М. Горбачев: "Кошуласың же..." деп демитмей чектен ашты

Мурдакы СССРдин президенти М. Горбачев Москвадагы "Горбачев фондусунун" кеңесинде "Азаттык" радиосуна интервью берүүдө. 20-октябрь.

Мурдакы СССРдин президенти М. Горбачев кремлчил “Бирдиктүү Россия” партиясын ай башында Россиянын региондорунда болгон шайлоолорду бурмалоолор үчүн жооптуу деп айыптады.
М. Горбачевдун сөзүнчө, башкаруучу партиянын орой мыйзам бузууларга көмөкчү болуусу коомчулуктун өлкөдөгү авторитардык саясый системаны реформалоого чакыруусуна түрттү.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти дале саясаттан кете элек. Ал Социал-демократтык партиянын теңтөрагасы. Экс-президент “Азаттыкка” интервьюну бийликчил “Бирдиктүү Россия” партиясынын октябрдын баш ченинде региондордо өткөн шайлоодо добуштарды орой бурмалоолорго жооптуу экенин сындоодон баштады:
Нурсултан Назарбаев, Михаил Горбачев, Борис Ельцин. Көзкарандысыз "С-Демократ" гезитиндеги сатиралык сүрөт. Алматы. 1992-ж.


- Күнөө “Бирдиктүү Россия” өкүмзорлук кылган Мамдумада жана партияны ар кандай айла-амалдар менен колдогондордо. Муну түшүнүү аябай маанилүү. Эгер кийинки жылдары шайлоо системасын демократиялаштырабыз деп маал-маал өзгөртүлгөнүнө назар салсаңыз, бардык нерсе адамдарды саясый жараянга катышуудан четтетүү үчүн жасалганын байкайсыз. А бул-иш жүзүндө-элди саясый жараяндан четтетти. Адамдар талапкерлердин тизмеси менен макул болбой, алардын баарын бюллетенден чийип сала албай калды. Мурда (Шайлоо кодексинде) андай берене бар эле. “Бирдиктүү Россия” ал беренени сактай албай, жоюп жиберди. Бул партия деген административдик ресурстарды пайдаланунун механизми болуп калды. Ага бардык губернаторлор жана “кошул” дегендердин баары кирди. “Кошуласың же” деп демитмей азыр чектен чыгып, шайлоо көз бойомочулукка-профанацияга айланды.

Британиянын премьер-министри Маргарэт Тетчер жана СССРдин лидери Михаил Горбачев. Москва. Кремль. 30-март 1987-ж.
Акыркы жылдары Горбачев Россияда колдонууга киргизилип жаткан авторитардык чараларды, өзгөчө, эркин басылмаларды жана сөз эркиндигин чектөөлөрдү, көз карандысыз саясатчылар менен бейөкмөт уюмдарды кодулоону озунуп сындап жүрөт. Бирок да, Россиянын азыркы саясатынын жүгөнчүсү деп эсептелген Владимир Путиндин колдоочусу.

-Бюрокартияга, кызматты кыянаттык менен пайдаланууга жана жемсөөлүккө каршы чыныгы демократия болбой күрөшүү мүмкүн эмес. Биз аны муунтуп, муунтуп, муунтуп жатабыз. Муну ким муунтууда? Парламенттин өзү.

СССРдин биринчи жана акыркы экс-президенти Михаил Горбачев Кремлдин тышкы саясатынын сүрөөнчүсү. Ал АКШнын мурдакы президенти кенже Жорж Бушту сындап, президент Медведевдин Европанын коопсуздугу боюнча жаңы келишим түзүү демилгесин жактаган. Горбачевдун Барак Обамага да көзү түз жана АКШ дагы узак жылдар дүйнөлүк саясатка таасири күчтүү супердержава бойдон кала берет деген ишеничте.
Михаил Горбачев аялы Раиса менен. 1989-ж.


-Менден Барак Обаманын Нобелдин тынчтык мукапатын алганы тууралуу сурашканда, мен Нобель комитетинин чечимин колдойм дегем. Америка дагы көп жылдар дүйнөнүн жүрөк толтосунда болот. Бул Америкасыз, анын эл аралык коомчулуктун таламын чагылдырган конструктивдүү саясатысыз эч бир иш ийгиликке жетпейт дегенди түшүндүрөт. Биз ошон үчүн өз өлкөсүнө жана дүйнөгө ишеним берген Обамадай президентти колдошубуз абзел. Обаманын саясаты азыр эле жемиш берүүдө. Ал сыйлыкка татыды. Эми Обама Нобель комитети аны түрткөн чыйырдан чыкпайт.

Михаил Горбачев өзүнүн коммунизмди кыйратуудагы орду тууралуу көзкарашын 1991-жылдан бери өзгөртпөй келет. Анын оюнча, Россиянын азыркы бийлигинин мамлекетте Сталинден да бекем тартипти орнотуу аракетинен эч нерсе чыкпайт:
Казакстан БКсынын биринчи катчысы Д. Кунаев(оңдон биринчи), Казак ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Н. Назарбаев(солдон экинчи), КПСС БКнын башкатчысы М. Горбачев. Целиноград(азыркы Астана). 1985-ж.


- Бийликтегилер Сталинден да кем эмес башкаруу механизмин түзөбүз деп ойлошот. Мындай жолго ылайым эле Кудай жол бербесин.

Горбачев өзүнүн “кайра куруу” саясаты ишке ашпай, жеңилгенин танбайт:

- Мен саясатчы катары кайра куруу үчүн салгылашууда жеңилдим. Бирок кайра куруунун саясаты, тышкы саясатта, жаңыча ойлонууда эбегейсиз жеңишке жеттик. Россияда болгон окуялар эми кайра артка кайтарылбайт.

Михаил Горбачевдун пикиринче, ал Нобелдин тынчтык мукапатын туура алган. Совет өлкөсүн кулатууга алып келген реформаны баштоочулардын бири, мурдагы ССCPдин тышкы иштер министри Эдуард Шеварнадзе "Азаттык" радиосуна ай башында берген маегинде Горбачев менен чогуу Нобель сыйылыгын алууга ал да татыктуу экенин айтып, мукапатка жетпей калганы үчүн ошол жылдардагы жакын санаалашы Горбачевду күнөөлөгөн.

Борис Ельцин менен таймаштын натыйжасында бийликсиз калган Горбачев 1992-жылдан бери Социалдык-экономикалык жана саясый изилдөөлөр боюнча эл аралык фондду жетектейт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

М.Горбачев: Шайлоо көз бойомочулукка айланды