Дүйнөлүк экономика оңолуу огуна түштүбү ?

Дүйнөнүн каржы системасында тартип орнотуу аракетинде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан ири жыйырма өлкөнүн лидерлери быйыл эки ирээт жыйын курду.

Аяктап калган 2009-жылды дүйнө экономикасы ондогон жылдар ичиндеги эң оор каржы кризистин таасири астында баштаган эле. Кризистин кесепетин азайтуу аракетинде дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү мурда болуп көрбөгөн чараларга барып жатышкан. Аяктаган жыл ичи ошондой эле резервдик валюта катары америкалык долларды алмаштыруу чакырыктары айтылып турду.
Жаңы жылга дүйнөлүк экономика кандай жараяндар менен кирүүдө, рецессиядан чыгып, оңолуунун огуна түштүбү? “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу ушул жана башка суроолор менен АКШдагы Мичиган университетинин экономика боюнча профессору Ян Свейнарга (Jan Svejnar) кайрылды.


“Азаттык”:
- Урматтуу профессор, экономика төмөндөөдөн жогорулоо жолуна түштү деп айтууга болобу, рецессиянын экинчи эпкинине кабылуу тобокелчилиги көрүнбөйбү?

Ян Свейнар: - Биздин оюбузча, орун ала тургандай болуп турган сценарий бул: АКШ, Европа жана жалпы дүйнө рецессиядан акырындык менен чыгат жана 2010-жылда экономикада мээлүүн өсүштү күтүүгө болот. Мунун алкагында, албетте, рецессиянын экинчи эпкини да чыгышы мүмкүн. Бул ыктымалдуулук, биздин ушу таптагы эсебибиз боюнча, күтүлгөн эки сценарийдин чындыкка көп коошпой турганы.

Бирок жагдай бир катар маселелерге жана жараяндарга көз каранды болот. Каржы секторунун проблемалары азырынча толук чечиле элек. Бир катар чөйрөлөрдө биз азыр күбө болуп жаткан өсүш өкмөттөрдүн каржылык колдоосу аркасында жетишилди. Акчалай түрдө көргөзүлгөн олуттуу жардам ал экономикаларды жандантты. Бирок бул түбөлүккө созула албайт. Андыктан биз рецессиянын экинчи эпкининин ыктымалдуулугу жөнүндө эскерткен учурда бир нече факторду эске алабыз. Анткен менен азыркы тапта дүйнөнүн бир катар аймактарында байкалып жаткан кайра жандануунун кубатын жана масштабын эске алуу менен чындыкка жакын сценарий боюнча экономикадагы жогорулоо башкалар күткөндөй ыкчам болбосо да, акырындык менен калыбына келет деп ойлойбуз.

“Азаттык”: - Дүйнөнү солкулдаткан кризистин себебин көптөр башка факторлор менен бирге, карызды эң көп алган АКШ жана резервдеги акчасы эң көп Кытай сындуу өлкөлөр ортосундагы тең салмаксыздыктан да көрүштү. Ал дисбаланс жоюлбаса, кризис кайталанат деген аргументтер да айтылды. Бул маселени кантип чечүүгө болот?

Ян Свейнар: - Мен бул суроого жооптуу тең салмаксыздык таңууланган көрүнүш эмес экенин баса белгилөө менен баштагым келет. Биз мындай жагдай адамдар карманган белгилүү бир адаттардан аркасында жаралганын жана америкалык керектөөчүлөр кээ бир башка өлкөлөргө салыштырмалуу илгертен эле көбүрөөк коротууга ык алганын аңдап-билишибиз керек. Чет элдик валютанын салыштырмалуу өтө чоң корун жыйноо менен Кытай жакшы жөрөлгө көргөздү. Бирөө-бирөөнү мажбурлаган жок. Бул жөнөкөй эле жыйынтык. Кытайдын жүрүм-туруму өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкалары үчүн да мүнөздүү. Буга Индия да жакшы мисал боло алат. Алар да бир нече каржы кризистеринен кийин чабуулга туруштук берүү үчүн чет элдик валютанын чоң корун түзүшкөн. Башка жүйөөлөр да болгон, бирок негизги себеби ушул эле. Андыктан, биз көрүп жаткандай, АКШ сындуу салыштырмалуу чоң кор түзгөн өлкөлөрдө керектөө деңгээли жогору жана сарптоо деңгээли төмөн.

