Дарфур алааматы: Судан президенти ал-Баширди колдоочулар да табылды

Cудан, президент Омар ал-Башир, 4-март, 2009-жыл.

Судандын президенти Омар ал-Башир Дарфур чөлкөмүндөгү аскерий кылмыштар үчүн жооптуу, ошондой эле адамзатка каршы кылмыш жасады деген доого кабылды. Ушул негизде Эларалык кылмыштар боюнча Гаагадагы сот ал-Баширди камакка алуу жөнүндө буйрук чыгарды.

Эларалык кылмыштар боюнча Гаагадагы сот 4-марттагы отурумунда Судан президенти Омар Хасан ал-Баширди согуш кылмышкери болду, адамзатка каршы кылмыш жасады, адамдарды өлтүрдү, элди мажбурлап көчүрдү деген сыяктуу доолор боюнча, бардыгы болуп жети кылмыш иш боюнча, сот алдында жооп берүүгө тийиш деп тапты.

Бирок эл аралык соттун айтымында, президент ал-Баширди дагы бир олуттуу кылмыш боюнча - өлкө түштүгүндөгү Дарфур аймагынын ынды кара калкына каршы геноцид жүргүздү деген доо боюнча - күнөөлөгөнгө жетерлик далил табылган эмес.


Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, алты жылдан бери келаткан Дарфур жаңжалында 300 миңдей киши өлтүрүлгөн, 2, 7 миллионго жакын адам там-жайын таштап, качкын болгон.

Сот өкүлү Лауренс Блейрон шаршемби күнү (4-мартта) Гаагада жасаган билдирүүсүндө президенттик кызмат ал-Баширди сот жоопкерчилигинен коргой албастыгын эскертти:

«Бул Эларалык кылмыштар боюнча соттун аракеттеги мамлекет башчыны камоо жөнүндө берген биринчи буйругу. Омар ал-Баширдин мамлекет башчы деген вазийпасы аны кылмыш жоопкерчилигинен куткарбайт жана Эларалык кылмыштар боюнча соттун тергөөсүнө каршы иммунитет бербейт».

Баш прокурор Луис Морено-Окампонун маалымдашынча, сотто ал-Баширдин Дарфурдагы африкалык үч адаватчы урууга каршы кандуу булоонду жеке өзү көзөмөлдөгөнүн тастыктаган 30дай күбөнүн далили бар. Морено-Окампо кылмышкерди камакка алуу Судан өкмөтүнүн милдеттенмеси экенин да кошумчалады:

«
Судан өкмөтү - эларалык мыйзамга ылайык - камакка алуу жөнүндө буйрукту өз жеринде аткарууга милдеттүү. Биз башка бирөөгө кайрылбайбыз. Эгер Судан өкмөтү камакка алуу боюнча буйрукту аткарбаса, аны БУУнун Коопсуздук Кеңеши аткартууга тийиш.»



Ошентип, Гаагадагы сот өзүнүн жети жылдык тарыхындагы биринчи жолу мамлекет башчыны камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды.

Президент ал-Башир болсо Эларалык кылмыш соту бул сыяктуу он буйрук чыгарса да моюн сунбастыгын билдирди.

Судандын президентин камакка алуу боюнча Гаагадагы соттун буйругун Эларалык мунапыс уюму колдоп, ал-Баширди өз ыктыяры менен эларалык сотко барып берүүгө чакырды.

Араб Лигасы жана Африка Биримдиги БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Эларалык кылмыштар боюнча сотту «опурталдуу кадамга» бардырбоо тууралуу суранган. Аларды Орусия менен Кытай да жактады.

Бирок, АКШ, Британия, Франция ал-Баширге каршы жараянды токтотпоо керек деп санашат.

Судан өкмөтү Гаагадагы сот менен кызматташпастыгын, анын өкүмү Суданда күчсүз экенин билдирди.

Эларалык кылмыштар боюнча сот 2002-жылы 100дөн ашуун өлкөнүн макулдугу менен түзүлгөн.

Бул келишимге Судан кол койгон эмес. Ошондуктан, ал-Башир келишимге кошулган кайсы бир өлкөдө гана камакка алынышы мүмкүн.