Шайлоочуну араң козголткон Европарламент

Брюссель. Европа парламентинин имараты.

Европа парламентине болгон шайлоого шайлоочулардын теңи да катышкан жок. Пассивдүү маанайда өткөн бул шайлоодо Германияда канцлер Ангела Меркелдин, Францияда президент Николя Саркози, Италияда премьер-министр Силвио Берлусконинин партиялары жеңгени айтылууда.
Европа парламентине уюмга мүчө 27 өлкөнүн шайлоочулары өлкө парламентиндей маани беришпегенин саясый өнөктүккө элдин суюк катышканы күбөлөп турат. Анын себебин шайлоочулар өздөрү жана серепчилер кандай түшүндүрүшөт? Суроого жоопту “Азаттык” радиосунун башкеңсеси жайгашкан Прагадан издесек. Өкмөттүк “Cesky Roshlas 6” радиосунун жетектөөчү редактору Даниел Раустун пикирин угалы:

Чехияда эл Европарламент үчүн шайлоого пассивдүү катышты. Бирок, Социал-демократтык партиянын төрагасы Йиржи Парубекти жумуртка менен урууда каршылаш партиялардын жактоочулары ашыкча активдүү болушту.
- Эл Европарламентке шайлоого көп кызыкпады. Алар Брюссел бизден өтө эле алыс деп санашкандыктан, анда эмне болуп жатканы менен иштери жок. Болбосо, демейде чехтер муниципалдык шайлоого өтө жакшы катышат. Бирок парламенттик шайлоого анча активдүү барышпайт. Европарламентке өздөрүн биз европалыктарбыз, ошон үчүн Евробиримдиктин алкагындагы саясый жараяндарга жоопкерчилик менен мамиле жасоого милдеттүүбүз деген адамдар добуш беришти.

Чехияда Европа парламентине депутаттарды шайлоо жума-ишемби күндөрү болуп, ага 32 партиядан талапкерлер коюлду. Он миллион калктуу Чехияга 736 орундуу Европарламентте 22 мандатка ээ.
"Европарламент Германия үчүн өтө маанилүү экени жөнүндө кризиске чейин эч ким ойлогон эмес."
Асель Темиралиева-Майер.


Даниел Раус - добуш берүүдөн кийинки экзит-полго же сурамжылоого караганда, беш проценттик чектен өткөн төрт партиянын бири - Христиан-демократтар партиясы үчүн добуш берген. Европарламенттин мандатын шайлоочулардын беш процентинен көбүнүн добушун алган партиялардан өкүлдөрү алышат. Анын себебин Раус мындай дейт:

- Мен Европа өлкөлөрүнүн жакын кызматташуусун жана бекем биримдикте болуусун жактаган Христиан-демократтык партия үчүн добуш бердим. Бирок ХДПда кайсы саясатчылар бар экенин билбейм. Анткен менен, ХДП - реалдуу саясат жүргүзөт, биздин кызыкчылыгыбызды туура чагылдырат деп ишенем.

Германиядан Европарламенттеги 99 орун үчүн 32 партиядан 1200гө жакын талапкер ат салышты. Теги кыргызстандык немец жараны Асель Темиралиева-Майер 42 процент шайлоочудай эле добуш бербей калганына өкүнүп, Эркин демократтык партияны колдорун айтат:

- Шайлоону жадыбыздан чыгарып коюп, барбай калганыбызга өкүнүчтөмүн. Эркин демократтык партиядан Европарламентке жаш, өтө акылдуу илимпоз аял-доктор Сильвия Кауфман шайланган. Европарламент Германия үчүн өтө маанилүү экени жөнүндө кризиске чейин эч ким ойлогон эмес. Европа парламенти кабыл алган саясый чечимдердин Германияга тийгизген таасири жөнүндө адамдарга көбүрөөк түшүндүрүү керек. Болбосо, көпчүлүк Брюссел алыс, Европарламентте кабыл алынган мыйзамдардын биздин өлкөгө тиешеси аз деп ойлошот.

Аселдин күйөөсү Берлиндик ишкер Норберт Майер шайлоочулардын Европа парламентине болгон көңүл кош мамилесин - алардын Брюсселде кабыл алган чечимдердин күнүмдүк турмуштарына көп деле таасир этпейт деп ойлошкону менен түшүндүрөт. Ал эми Эркин демократтарды үй-бүлөсү менен колдоо себеби жөнүндө Майер буларды айтты:

- Эркин демократтар партиясы мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн азайтып, экономикалык эркиндикти кеңейтүүнү каалашат. Азыр Германия түгүл башка өлкөлөрдө да мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү күчөдү. Кризистик шартта бул зарыл деңизчи. Бирок өкмөт өз чегинен чыгып, экономикага ашыкча кийлигишүүдө жана ансыз да кудуретсиз жарыяланчу, же жабылчу ишканаларга жардамдашууда.

Италияда премьер-министр Силвио Берлускони жакында эле 18 жаштагы фотомоделдин туулган күнүнө барып, чоң чатакка кабылганы менен, ал жетектеген коалиция жеңишке жетти. Берлусконинин жеңишинин сырын италиялык талдоочу Жованни Бенси мындайча түшүндүрүп берди:

Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони.
- Берлускони көп тараптуу инсан. Бир жагынан ага байланыштуу чатактар эл ичинде нааразылык туудурууда. Берлускони өзүн элге чечкиндүү, иш билги, көп сүйлөбөгөн саясатчы кылып көрсөтө алды. Неаполдун көчөлөрүндө бир нече жыл таштандылар тоодой болуп үйүлүп кеткен болчу. Берлускони өтө шамдагай аракеттенип, эки жумада шаарды таштандыларды тазалап салды. Муну көпчүлүк эл көрдү. Анан да Берлусконинин партиясы Европа парламентине шайлоого оңчул Түндүк Лигасы менен чогуу чыкканын унутпообуз керек. Түндүк Лигасы италиялыктарды катуу чочулатып, тынчын алган мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу үчүн ураан чакырып чыккан. Бул адеп-ахлактык жактан сындоого алыныш керек болсо да , албетте, көпчүлүк италиялыктарга жагат.

“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Аато Лобякас Европарламентке депутаттарды шайлоого элдин суюк катышуусун, Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн саясатчылары менен жарандарында жалпы европалык аң-сезим калыптанбаганына байланыштуу дейт. Ошондой эле, Лобякастын айтышынча:

- Европарламент түз шайланчу уникалдуу институт. Бирок бийлиги өтө аз. Ички рынок, керектөөчүлөрдүн проблемасы, соода, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелерде Европарламент кабыл алган мыйзам иштейт. Бирок тышкы саясат, бюджет, салык жана миграция - булар улуттук өкмөттөр чечип жүргөн маселе.

Брюсселдин TNS агенттиги жүргүзгөн изилдөөгө караганда, 4-7-июнь күндөрү болгон шайлоого 388 миллион шайлоочунун 43 проценти гана катышкан. Бул шайлоого 2004-жылдагыдан эки процент эл аз катышты дегенди билдирет.