Орусия 15-сентябрда жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия менен коргонуу пактысына кол коюп, эми булардын жээгине жакындачу грузин кемелери камакка алынарын эскертти.
Документке Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков, анын Абхазия жана Түштүк Осетиялык кесиптештери Мераб Кишмария менен Юрий Танаев кол коюшту. Сердюков келишим эң башкысы жикчил эки аймактын элин коргоону көздөйт деп сыпаттады. Ал анткен менен, Грузиялык саясатчылар Москва бул пактыларга кол коюп, Кара деңиздин тегерегиндеги опуртал аймакка кошумча тамызгы кошту деген пикирде. Грузин парламентинин аймактык маселелер комитетинин төрагасы Шота Малашхия келишимди кескин сынга алды:
- Бул ортодогу чыңалууну курчутуу гана аракети. Орусиянын агрессиячыл жөндөмү жалпыга маалым, бирок ал эми чектен аша албайт, Абхазия антүүгө кудурети жана чамасы аз. Орусия чоң аскердик операциядан көрө ушундай майда бузукулук иштер менен алагды болчудай.
Москвада кол коюлган пактыларга ылайык, Орусия жикчил эки аймактын ар биринде 1700дөн аскерин 49 жылдык мөөнөткө жайгаштырат, андан ары келишим ар беш жыл сайын жаңыртылып турмакчы. Абхазиядагы орус аскерлеринин башкы штабы деңиз жээктеген порт шаар Гуадаутада орун алса, Түштүк Осетиядагы башкы штаб чөлкөмдүн борбору Цхинвалиде жайгашат.
Жаңы келишимдерде жикчил аймактардагы жүздөгөн орус чек арачылары тууралуу маалымат айтылбайт, алардын иш тартиби башка макулдашууларда бекитилген. Орусия андан тышкары Абхазия менен Түштүк Осетиянын аба мейкиндигин, деңиз үстүндөгү аймагын коргоого жардам берүү тууралуу макулдашууга кол койгон, бирок эл аралык мыйзамдар боюнча эки аймак тең азырынча Грузияга караштуу эсептелет.
Грузия аймактык бүтүндүгүн коргоо максатында өзү уруксат бермейинче, Абхазия менен эл аралык соода жүргүзүүгө тыюу салып, чөлкөмгө бараткан чет элдик кемелерди жолдо кармап келатат. Ага ачууланган абхаз жетекчилери эми колго түшкөн грузин кемелерин талкалап, иштен чыгараарын эскертти.
Орусиянын Абхазия аймагындагы грузин кемелерин камакка алуу тууралуу эскертүүсүн уккан Грузиянын чек ара кызмат башчысы Заза Годава: “Акылга сыйбаган мындай коркутууга эмне демек элем? Орусия мындай билдирүүлөрдү күн алыс жасап атпайбы. Биздин кемелерди камайбыз деп коркутат, аларды кайда камайт экен? Биз өз аймагыбызды көзөмөлдөн чыгарбайбыз”, - деген жообун узатты.
Грузиянын карамагында бардыгы 19 кеме бар, алардын эң чоң, кубаттуулары былтыр августта Орусия менен согушта зыянга учураган. Түштүк Осетия менен Абхазия экономикасы ушу тапта негизинен Орусиялык инвестициянын эсебинен бутка тура баштаган кез, жикчил чөлкөмдөрдүн көз карандысыздыгын Москвадан башка Никарагуа менен Венесуэла гана тааныды.