Украинада бүгүн Чернобыл кырсыгынын 25 жылдыгын белгиленет

1986-жылдын 26-апрелинде дүйнөдөгү эң ири ядролук кырсык деп саналган жарылуудан Европанын көп бөлүгү радиоактивдүү булганууга дуушар болгон. Украинада, Беларуста жана Батыш Орусияда жүз миңдеген киши үйүн таштап кеткен. Курмандыктарды эскерүүгө Украинанын президенти Виктор Янукович жана Орусиянын православ чиркөөсүнүн патриархы Кирил катышат. Бул кырсыктын кесепетин жоюга Кыргызстандан миңдеген киши катышкан. Ликвидаторлордун арасында оору, өлүм көп кездешет. Өткөн аптадагы эл аралык донорлор конференциясында радиация коркунучун алдын алуучу чараларга 800 миллион долларга чукул каражат убада кылынды.