Өлүм жазасын кайра кайтаруу канчалык зарыл?

"Ыңгайсыз суроолор" сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы өлүм жазасына арналат. Соңку учурда аны Кыргызстанда кайра калыбына келтирүү керек деген демилгелер көтөрүлө баштады. Бул ирет көрсөтүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейитказиев жана «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун директору Төлөйкан Исмаилова катышмакчы.
Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейитказиев
Бул меймандарга бере турган сурооңуз болсо, анда жарыябыздын астындагы шерине бөлүгүнө алдын-ала жазып койсоңуз болот. Аты-жөнүңүздү, электрондук дарегиңизди жана телефон номуруңузду да жазууну унутпаңыз. Бул маалымат сиз менен кайра байланышуу үчүн керек. Сиздерден курч жана багыттоочу суроолорду күтөбүз.



«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун директору Төлөйкан Исмаилова
Cиздерди ар аптанын шаршемби күнү Бишкек убакыты боюнча саат 21:00де "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүн көрүүгө чакырабыз.

Шериктерибиз “Манас жаңырыгы” (Бишкек) жана “Керемет” (Ош) сыналгы компанияларынын каналдары аркылуу обого чыгып жаткан бул апталык сыналгы берүү Кыргызстандын жалпы саясатындагы, реформа кыймылындагы, адам укуктарын сактоо жаатындагы, социалдык, экономикалык жана маданий турмушундагы маанилүү, ургаалдуу жана көйгөй маселелерди ырааттуу чагылдырат.