Иран эки айры жолдо же ультраконсерваторлор баш көтөрүүдө

Иран ислам республикасынын түптөөчүсү, аятолла Хомейнинин портрети өкмөтчүл демонстранттын колунда. 19-июнь. Тегеран.

Ирандын консервативдүү диний жетекчилиги өлкөдө саясый реформаны талап кылган толкундоолорду айоосуз басты. Бийликтин ырасташынча, оппозиция тапакерлери менен полициянын кагылышууларында 20 адамдын каны төгүлдү. Консерваторлордун таянчы болгон Ирандын руханий көсөмү, аятолла Хаменейи оорукчан болгондуктан, саясый тирешүү кандай аяктары жана келерки башкөсөм канчалык өз алдынча болору азырынча белгисиз.
Теократтар менен республикачылардын таймашы

Иран, конституция боюнча, Ислам республикасы. Баш мыйзамга ылайык, өлкөнү көрүнүктүү диниятчылар бекиткен Улуу аятолла
Ирандык имамдар жума намазда пикир алмашууда.
башкарат. Бул 1979-жылкы Ислам ынкылабынан бери келаткан салт. Ошол эле учурда Ирандын башмыйзамында Батыштын дүниябий конституциясынан алынган көптөгөн идеялар бар. Маселен, өкмөттү шайлоодо жеңген президент түзөт; эл шайлаган парламент өкмөттүн ишин контролдойт; бийлик бутактары бөлүнгөн жана башкаруу мыйзамга негизделген.

Ошентип, Ислам республикасы түзүлгөндө теократия жана демократия ортосунда башталган күрөш система өзгөртүүгө муктаж экенин эске салып турат. Алсак, 1999-жылкы студенттик толкундоолор жана июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык Иранды солкулдаткан көчө кагылыштары менен коштолду. Эки жолу тең көчөгө чыккан эл республиканы мыйзам негизинде башкарууну талап кылды. Эки жолу тең башкаруучу диний жетекчилик ислам ынкылабынын дөөлөттөрү коркунучта дешип, соттун өкүмү жок эле адамдарды камап, жабык сотторду өткөрүп, маалымат каражаттарын цензуралап жатты.

Алла бардык пенделерин бирдей сүйөт...

Ультраконсервативдүү диниятчылар Ислам мамлекетинде дегеле демократиянын кереги жок, себеби, өкмөттү жана президентти Алла алкаган диний эксперттер туура тандайт дешет. Мына ушундай негизде аятолла Мухаммад Таки Месбах-Язди 12-июндагы президенттик шайлоого эки жума калганда, Махмуд Ахмадинежадды экинчи мөөнөткө бийликте калтыруу үчүн бар чараны колдонууну туура деген фатва чыгарды. Бул фатва Ахмединежад кызматка дайындаган, анын ичинде шайлоону өткөрчү Ички иштер министрлигине, ошондой эле Ынкылапчыл күчтөр менен жарым аскерий “Басиж” отряддарына Ахмединежад үчүн иштегиле деген
Күзөтчүлөр кеңешинин төрагасы, экс-президент Рафсанжани президенттик шайлоодон кийин жакындары камакка алынган аялдар менен кездешүүдө.
буйрук болду. Ахмединежад жеңишин угаар замат түз эле Месбах-Яздиге барып, алкышын айтып турганын диниятчылар арасында таркатылган мына бул видеотасма тастыктап турат:

- Мен жердин жүзүн чайган адилеттиктин толкунунан пайда көргөн карапайым жаран катары Сизге алкыш айткым келет. Мен Сизге бул маселеде жол көрсөткөнүңүз жана аларды башкарганыңыз үчүн ырахмат дегим келет. Ошондой эле бул улуу кыймылга салым кошкон диниятчы досторуңузга ыраазылык билдиргим келет.

Президент Ахмединежаддын бул сөзүн эмне жөнүндө кеп болуп жатканын билген адам түшүнбөсө, сырт адам түшүнбөйт.

1934-жылы жарык дүйнөгө келген Месбах-Язди жыйырма бешке толбой жатып, аятола даражасына жеткен жана Ирандын диний борбору Кумдагы маанилүү үч окуу жайды жетектеп, сабак берген. Бул үч институтта тең демократия Исламга эч коошпогону окутулат жана өлкөнү башкарчу технократ-диниятчылар даярдалат.

