Иран: Добуштардын кайра санагы элди тынчыта алабы?

Мир Хоссеин Мусавинин колдоочуларынын 15-июндагы көчө жүрүшү.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чоң талаш туудурган Иранда өлкөнүн эң жогорку органы - Көзөмөл кеңеши 12-июндагы президенттик шайлоодогу добуштардын бир бөлүгүн кайра саноого даяр экенин жарыялады. Мунун алдында кечээ Ахмадинежаддын президенттикке кайра шайлануусуна каршы ислам ыңкылабынан берки эң ири деп эсептелген нааразылык акциясы өтүп, анда атылган октон 7 адам мерт болгон эле.
12-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан талапкер Мир Хоссеин Мусавинин жактоочулары көчө жүрүштөрүн бүгүн да өткөрөрү күтүлүп жаткан. Бирок Мусавинин өзү жактоочуларын демонстрацияга чыкпоого чакырды. Буга Тегерандын алар чогулууну мерчемдеген аянтында президент Ахмадинежаддын жактоочуларынын да антимитинг белгилегени, бийлик демонстранттарга каршы күч колдонууга даярданууда деген маалыматтардын тараганы себеп болгондой.

Мусавинин маалымат катчысы Рейтер агенттигине “ал колдоочуларын бүгүнкү демонстрацияга өз өмүрлөрүн сактоо үчүн катышпоого чакырды”, - деп айтты. Маселен британ басма сөзүндө нааразылык акциясы өтүүчү жерди курчаган имараттарга снайперлер жайгаштырылганы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен.

12-июндагы шайлоодо Ахмадинежаддын башкы атаандашы болгон Мир Хоссеин Мусави расмий маалымат боюнча добуштардын 33%дан бир аз ашуунун алган. Бирок мурдагы премьер-министр жана реформачыл лагердин өкүлү катары эсептелген саясатчы добуштар олуттуу бурмаланды деп эсептейт жана шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган. Мисалы Ахмадинежад улуту боюнча азери Мусавини анын кичи мекени катары эсептелген шаарчада да утуп алганы чоң күмөн туудура турган факт катары каралууда. Шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын Мусави менен катар президенттикке талапкерлердин дагы бири, мурдагы спикер Мехди Каруби да айткан.

Кечээ Тегеранда ислам ыңкылабынан берки эң ири деп эсептелген нааразылык акциясы учурунда сүйлөгөн сөзүндө Мусави шайлоону кайра өткөрүү зарылдыгын белгилеген эле. Ал жана Мехди Каруби “бир нече урналардагы” бюллетендерди кайра санагандын ордуна кайра шайлоого барууга артыкчылык беришерин Көзөмөл кеңешинин жарыясынан кийин Рейтер агенттиги Мусавинин өкүлүнө шилтеме берип кабарлады. Ал эми көзөмөл кеңешинин өкүлү кайра санактан кийин добуштардын соңку санында өзгөрүү болушу мүмкүндүгүн айтты.

Ислам ыңкылабынан берки эң ири демонстрация


Ирандын ички иштер министрлигин тыюу салганына карабай, кечээ күбөлөрдүн айтымында жана маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Мусавиге колдоо көргөзүү үчүн Тегерандын көчөлөрүнө бир миллиондой адам чыкты. Бирок 1979-жылкы ислам ыңкылабынан бери өкмөткө каршы өткөн эң ири демонстрация деп мүнөздөлгөн нааразылык акциясы кан төгүү менен коштолду. Мамлекеттик теле кечээги нааразылык акциясы учурунда 7 адам каза тапканын маалымдады.

Күбөлөрдүн айтымында, Тегеранда демонстрация өтүп жаткан жерге жакын турган аскерий бекетке адамдардын тобу кол салганда, ал жактан ок атылган.

АКШ президенти Барак Обаманын тынчыздануусу

Ирандан мына ушундай маалыматтар түшүп жаткан кезде, ал жердеги талаштуу шайлоону алгачкы ирээт АКШ президенти Барак Обама да комментарийлеп, буларды белгиледи:


-Мен теледен көргөн кыянатчылыктарга терең тынчыздандым. Менимче демократиялык жараян, сөз эркиндиги, башкача көз карашты кармануу мүмкүнчүлүгү - урматтоону талап кылган жалпы баалуулуктар. Мен үчүн соңку күндөрү теледен көрүп жаткандарыма үн катпай кою туура эмес болмок. Саясий жараяндан көптү үмүт кылган, эбегейсиз энергиясын жумшаган, ага оптимизм менен караган адамдарга, шайлоонун акыркы жыйынтыгы кандай болгонуна карабай дүйнө байкоо салууда жана силердин катышууңар шыктандырды деп айтмакчымын.

Ураан-чакырыктар түн ичи да айтылууда

Шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары кечээ Тегеранда эле эмес Табриз, Шираз, Ахваз, Караж жана башка шаарларда да орун алган. Күбөлөрдүн “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна билдиргенине караганда, көптөгөн ирандыктар Тегеранда, Мешхедде жана башка шаарларда түн ичи үйлөрдүн чатырына чыгып алышып, “Аллах Акбар” деп кыйкырышып, Мусавини колдогон ураан-чакырыктарды айтышууда.

Маселен Тегеранга жакын турган Караж шаарынын бир тургуну өткөн түнү “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун перси кызматы – "Фарда" радиосуна буларды билдирди:

- Мына азыр Каражда көп адамдар үйлөрүнүн чатырларында жүрүшөт. Сиз аларды уга аласыз, баары “Аллах акбар” деп жатышат. Мындай нерсе күн сайын кечки саат ондон он жарымга чейин болууда.

Камоолор токтой элек өңдөнөт

Ирандан ошондой эле рефомачылардын жактоочуларын камакка алуулар уланып жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө. Маалыматтарга караганда, дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү реформачыл саясатчылардан мурдагы вице-президент Мохаммед Али Абтахи камакка алынган. Ал азыркы шайлоодо президенттике талапкер болгондордун бири мурдагы спикер Мехди Каруби үчүн жүгүргөн эле.

Дегеле акыркы үч күндөн бери Иранда 150дөй адам кармалган. Алардын канчасы абакта, канчасы бошотулганы белгисиз.

Фарс жаңылыктар агенттиги бүгүн Ирандын чалгын министри Голам Хоссейн Мохсени Эджехиге шилтеме жасап, коопсуздук күчтөрү шайлоодон кийинки тополоңдорго катышы бар деп шектелген дагы 26 адамды камакка алганын маалымдады.

Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму камакка алынгандар кыйноого же башка мыйзамсыз чараларга туш болушу мүмкүн экендигин эскертүүдө. Бул аралыкта кээ бир ирандыктар Интернеттеги “Facebook” түйүнүндө дүйнөнү Ахмадинежадды Ирандын президент катары тааныбоого чакырган өнөктүк башташты. Шайлоодогу жеңишин адилет жана чыныгы деп атаган Ахмадинежаддын өзү болсо бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун Екатеринбург шаарындагы саммитине катышты. Ал жерде Борбор Азия лидерлери Ахмадинежадга шайлоодо жеңип чыкканына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн жолдошту.