Умед Бабаханов: Тажикстанда сөз эркиндигинин абалы начарлоодо

Тажикстандагы “Азия плюс” медиа агенттигинин генералдык директору Умед Бабаханов Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы туурасында “Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берди.
У. Бабаханов: - Сөз эркиндиги Борбор Азияда белгилүү бир мезгилге чейин аябай дүркүрөп өскөн. Албетте өзгөчө бир авангарддык мүнөздө. Бул өсүш алгач Казакстанда анан Кыргызстанда, жарандык согуштун кесепетинен бир аз кечигүү менен Тажикстанда да өсүү болгон. Акыркы жылдарды алсак сөз эркиндиги, деги эле медиа чөйрөдөгү көз карандылык кайра тескери нукка бурулганы байкалат. Айрыкча бул жараян Орусияда көз көрүнө жүрүп жатат. Учурда ал жакта бир да көз карандысыз, мындайча айтканда алтернативдүү сүйлөгөн, көрсөткөн телеканалдар калган эмес. Орусиядагыдай эле көрүнүштөрдү Казакстанда, Кыргызстанда да байкаса болот. Көп учурда бул аракеттер орой түрдө, мисалга алганда кылмыш иштерин козгоо, тигил же бул финансылык топтордун сатып алуусу менен коштолуп келет.

"Азаттык": - Айтсаңыз, Тажикстанда учурда бул жааттагы абал кандай? Сиздердин агенттик да көз карандысыз эмеспи...

У. Бабаханов:- Тажикстанда да иштөө оңойго турбай калды. Мисалы бийликке сын тагылган макала өкмөт тарабынан дароо эле чочулоо, же жок эле дегенде мамлекеттик түзүлүштү бузуу аракети катары кабыл алынат. Бир сөз менен айтканда иштеш кыйын, бирок ошол эле учурда иштөө зарыл.
Бизде аткаруу бийлиги кыйла күчтүү, салмактуу. Ошол эле учурда парламент, сот бийлиги кыйла бечел. Бул жагдайда ММК тең салмак жаратуучу жана альтернативдүү көз карашты көрсөтө алган жалгыз тарап бойдон калууда жана калып жатат. Аткаруу бийлиги да катачылыктарды кетирген учурлар болот да. Эгер парламенттин оозу байлануу болсо, кимдир бирөө туура эмес кадамдарды айтуусу керек деп ойлойм. Ошон үчүн ММКнын коомдогу ролу актуалдуу бойдон калууда.

"Азаттык": - Башында финансылык күчтөр деп кетпедиңизби. Сиздин агенттик да учурда чоң бизнес борборго айланганы талашсыз. Оңго же солго тайып кетүү болбойбу?

У. Бабаханов:- Ооба, иштөө кыйын. Анан да бизнес аралашканда ого бетер абал кыйындай баштайт экен. Биринчиден, өкмөт көз карандысыз медиа топтун болуусун түшүнүш керек. Ошол эле учурда колдоо да зарыл нерсе. Жок эле дегенде коомдо бир канча медиа аянтчалар болуусу зарыл. Алардын бир тобу оң тараптын байрагын көтөрүшсө, бир канчасы сол жактын сөзүн сүйлөп туруусу шарт. Жыйынтыгында коом үчүн тандоо болот. Жок дегенде элдер бир аз чынчыл маалыматты бул тараптан, бир азын тигил жээктен алып, өзүнүн пикирин түзүүгө өбөлгө жаралат. Жалпысынан айтканда абал оор бойдон калууда. Тилекке каршы акыркы жылдардын тенденциясы, менин пикиримче, сөз эркиндигинин абалы начарлап жатканын көрсөтүп жатат.