Ирандын мамлекттик сыналгысы полиция менен оппозициячыл демонстранттардын ишемби күнкү кагылышуусунда баш калаада 10 киши өлгөнүн, 100дөн ашуун киши жараат алганын кабарлады. Анын алдында, жума күнү Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи калайыкка кайрылуу жасап, Батыш өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө деп айыптаган. 12-июнда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан бери Иранда абал тынчый элек.
Ишембиде коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн союл, сууатма, жаш чыгаруучу газ колдонушту. Англис тилиндеги мамлекеттик “Пресс ТВ” каналы болсо 13 кишинин каза болгону жөнүндө кабарлаган эле. Канал ошондой эле экс-президент Хашеми Рафсанжанинин кызы Фаезех Хашеми жана үй-бүлөсүнүн 4 мүчөсү ишембиде кечинде камакка алынганын маалымдады.
Анын аралыгында Иран полициясынын жетекчиси оппозициянын лидери, шайлоодо утулуп калган реформачыл саясатчы Мир Хоссейин Мусавиге нааразылык акцияларына “чечкиндүү жооп кайтарылат” деп эскертти. Исмаил Ахмади Могхаддамдын ырастоосунда, “бандиттер” Мусави түзгөн “мыйзамсыз кырдаалдын капшабында” аракеттенишүүдө.
Оппозиция президенттик шайлоо бурмаланды деп, анын жыйынтыктарын таануудан баш тартууда. 12-июнь күнкү добуш берүүнү президент Махмуд Ахмадинежаддын жеңгени жарыялангандан бери Иранда нааразылык чыгуулары токтой элек.
АКШ президенти Барак Обама Иран өкмөтүн өз элине каршы зордукчул жана адилетсиз аракеттерин токтотууга үндөдү. Жекшембиде Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд Иран президентинин айыптоосун четке какты. Махмуд Ахмадинежад Кошмо Штаттары менен Британияны Ислам жумуриятынын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга үндөгөн. Милибанд Иран эли өз өкмөтүн өзү тандоого тийиш, Иран бийлиги болсо жыйынтыктардын адилет болушун камсыздашы керек деп белгиледи. Министрдин айтымында, кагылышуулар Ирандын дүйнөлүк сахнадагы аброюна гана шек келтирет.
Анын алдында Ирандын көсөмү атяолла Али Хаменеи да Батыш өлкөлөрүн айыптаган эле.
Буга байланыштуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда иштеген ирандык серепчи жана блогчу Аббас Жавади Ирандагы соңку окуяларга сереп салып, акыркы 30 жылдан бери президенттикке талапкерлер Сакчылар кеңеши тарабынан тандалып келгенин эске салат. Алардын бардыгы бир эле саясий системанын өкүлдөрү, бирок социалдык эркиндиктерге, экономикага, тышкы саясатка көз караштары айырмаланат. Эл тышкы саясатка көп кызыкпайт, алар бакубат турумшка, көбүрөк эркиндиктерге умтулушат, - дейт Жавади.
Анын ырастоосунда, шайлоо аяктай электе эле Ирандын мамлекеттик сыналгысы Ахмадинежадды жеңүүчү деп жарыялап жиберди. Жана бул маалыматты расмий жыйынтыктар чыккычакты улам-улам кайталап турду. Бурмалоолор добуш берүүнүн өзүнө караганда добуштарды саноо учурунда көбүрөөк орун алды. Мен муну так билбейм. Аны бюллетендерди санаган адамдар эле билет, - деп улантат серепчи. Бирок кечки 10дон баштап эртеси күндүн таңына чейин 42 миллион добуш саналып чыкты. 4 талапкерге берилген добуштардын эсеби ошол эле бойдон калды: Ахмадинежад – 62-64 пайыз, Мусави 31-33, Резаи – 2-3, Карруби 1 пайызга жетпеген добуш алды. Ирандай чоң өлкөдө социалдык топтор, шаар, кыштактар, диний, улуттук азчылыктар ортосунда айырмачылыктар бар экенин эске алганда, мындай жагдай шектенүү жаратпай койбойт, - деген пикирде Жавади.
Шайлоо алдында эмне үчүн чөнтөк телефондон кат алышуу мүмкүн болбой калды, сынчыл көз караштагы гезиттерге эмне үчүн тыюуу салынды, оппозициянын веббаракчаларына тоскоолдуктар эмне үчүн түзүлүп жатты? Шайлоо процесси жана анын жыйынтыктарына ишенсеңер эмне себептен эл аралык маалымат каражаттарынын иши чектелүүдө? Эмне себептен тынч митингдерге тыюу салынды, өз пикирин билдирүү укугун пайдалангандар эмне үчүн куугунтукталууда? – деген собол коет Жавади.
Ал Ирандагы бир катар адамдардын ой-пикирлерине таянып, эми өлкөдө репрессиялар күчөйт, Ахмадинежаддын башкаруусундагы өкмөттүн саясаты буга чейинкиден радикалдашат деп күтсө болот, деген тыянак жасайт.