Өзбекстан кечээ Борбор Азия Бириккен энергетика системасынан чыкты. Ташкен бийликтери бул кадамды таза экономикалык жүйөөлөр менен түшүндүрүштү, ал эми коңшулаш Тажикстан муну менен Өзбекстан саясий кысым көрсөтүп жатат деп сынга алды.
Ташкен өкмөтү региондогу бириккен энергосистемадан чыкканы жатканын өзбек элчиси Шокасым Шоисламов 23-ноябрда Тажикстандын борборунда атайын чакырган маалымат жыйынында эскерткен эле. БЭСти ал "эскирген жана ишенимсиз" түйүн катары сыпаттап, аны өлкөлөрдүн ортосундагы араздын булагы болуп калды деп көрсөткөн болчу.
Элчинин бул сөздөрүн мамлекеттик "Өзбекэнерго" компаниясынын жогорку даражалуу өкүлү Эссо Садуллаев толугу менен кайталап,1-декабрдан тартып Бириккен системадан Өзбекстан чыкканын тастыктады. Мунун алдында Гузар-Сурхан тутумундагы электр линиясы тартылып бүтүп, ишке берилди. Ошол эле күнү Сурхандарыя областына Тажикстандан тартылган линияны кесип ташташты, ушуну менен Өзбекстандын бүткүл электр системасы бириктирилди.
Тажикстан эми көп жагынан Түркмөнстандан алынып жаткан электр тогуна көз каранды болуп калды. Ал да Өзбекстан аркылуу өтөт.
Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хусрав Гоибов өзбектердин Бириккен системадан чыкканын сынга алып, муну Ташкендин коңшуларга кысым жасоону көздөгөн "саясий кадамы" деп баалады.
Кыш-күрөө келип, электр тогунан өзгөчө кынжыла баштаган тажиктер өзбек бийликтеринин чечимин айталап жасалган иштей кабыл алышты.
Кыргызстандын түштүктөгү областтары да электр тогун Өзбекстан аркылуу алат.
Ырасмий Ташкен көп жылдардан бери Кыргызстанга, Тажикстанга жана Казакстандын түштүк областтарына алдын-ала эскертпей туруп эле маал-маалы менен газ бербей коюп жүрөт. Ал эми акыркы кездери кыргыздар менен тажиктердин кошумча ГЭС куруу пландарына өзбек бийликтери ачыктан ачык каршы чыга баштады. Ташкен жаңы ГЭСтердин курулушу аймактын экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет, жайкы сугат маалында Өзбекстанды суусуз калтырат деп эсептейт. Кыргызстан менен Тажикстан болсо жаңы гидроэлектр станциялардын аркасында өздөрүнүн энергетика чөйрөсүндөгү көз карандысыздыгын чыңдоону көздөшөт.
Өзбекстандын чечимине Кыргызстан өз мамилесин билдирген жок.
Буга чейин Борбор Азиядагы Бириккен энергетика системасынан 2003-жылы Түркмөнстан чыгып кеткен эле.