Сириянын Дараа шаары ок жамгыры астында

Сириянын түштүгүндөгү Дараа шаарында пулемоттун жана артиллериялык куралдардын үнү жаңырып жатканын жергиликтүү элге шилтеп Батыш маалымат булактары кабарлашты.

Дараадагы өкмөткө каршы чыгууларды басуу үчүн кечээ (дүйшөмбү) күнү шаарга танктар коштогон аскерлер киргизилген болчу. "Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюмунун билдиришинче, 25-апрелде Дараада 23 киши набыт болгон. Оппозиция өлкө боюнча саясый реформаны талап кылган демонстранттарды колдогон жүздөгөн адамдар камакка алынганын маалымдады.

Вашингтон буга байланыштуу Сирияга каршы жаңы санкция киргизээрин билдирди. Дамаск согушчул топторду колдойт деп, АКШ 2004-жылы Сирияга каршы алгачкы жолу чектөө киргизген.

Ак Үй ошондой эле Дамаскидеги элчилигинин анча маанилүү эмес кызматкерлерин жана дипломаттардын бала-чакаларын Сириядан чыгып кетүүгө чакырды.

БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун да Сириянын түштүгүндөгү Дараа шаарындагы кандуу булоонду көзкарандысыз иликтөөгө чакырган.