Месбах-Язди өзү да коомчулук алдында сүйлөгөн сөздөрүдө Иран 1989-жылы Улуу аятолла Хомейни өлгөндөн бери ал түптөгөн жолдон чыгып кеткенине кыжаалат экенин айтып жүрөт:

- Имам Хомейни көз жумгандан кийин Ислам баалуулуктары, Ислам заң-мыйзамдары жана ынкылаптын баалуулуктары жакшы урматталбай калды. Ынкылаптын бай түшүмү ыпырап баратканына сүйүнүп, түн жамына ыйлаган адамдар жок эмес. Биздин баалуулуктардан чегинүүлөр болду. Баалуулуктарыбызды силер кайра ордуна койо аларыңарга, токтотулган мыйзамдарды ордуна келтирериңерге, алардын маанисин көтөрө аларыңарга ишенебиз.

Өкмөттүк маанилүү кызматтарда Ахмединежаддан башка да Месбах-Яздини жан-дилинен пир туткан жана диний окуу жайда аятолладан таалим алган адамдар бир топ. Алсак, генерал-майор Мухаммед-Али Жафари Ыңкылапчыл гвардияны 2006-жылдан бери жетектейт. Чалгындоо министри Гулям-Хусейн Мохсени Эшейи жана Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин башчысы Мустафа Пур-Мухаммади Кумдагы борбордун бүтүрүүчүлөрү. Бул адамдар башындагы кызматтар жана консевративдүү диниятчылар колундагы бийлик бутактары Иранды конституцияда аныкталган республикалык жолдон Ислам жолуна бурууда негизги күч болууга тийиш дешет серепчилер.

Баса, Месбах Язди жакында өтө таасирлүү Көзөмөл кеңешинин төрагалыгына ат салышып, мурдакы президент Рафсанжаниге жеңилип калды. Рафсанжани 2005-жылкы жана быйыл июнда болгон президенттик шайлоодо Ахмединежад калыс эмес шайланганын айтып чыккан.

Ахмединежаддын жеңиши -"Кудайдын керемети"

Ануширеван Эхтешами - Англиядагы Дурхам университетинин эларалык саясат боюнча профессору. Анын айтымында,
Президент Ахмединежад соттордун жылдык жыйынында сүйлөөдө. Тегеран. 27-июнь, 2009-ж.
Ахмединежаддын өкмөтү 12-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын өздөрү каалагандай жасап, элдин добушун жокко чыгарууну көздөшкөн. Бирок шайлоодон кийинки элдик толкундоолор ультраконсервативдүү диниятчыларды максатына жеткирчү амал али табыла элек экенин көрсөттү, дейт профессор Эхтешами:

- Өкмөт болочокто шайлоого катышкан элдин таасирин жокко чыгаруунун мыкты стратегиясын табышы керек. Анткени, режим элдин өз эркин талап кылуусуна макул боло албайт, элдин талабын четке кагып койо албайт жана бул президенттик шайлоодо орун алган добуштарды бурмалоого көңүл бурбай койо албайт.

13-июнда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялар замат Ирандын руханий көсөмү, аятолла Хаменейи Ахмединежадды жеңиши менен куттуктап, шайлоонун жыйынтыгын “Кудайдын керемети” деп атаган. Добуштар орой уурдалганына нааразы болгон реформачыл талапкер Мир Хусейн Мусавинин жактоочулары жана оппозиция - Ыңкылапчыл гвардия жана жарым өкмөттүк “Басижи” отрядынын, ошондой эле полициянын ур-токмогуна карабай көчө жүрүштөрүн токтотпогондон кийин Аятолла Хаменейи 19-июндагы жума намазда сүйлөп, элдин дооматын угуп, добуштарды кайра саноону буйруган. Өкмөт, серепчилердин айтышынча, руханий көсөмдүн уруксатысыз добуштарды кайра санамак да, демонстрантарга каршы күч да колдоно алмак эмес.

Дүйшөмбү күнү президенти Ахмединежад эмес, руханий көсөм аятолла Хаменеи чет мамлекеттерди Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.