Х. Карзайдын кол башчылар менен коюндашуусу көп суроолорду жаратууда

Быйыл августта кайра шайлануу үчүн Карзай жанында турган Фахим сыяктуу колбашчыларга да таянууда.

Ооганстанда коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары азыркы президент Хамид Карзай 20-августтагы шайлоодо ага атаандаш болуучулардан алдыда экенин көргөзүүдө. Анын шайлоону утурлаган саясий жүрүштөрүнүн бири аймактык таасири бар колбашчылар менен биригип жатканы болду. Мындай кадам анын кайра шайлануусуна жардам берүүсү мүмкүн. Бирок бийликтин тазалыгына, жоопкерчилигине, мыйзам үстөмдүгүнө келгенде бир катар суроолорду жаратууда.
Хамид Карзайдын кеңсеси кечээ жакында эле Ооганстандын түндүгүнөн чыккан өзбек колбашчысы, генерал Абдул Рашид Достум мекенине качан кааласа кайта аларын билдирди. Былтыр саясий атаандаштарын кыйнаганы, уурдаганы үчүн айыпталган Достум, маалыматтарга караганда, Түркияда өз эрки менен сүргүндө жашайт, Достум менен катар анын согушкерлери да аскерий кылмыштары, анын ичинде колго түшкөн жүздөгөн талибдерди жүк ташуучу контейнерлерге салып, тумчуктурганы үчүн айыпталган.

Достум менен бирге дагы бир колбашчы Мохаммад Мохакик Карзайдын кайра шайлануусун колдой турганын ачык жарыялап чыгышты. Маалыматтарга караганда, аларга болочоктогу өкмөттөн кандайдыр бир кызматтар да сунуш кылынган. Бул мунаса Карзайдын шайлоо алдында Ооганстандын ар кайсы аймактарынын оң эмес, тетири жагынан атагы чыккан төбөлдөрү менен кол алышууларынын акыркыларынын бири окшойт.

Мындан мурдараак май айында Карзай өзү менен бирге шайлоого катышуучу жана вице-президент болуучу өнөгү катары улуту боюнча тажик Мохаммед Касим Фахим Ханды тандап алган эле. Анын бул тандоосу кескин сынга алынып, Ооганстандагы демократия жана адам укуктарын кедеринен кетирүүчү көрүнүш катары бааланган. Мунун себеби Фахим можахеддердин мурдагы кол башчысы катары мыкаачылыгы менен белгилүү экендигинде.

Испаниялык дипломат Франциск Вендрел Ооганстанда БУУнун жана Евробиримдиктин өкүлү катары сегиз жыл иштеген. Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Карзайдын колбашчылар менен биригүүсү өкүнүчтүү, бирок ал өзүн колдоочу чоң коалиция түзүү менен чебер саясатчы экенин көргөздү:

- Ооганстанда тилекке каршы саясий партия жок, реформачыл саясий партия да жок. Менимче бул үчүн кандайдыр бир деңгээлде Батыш дагы жоопкер. Ал колбашчыбы же жокпу - колдоочуларын бириктирүүдө абдан чебер экенин көргөздү. Мен жеке өзүм орун басарлыгына Фахимди тандаганына өкүнөм, бирок ал абдан акылдуулук кылды.

Колбашчылардын көйгөйү Ооганстан үчүн бүгүн эле чыга калган жок. Карзай бул көйгөйдү Улуттар уюму ортомчулук кылган Бонн келишиминен мурастап калган. 2001-жылы ал келишимдин натыйжасында Карзай Ооганстандын Талибандын кийинки алгачкы утурумдук өкмөтүн жетектеп, талибдерге каршы согушуп, күчтөрү иш жүзүндө Кабулду көзөмөлдөп турган колбашчыларга да өкмөттөн кызмат орундары тийген.

Августтагы шайлоо талаштуу жана татаал болорун өткөн айда Карзай өзү да моюнга алган. Бирок Мохаммед Касим Фахим Хан сыяктуу адамдар менен альянс түзүүсүн улуттук жарашууну карай маанилүү кадам катары мүнөздөдү:

- Биз оор учурларда таяна ала турган адамга муктажбыз. Президент үчүн бул өзгөчө маанилүү. Фахим Хан мына ушуну камсыз кыла алат. Ал - АКШнын Ооганстандагы аскерлери менен ийиндеше иштеп, террорго каршы согушка эбегейсиз салым кошкон адамдардын бири. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Андыктан стабилдүүлүк, ыргакты бузбоо, өлкөнү татал учурлардан алып чыгуу үчүн биз ага таянууну чечтик. Бул биз үчүн, Америка үчүн да жакшы.

Бирок оогандардын көбү Карзайдын колбашчылар менен өнөктөштүгүн акыр аягында пайдасынан зыяны көп саясий тактика катары карашат. Маселен кабулдук ишкер Хан Ян Алекозайдын айтымында, мурдагы карасанатай иштери үчүн жооп бергендин ордуна колбашчылар АКШ баштаган коалиция менен аскерий жана саясий байланыштарын пайдаланып, кылмыштуу бизнесин жазасыз улантууда:

- Бул адамдар мурдагы адаттарынан арыла элек. Сакалдарын алып, костюм кийип калышканы менен алардын менталитети эч качан өзгөрбөйт. Алар талап тоноону, уурдоону, алдоону улантууда. Азыр алар өкмөттү, гуманитардык долбоорлорду, ири бизнес контрактарын көзөмөлдөөдө, дегеле Ооганстандын байлыгы ушул адамдардын колунда. Алар соодагерлерди. инвесторлорду уурдашууда, анткени уурдагандарга калканч болуп жатышат. Мунун баары чет элдик державалар байкоо салып турган учурда орун алууда.

Ишкер Алекозай кошумчалагандай, оогандардын таза бийлик болот, адам укугу урматталат, мыйзам үстөмдүгү орнойт деген үмүттөрү колбашчылар жазыксыз калып жаткан кезде акталбайт.