Көп жагынан алганда, бул өзүнөн-өзү пайда болгон жыйынтык жана өзгөртүү кыйын. Алмашуу курсу өкмөттүн колунда турган кытай улуттук акчасы – юанды кошпогондо, калгандарынын баары мажбурланган нерсе эмес. Маселен АКШ америкалык жарандарды керектөөгө же сактоого мажбурлай албайт. Бул абдан татаал иш. Ага тикелей таасир бере турган аспап - Кытай улуттук акчасынын алмашуу курсун бош коё берүүсү же жок дегенде бир аз көтөрүүсү. Соңку жыйырма жылдан бери ал муну акырындык менен жасаган, бирок кайра токтотуп койду. Улуттук акчасынын курсун көтөрүү же толугу менен эркин коё берүү үчүн Кытай ушул жараянды улантса дурус болмок. Ошондо АКШда акча жыйноону стимулдаштыруу же керектөөгө тоскоолдук кылуу үчүн салыктар же башка кыйыр ыкмалар колдонула алат. АКШда андай аспаптар азыр деле бар. Маслен өкмөт адамдарды улгайган курагы үчүн акча жыйноого шыктандыруу аракетин жасап келүүдө. Жеке адамдардын акчасы топтолгон фонддор салыктан бошотулган учурлар бар. Ушуга окшогон ыкмалардын башкаларын да колдонууга болот.

“Азаттык”: - Аяктаган 2009-жылы Кытай, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн, башка мамлекетерден да эл аралык резервдик башкы валюта катары доллардан кетүү чакырыктары да айтылды. Буга баруу дүйнөнүн кызыкчылыгындагы ишпи?

Ян Свейнар: - Биз ушул жааттагы айрым өзгөрүүлөргө буга чейин эле күбө болдук. Евро экинчи маанилүү резервдик валютага айланып калды. Көп өлкөлөр, компаниялар, жеке адамдар да колундагы акчасын диверсификациялоодо. Алардын долларды гана жыйнабоону же каржы чөйрөсүндө доллар гана үстөмдүк кылбай, еврого, балким швейцар франкына да ээ болууну көздөшкөнү - табигый көрүнүш. Биз айрым өлкөлөр колундагы корун аралаштыруу аркылуу долларга өтө эле көз каранды болуудан четтеп жатканын байкоодобуз. Бул азбы-көппү адамдар эмнеге артыкчылык берерине жана кырдаалдын өнүгүшүнө жараша улана берет. Бул жараянга биз буга чейин эле кирдик. Менимче, диверсификация жөнүндөгү аргумент күчтүү аргумент. Балким өлкөлөр доллардан кетүү үчүн азыркыдан да көбүрөөк диверсифакцияга барат. Ири мамлекеттердин бири да, Кытай мунун жакшы мисалы, дүрбөлөң салууну көздөбөйт. Алар, эгер диверсификацияны улантса, акырындык менен ишке ашырат. Мен биз резервдик валюта катары доллардан толук баш тартылган учурга күбө болобуз деп ойлобойм.

“Азаттык”: - Доллардын 2009-жылдын басымдуу бөлүгүндө нарксызданган соң жыл аягына барып кайра жогорулай баштоосун кандайча түшүндүрөсүз?

Ян Свейнар: - Баарынан мурда эч ким алмашуу курсунун аки-чүкүсүн толук билем деп ырастай албай турганын белгилеп кетким келет. Алмашуу курсунда экономикалык жана экономикалык эмес факторлордун бир канчасынын таасири бар. Андыктан алмашуу курсунун кыймылын бир же бир нече фактор аркылуу түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бир нерсе айтуудан мурда ушул жагдайды эске алуубуз керек. Бирок менимче, АКШ көптөр күткөндөй терең эмес жана кыска рецессияны баштан кечирди деген сезим чындык. Биз баарыбыз Европага караганда, рецессия АКШда терең болот деп күткөнбүз. Ал эми азыркы сценарий боюнча АКШ анча терең эмес рецессиядан чыгып жатат. Балким Европа да чыгууда, бирок ыргагы кыйла жай. Рецессиянын соккусу болсо, Европанын бир катар өлкөлөрүнө оор көйгөйлөрдү тартуулады.