Ирандын реформачыл экс-президенти Мохамад Хатами июндагы митингдер маалында кармалган 100дөй кишинин соттолушун айыптаган билдирүү таратты.
1-августта башталган сотто мурдагы президент Мохамад Хатаминин жакын шакирттери, алардын арасында Ирандын экс-вице президенти Мохамад Али Абтахи да жоопко тартылууда. Өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийин демонстрация, митингдерге катышканы үчүн кармалган жүздөгөн адамдар арасында дагы бир топ белгилүү саясатчы, коомдук ишмерлер бар. Аларга олуттуу кылмыш иштерди жасаган деген кинелер тагылган.
Хатами жекшембиде тараткан билдирүүдө бул сот иштерин Ирандын келечегине көлөкө түшүргөн “жасалма оюн-зоок” катары баалады. Көчөгө нааразылык билдирип чыккан элди соттогондун ордуна абактагыларды уруп-сабап, кыйнагандарды жоопко тартса туура болмок, - деп бушайман болот Ирандын мурдагы президенти.
Соттолуп аткандар арасындагы экс-вице президент Абтахи жана башка бир катар айыпталуучулар 12-июндагы президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгон деп айтууга негиз жок, - деп катасын мойнуна алганын Ирандык телеканалдар көргөздү. “Добуштар бурмаланды” деген сөз көчөгө чыгып, митинг өткөрүп, кагылышуу уюштургандар үчүн атайын белги болгон, - деп сот алдында “жашыруун сырды” ачат Абтахи.
Хатами баш болгон реформачыл саясатчылар айыпталуучуларды антип күнөөсүн мойнуна алдыруу ыкмасы Иранда илгертен жолго коюлганын, андыктан абакта отургандардын сотто айткандарына эч убакта ишенбей турганын билдиришти.
Абтахинин жакын туугандары анын соттогу сөзү кадимки турмушта сүйлөө стилине коошпогон, жасалма сүйлөмдөр болгонун, андыктан ал бирөөнүн талабы боюнча даярдалган сөздөрдү кайталап айтканын белгилешет. Сотко адвокат, же коомдук коргоочулар киргизилбей, баары жабык эшик артында өтүп жатат.
Тегерандык адвокат жана журналист Саед Разави Фагин бийликтегилер мындай көрсөтмөлүү сот отурумдары аркылуу оппозицияны коркутуп, элдин нааразычылыгын күч менен басууга аракеттенүүдө деп эсептейт. “Соттун өзү жана шайлоодон кийинки камап-коркутуулар – Ирандык консерваторлор үчүн бир оңтойлуу учур болду окшойт. Алар көптөн бери өзүлөрүнө каршы каш кайтарып, сын айткандарга катаал чара колдонгусу келип жүргөн”, - дейт Тегерандык журналист.
Сотто айыпталуучулар Тегеран жана башка шаарлардагы элдик толкундоолор үчүн Ирандын дагы бир таасирдүү экс-президенти Акбар Хашеми Рафсанжанини да күнөөлөштү. Алардын айткандарына ишенсек, Рафсанжани, Хатами жана Мусави өз ара сүйлөшүп алып, президент Ахмадинежад менен Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Хаменеиден өч алмак болушкан. Хатами баш болгон реформачыл саясатчылар теледен көргөзүлгөн сот отурумдары аларды терең өкүнүчкө салганын, андай жасалма оюндар коомчулуктун кыжырдануусун гана күчөтөөрүн эскертишти.