Өткөн жумада 27 өлкөдө Европарламентке шайлоо өттү. Шайлоочулар негизинен орточул-оңчулдарды жана анти-иммиграциячыл ашынган оңчул партияларды колдошту.
Британияда башкаруучу Жумушчулар партиясы 6 процентке жетпеген добуш алды. Бул Жумушчулар партиясынын I-Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң жеңилиши.
Европарламентке болгон шайлоодо Франция, Германия, Италия жана Польшада башкаруучу орточул-оңчул партияларды эл кызуу колдоду. Британия жана Испанияда бийликтеги солчулдар, ал эми Австрия, Венгрия, Эстония жана башка өлкөлөрдө социалисттикпартиялар жеңилип калды.
Көпчүлүк байкоочулар үчүн ар бир экинчи шайлоочу да катышпаган саясый өнөктүктө Британ улуттук партиясынын жеңиши жана премьер-министр Гордон Браун башындагы Жумушчулар партиясын шайлоого жарамдуу элдин 6 проценти гана колдогону болду. Браундун партиясынын популярсыздыгын Лондондо чыгуучу “The Spectator” журналынын саясый редактору Фрэйзер Нелсон дүйнөлүк экономикадагы рецессиядан улам өлкөдө жумушсуздуктун өсүшү, ошондой эле эл ичиндеги анти-иммиграциячыл маанай менен түшүндүрөт:
-...акырыкы 10 жылда иммигранттардын саны дээрлик эки эсе өстү. Бул кээ бирөөлөрдү тынчсыздандырууда. Британ коомчулугу экономикадан да иммиграцияны олуттуу маселе көрөт. Не жумушчулар партиясы, не консервативдер иммиграция темасын козгогонго даяр эмес болгондуктан, жалгыз Британ улуттук партиясы иммиграция жөнүндө айтып чыкты.
Ырасында эле, Ливерпул, Глазгов сыяктуу чоң шаарларда жумушсуздуктун деңгээли 15 процентке жеткен. Улуттук партиянын иммигранттарга каршы күрөшүү планы кандай? Нелсондун айтышынча:
- Көпчүлүк нео-нацисттик партиялар сыягы Британ улуттук партиясы өнөр жай ишканаларынын көбүн улутташтырууну жана соодада ички рынокту коргоону сунуш кылышат. Алар “массалык иммиграцияга” каршы жана ак эмес расадагылардын жол чыгымын төлөп, “ыктыярдуу түрдө” үйүнө жөнөтүү керек дешет.
Көпчүлүк серепчилер Британ улуттук партиясы Франциянын улуттук фронту сыяктуу эле эч качан бийликке жетпейт деген ишенимде. Фрэйзер Нелсон 1930-жылдардагы британ фашисттеринин ана башы, сэр Освальд Мосли парламентке шайланбай жүрүп, ал түзгөн союз 1942-жылы тыйылганын айтат.
Британ тарыхчысы Эрик Хобсбаум Европарламентке шайлоодо ашынган оңчулдар айрым ийгиликке жетишкени менен саясат орточул оңчулдар жакка оогонун жана солчул партиялар кризисте экенин айгинеледи дейт.
Албетте өкмөттүк партиялар болочокто элдин маанайын эске алат. Бирок улуттук өкмөттөр иммиграцияны контролдой албайт. Буга Евробиримдик уруксат бербейт.
Европарламентке болгон шайлоодо Франция, Германия, Италия жана Польшада башкаруучу орточул-оңчул партияларды эл кызуу колдоду. Британия жана Испанияда бийликтеги солчулдар, ал эми Австрия, Венгрия, Эстония жана башка өлкөлөрдө социалисттик
"...акырыкы 10 жылда иммигранттардын саны дээрлик эки эсе өстү. Британ коомчулугу экономикадан да иммиграцияны олуттуу маселе көрөт."
Фрэйзер Нелсон.