистан провинциясындагы абалды узактан бери изилдеп келаткан пакистандык укук коргоочу жана талдоочу. Хандын “Азаттыкка” айтышынча, “Жундалла” экстремисттик кыймылы жоокерлерди негизинен медреселерден алат. Бул жагдай “Алланын жоокерлери” Пакистан талиптери жана башка экстремистчил сунни топтору менен биримдикте болушун ыңгайлап турат.
- Ар кандай уюмдар, өзгөчө, куралдуу топтор чоң акчалай жардамы жок жашай албайт. Ошон үчүн, “Жундулланын” эң биринчи союздашы талиптердин мурдакы лашкер башчысы Байтулла Месуд башындагы уюм. Бул уюмдун максаты шииттерди өлтүрүү жана шииттерге зыян келтирүү.
Хандын оюнча, Пакистан өкмөтү “Жундалланы” пайдаланып, Иран менен мамилесин бузууга эч качан барбайт. Бирок Ооганстандагы Батыш күчтөрү белуждардын “Алланын жоокерлери” сыяктуу топторун Тегеранга кысым көрсөтүү үчүн пайдаланышы ыктымал, деп боолгойт Тахир Мухаммед Хан.
Иран өкмөтү “Жундалланы” Вашингтон, Лондон же Исламабаддын колдогонун эгерим далилдеген эмес.
Пакистан. Талиптердин колдоочулары Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын кыштактардын бириндеги жыйында. 1-июнь 2007-ж.
18-октябрда Ирандын түштүгүндө жанкечтинин бомба чабуулунан кеми 42 киши, анын ичинде Ирандын ынкылапчыл гвардиясынын даражалуу төрт офицери өлгөн.2003-жылдан бери “Жундалла” онго чукул чабуул уюштуруп, көп сандагы ирандык аскерлер менен ырасмий адамдарды уурдаган. Былтыр декбардагы үч ирет алар даярдаган жанкечтилер бомба чабуулун жасап, шейит өлгөн.
Чабуулдан кийин президент Ахмадинежад Исламабаддан чабуулду уюштурган “Алланын жоокерлерин” тезинен таап, Иранга өткөрүп берүүнү талап кылган:
-Биз Пакистан өкмөтүнөн террордук чабуулдун негизги катышуучуларын создуктурбай кармап берүүнү сурайбыз. Бизде Пакистандын коопсуздук кызматынын кээ бир агенттери террордук чабуулдун негизги элементтери менен кызматташканы жөнүндө маалымат бар. Кылмышкерлерди өткөрүп берүүнү талап кылууга биздин укугубуз бар.
Серепчилердин пикиринче, Ирандын түштүк чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында акыркы жылдары болгон террордук калабалардын артында турган “Жундалланын” мисалы - Түштүк Батыш Азия өлкөлөрүнүн чек ара аймактары экстремисттерди өстүрчү жылуу-жумаш жай экенин күбөлөйт. Бул экстремисттик топтор региондогу стабилдүүлүктү бузуп, коңшу өлкөлөр арасындагы алаканы татаалдатарын да айкын көрсөтөт.
Лондондо жашаган белужистандык талдоочу Абулсатар Дошукинин айтышынча, Систан-белужилик сунни азчылыктары “Алланын жоокерлерин” аларды Тегерандын кысымынан коргоочу күч катары билишет:
- Белуж эли эки жүйөөдөн улум кордук көрүүдө. Биринчиси - дини үчүн. Көпчүлүк белуждар суннилер, а бийлик шииттерде. Экинчиси, алар этникалык негизде басмырланууда. Ырасмий адамдардын көпчүлүгү, балким, баарысы персче сүйлөшкөндөр деп айтмакмын. Ушундан улам, режим жана эл арасында эбактан келаткан ажырым жана жек көрүүчүлүк бар. Анын кесепетинен бийлик жана эл тымызын тирешип келет.
Иран, Пакистан, Ооганстандын чек ара аймактарында 8 миллиондон ашуун белуж жашайт. Алардын 5 миллионго жакыны Пакистандын түштүк-батышында, 1,5 миллиону Иранда жана 2 миллион чамалуусу Ооганстанда турушат.
Иран өкмөтү “Жундалланы” Вашингтон, Лондон же Исламабаддын колдогонун эгерим далилдеген эмес. Анткен менен, белуждар Иран, Ооганстан, Пакистан ортосундагы чек ара мейкиндигин байырлашкандыктан, “Жундалланы” ушул үч өлкөнүн бири өз кызыкчылыгы үчүн колдошу мүмкүн дешет талдоочулар.
Пакистан. Медреседе окуган ооганстандык качкын талабалар навайчыдан кезектеги бекер чабаты нанын алышууда. Чаман шаары. 16-октябрь 2009-ж.